Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Камчыбек Ташиев: элге чек ара тууралуу так маалымат жетпей жатат


Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмеси. 9-апрель, 2021
Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмеси. 9-апрель, 2021

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин төрагалыгында 9-апрелде чек ара маселесине арналган өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өттү. Анда 25-мартта кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын Ташкент шаарында кол коюлган протоколу талкууга алынды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, Ташиев жыйында «Бардык чечимдер мамлекеттин, чектеш аймактарда жашаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда жана мындан ары карай да кабыл алына» турганын билдирген.

«Мен, өкмөттүк делегациянын башчысы катары, өзүмө чоң жоопкерчиликти алдым жана убакыт бардыгын өз ордуна коюп, кезинде бул тарыхый чечим болгондугун айтышат».

Мындан тышкары Ташиев “жер-жерлердеги элге так маалымат жетпей жатканын” белгилеген: «Маалымат калкка толук жеткирилгенде гана кабыл алынган чечимдердин акыйкаттыгына шек жаралбайт».

24-25-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, жыйынтыгында протокол кабыл алынган.

Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Анда «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шахрихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганы белгиленген. Сапардан кийин, 26-мартта Ташиев маалымат жыйын куруп, кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдар "тарыхый мааниге ээ" деп сыпаттаган. Ошол эле кезде коомдун бир бөлүгү кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын сындап чыгышкан. Айрыкча, «Кемпир-Абад суу сактагычы» боюнча чечим чоң талкуу жараткан.

XS
SM
MD
LG