Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Кумтөр: Макулдашуу же Эл аралык арбитраж

Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Кыргызстан Кумтөр кени боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүү сунушуна канадалык “Центерра Голд” компаниясынын жообун күтүүдө. Тараза ташында турган маселе – экологиялык зыян жана салык өлчөмдөрү. Дүйнөдө өзгөчө экология маселеси боюнча жергиликтүү эл же өкмөттөр кен казган компаниялар менен чырлашкан окуялар ондоп саналат.

Дүйнөдө алтындын жана башка баалуу металлдардын баасынын кымбатташы акыркы жылдары кен чалгындоо жана казуу тармагына инвестициянын көбөйүшүн шарттады. Кумтөрдү казып жаткан “Центерра Голд” компаниясы жайгашкан Канаданын кен ишканалары соңку он жылдыкта ар кайсы өлкөлөрдө иштерин кеңейтиптир.

Торонтодогу Йорк университетинин Латын Американы изилдөө борборунун баяндамасы боюнча 2009-жылдын аягында канадалык кен компаниялардын тыштагы инвестициясы 56 миллиард долларга жеткен. 2009, 2010-жылдары өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жергиликтүү жамааттар менен кен компаниялардын ортосунда чыккан 171 чыр-чатактын үчтөн бир бөлүгү канадалык компанияларга тийиштүү.

Перу: Кен да көп, чыр да көп

Кен казууга салынган инвестиция акыркы жылдары абдан тез өсүп бара жаткан өлкөлөрдүн бири – Латын Америкадагы Перу мамлекети. Дүйнөнүн номер биринчи күмүш өндүрүүчүсү. Жез өндүрүү жагынан экинчи, коргошун өндүрүү жагынан төртүнчү, алтын өндүрүү жагынан дүйнөдө алтынчы орунда турат.

Кен өндүрүшү өлкөнүн экспорттон түшүүчү кирешелеринин 60% берет. Эл аралык акча өлкөгө агылып, Перунун экономика институтунун эсебинде, кен тармагына салынган инвестиция жылына 35% өсүп, былтыр инвестициянын жылдык көлөмү 10 миллиард долларга жетиптир.

Перу өкмөтүнүн эсебине караганда, акыркы беш жылда социалдык чыр-чатактардын саны 300% өскөн. Кен казуу тармагында эле кеминде 150 талаш-тартыш катталган.

Эл аралык коммерциялык эмес уюм – Revenue Watch институтунун Латын Америка боюнча координатору Карлос Монге Перунун кен казган компаниялар менен иштешүү тажрыйбасы, инвесторлор менен талаштары кантип жана кандай жөнгө салынып жатканы тууралуу айтып берди:

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:50 0:00
Түз линк

Перудагы чыр-чатактардын картасы: кызыл - 10дон көп, сары - 6-10, жашыл - 5ке чейин. (www.revenuewatch.org)
Перудагы чыр-чатактардын картасы: кызыл - 10дон көп, сары - 6-10, жашыл - 5ке чейин. (www.revenuewatch.org)


Монголия: Мыйзам катуу, салык көп, көмүскө соода кеңири

“Центерра Голд” компаниясы 2004-жылдан тарта Монголияда Бороо кенин иштете баштаган. 2007-жылы монгол өкмөтү "Центерра Голдун" лицензиясын 3 ай токтотуп, келишимди кайра макулдашкан. Ага чейин салыктан бошотулган компания жалпы кирешеден 25% салык төлөөгө макул болгон. Учурда "Центерра Голд" Гацуурт алтын кенин иштетүүгө лицензия күтүп жатат, монгол өкмөтү болсо жаңы талаптарды коюуда.

Монголиянын Улуттук кенчилер ассоциациясынын аткаруучу директору Намгар Алгаа “Азаттыкка” Монголиянын кен казуу тармагындагы кызыктуу жагдайларга токтолду:

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:29 0:00
Түз линк

Монголиядагы кен казуунун картасы (Монгол Улуттук статистика кызматы түзгөн)
Монголиядагы кен казуунун картасы (Монгол Улуттук статистика кызматы түзгөн)


Дүйнөдө кен чыккан жерлерде Кумтөрдөгүдөй талар-тартыштар ондоп саналат. Учурда 2009-жылкы келишимди кайра түзүүнү сунуш кылган мамлекеттик комиссиянын тыянагы “Центерранын” жетекчилигине берилип, өкмөт Торонтодон жооп күтүүдө.

Бул ирет күн тартибине чыккан маселе "Центерра" менен салык режими жана экологиялык зыяндын чыгымдары боюнча жаңы шарттарды кабыл алууну сүйлөшүү.

Эки ортодогу маселелерди конструктивдүү диалог жолу менен чечүүгө даярдыгын "Центерра" да билдирди. Бирок азыркы келишимдин талаштуу жактары боюнча эл аралык арбитражга дагы кайрылуусу мүмкүндүгүн эскертти.

Кыргызстандын позициясы канчалык бекем?

Казакстандагы Сырымбет алтын кенин иштеткен “Ланкастер групп” компаниясынын аткаруучу директору Теңизбек Бөлтүрүков эл аралык арбитраждан жана башка тобокелдиктен чочубаш керектигин айтат.

