Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Чек ара: Сайлыктар жергиликтүү элдин пикирин эске алууну суранышты


Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев Сай айылынын тургундары менен жолугушууда. 2021-жылдын 6-апрели.
Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев Сай айылынын тургундары менен жолугушууда. 2021-жылдын 6-апрели.

Баткен районундагы Сай айылынын жашоочулары чек ара маселесин чечүүдө жергиликтүүлөрдүн пикирин эске алууну жана бул аймакты жакшы билгендерди өкмөттүк комиссиясына кошууну суранышты. Мындай өтүнүчтү жергиликтүүлөр 6-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен жолугушууда айтышты.

Облус башчысынын басма сөз кызматы анда кыргыз өкмөтүнүн Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү Алишер Эргешов чек араны тактоого байланыштуу акыркы маалыматтар менен бөлүшкөнүн кабарлады.

Өзбекстандын Сох анклавына чектеш Сай айылында эки миңден ашык киши жашайт.

Бул коңшу районду 80 миңдей киши байырлайт. Өткөн айда Ташкентте чек арага байланыштуу эки тараптуу жолугушуулар өткөн. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев анын натыйжасында кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG