Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Бөлтүрүков: "Центерраны" сотко берүү керек


Кыргыз өкмөтү сунуштаган Кумтөр келишиминин долбоору боюнча Казакстандагы Сырымбет алтын кенин иштеткен “Ланкастер групп” компаниясынын аткаруучу директору Теңизбек Бөлтүрүков "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Теңиз мырза, сиз өзүңүз Кумтөр маселеси боюнча пикир билдирип, президентке чейин кайрылып жүрөсүз. Учурда Кумтөр боюнча өкмөт сунуштаган жаңы долбоорго кандай баа бересиз?

Бөлтүрүков: Бул орой айтканда баягы эски окуянын кайра кайталанышы. Жаңы долбоор деген менен андан кыргызга пайда деле жок. Көзөмөл баягыдай эле канадалыктардын колунда калат. Андай болбошу үчүн Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кыргыз жараны болушу керек. “Центерра” жоюлуп, анын ордуна биргелешкен жаңы компания түзүлүүсү шарт. Финансылык көзөмөлдү колго алмайын баары эле баягы бойдон калат.

“Азаттык”: Өкмөт “Центерра” менен сүйлөшүүдө жыйынтыкка жете албай койдук деп айтып жатат...

Бөлтүрүков: Убакытты жоюу менен жыйынтыкка жетүү кыйын. Кыргыз өкмөтүнүн кыргыз жарандарын коргоп, иштегени көрүнбөй жатат. Эптеп канадалык компаниянын койгон шарттарына эле макул болуп жаткандай элес калтырууда. Башка олуттуу өзгөрүштөр жок.

“Азаттык”: Биздин эл аралык сотто утканга мүмкүнчүлүгүбүз жок деп өкмөт жүйө келтирип жатат. Чындыгында эле ошондой коркунуч жаралбайбы? Эл аралык сотто иш биздин пайдабызга чечилбей калсачы?

Бөлтүрүков: Өкмөт ММК аркылуу жалган маалыматты таркатып, элди коркутуп жатат. Адистер жок болсо, карапайым адамды коркутуу жеңил. Мурда кенди колго алсак, ким башкарат деп актанышчу. Азыр эл аралык сотту бетке кармап жатышат. Бул жалган. Кандай келишим болбосун Кыргызстандын мыйзамы бузулбашы керек. Компания бир катар мыйзамдарды бузган. Муну эки жолу түзүлгөн өкмөттүк жана парламенттик комиссия далилдеген. Андан башка кандай далил керек? Ошого таянып эле компанияны сотко бериш керек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG