Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Беларус: Tut.by редактору Минск шаарында кармалды


Нааразылык жыйын өтүшү күтүлгөн Бангалор аянтына жакын жерде көчөгө бөгөт коюп токтотулган коопсуздук күчтөрүнүн унаалары. Минск. 2021-жылдын 27-марты.
Нааразылык жыйын өтүшү күтүлгөн Бангалор аянтына жакын жерде көчөгө бөгөт коюп токтотулган коопсуздук күчтөрүнүн унаалары. Минск. 2021-жылдын 27-марты.

2020-жылдын августундагы жыйынтыгы одоно бурмаланган президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун жеңиши жөнүндө жарыялангандан кийин Беларуста нааразылык иш-чаралары улантылууда. Ишембиде, 27-мартта да нааразылык жыйынга чыгуу аракеттери жасалды, расмий бийликтер четке каккан ак-кызыл-ак түстөгү желектер айрым жерлерде желим шарларга байлап көккө учурулду жана көчө четинде да көтөрүп чыгышты.

Тасма. Минск шаарынын жанындагы канжолдун боюнда көккө оппозиция колдогон желектер учурулгандыгын Tut.by басылмасынын “Твиттердеги” барагы шардана кылды. 27.3.2021.

Tut.by интернет басылмасынын редактору Анна Калтыгина 27-мартта Минск шаарында коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалды. Бул тууралуу басылманын жамааты жана “Mediazona” интернет басылмасы билдирди.


Калайык жыйынын болтурбоо максатында Минск шаарынын борборуна аскердик унаалар, полициянын жабык унаалары ар башка тараптардан жөнөтүлүп жаткандыгы 27-мартта интернеттин коомдук тармактарында видео тасма жана сүрөттөр аркылуу чагылдырылды.

Оппозициянын кызматтан кетүү талабын Александр Лукашенко четке кагып келет. Былтыр августтан бери өлкөдө миңдеген кишилер нааразылык чараларына катышкандыгы үчүн кармалышты.

Беларустагы адам укуктарынын одоно бузулушуна байланыштуу Батыш өлкөлөрү расмий Минскке чектөөлөр киргизген.

(Кабар толукталат).

XS
SM
MD
LG