-Кандай гана эл аралык комиссия болбосун, кендеги экологиялык нормалардын бузулганын көрөт. Бул Кыргыз Республикасы, өз мыйзамдары үстөмдүк кылуусу керек. Эгер Кыргызстан “Центерра” менен келишимди токтотом десе – туура чечим болот. Мындан чочуп кереги жок. Маселен, Өзбекстан чет элдик компаниялардан эки кенин кайра алды. Ооба, чыр-чатак болду. Бирок андан иш токтоп калган жок, тоо-кен өнөр жайы иштеп жатат. Өзбекстанда мыйзамдар сакталууда, ал эми инвестициянын саны боюнча Кыргызстандан алда канча алдыда турат. Өзбекстанга чоң-чоң компаниялар инвестиция салууда. Каримовдун кандай президент экенин баарыбыз билебиз. Бирок ал өлкөдө мыйзамдар катуу сакталууда. Саясий тобокелдик Кыргызстанга караганда курч. Саясий кырдаалга карабаш керек, эң башкысы мыйзамдар иштесин. Тилекке каршы, Кыргызстанда саясий тобокелдик гана эмес, мыйзамдар иштебейт.

10 жыл Канадада жашап, Батыштын кен иштеткен компанияларында эмгектенген Теңизбек Бөлтүрүков өзүнүн жогорудагы пикирин мамлекеттик комиссиянын тыянагындагы айрым фактылар менен да бекемдейт:

- 2012-жылдын экинчи кварталынын аягында кенден чыккан калдыктардын көлөмү 60 млн. м3 болуптур. Калдыктар көмүлгөн жайга төгүлгөн заттар 93 млн. м3 чейин көбөйгөндө, дамбанын туруктуулугуна таасир этип, коркунуч туудурат – деп өкмөттүк комиссиянын отчетунда жазылып турат. Кумтөрдү иликтеген комиссиянын мүчөлөрү айткандай, кенде калдыктар сакталчу жайды куруудан мурун ошол жерге геотехникалык анализ жүргүзүлүүсү керек болчу. Жер кыртышынын туруктуулугун, жер алдындагы суунун деңгээлин изилдеп туруп, анан калдыктар үчүн дамба курулат. Калдыктарды сактаган жай, андагы дамба – гидротехникалык жактан кооптуу деп саналаган объекттерге кирет дагы, дайыма мониторингди талап кылат. Комиссиянын жыйынтыгында көрсөтүлгөндөй, Кумтөрдө калдык сактоочу жай геотехникалык иликтөө жүргүзүлбөстөн эле курулган. Демек бул жерде эл аралык экологиялык нормалар менен гидротехникалык курулуштарды салуудагы техникалык эрежелер өтө орой бузулган деп саналат.

Кумтөр: Cүйлөшүү же эл аралык арбитраж

Индира Сатаркулова эл аралык укук жана арбитраж боюнча эксперт. Кумтөрдү иликтеген депутаттык комиссияда укуктук маселелерди иликтеген. “Азаттыктагы" маегинде ал кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү “Центеррадан” кандай жооп келээрине көз каранды болоорун айтат:

- Адегенде “Центерра” кайсыл маселелер менен макул эмес жана кайсыл маселелер боюнча арбитраждык сотко кайрылууга ниеттенип жатканын билдирүүсү керек. Анткени 2009-жылкы келишимдин негизинде эле төрт маселе: 1) айлана-чөйрөнү коргоо, 2) өндүрүш коопсуздугу, 3) кенди пайдалануу, 4) кенди казуунун тартиби - укуктун тили менен айтканда “юридикалык иммунитетке” ээ. Бул жогорудагы маселелер кайсыл бир чет өлкөнүн арбитраждык сотунда каралууга жатпайт дегенди билдирет. Ушул маселелер боюнча биз канадалык компания кетирген мыйзам бузууларды таап, далилдей алсак, Кыргызстандын тийиштүү мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын, а түгүл Кылмыш кодексине чейин колдоно алабыз. Мындай учурда Эл аралык арбитраж чечим чыгарууга укугу бар өлкөнүн соттук актысын кайра карай албайт.

Индира Сатаркулова кокус “Центерра Голд” кыргыз тарап коюп жаткан жаңы шарттарга көнбөсө, кыргыз өкмөтүнүн андан аркы аракетинин ийгилиги укуктук кадамдарды канчалык туура жасаарына байланыштуу экендигин эскертет:

- Маселен азыр салык режимин өзгөртүүгө болбойт. Аны канадалык компания калып, ишин улантса гана “Салык мыйзамына” өзгөртүү киргизүү менен жасоого болот. Ал эки тараптуу келишимге өзгөртүү киргизилгенден кийин гана ишке ашат. Анткени келишимде компания үчүн киргизилген салык режимин өзгөртүү мүмкүн эмес деп ачык жана так жазылган. Аны аткарбоо келишимди бузгандык деп саналат. Келтирилген чыгымдын баары автоматтык түрдө кыргыз тараптын мойнуна жүктөлөт. Бул биринчиден. Экинчиден, экологиялык зыян үчүн төлөмдөр. Бул комплекстүү маселе болгондуктан, ага комплекстүү мамиле жасап, жергиликтүү эле эмес, эл аралык деңгээлдеги адистерди тартуу зарыл. Анткени экологиялык чыгымды эсептөөдө эл аралык формулаларды колдонууга мүмкүндүк берген бир катар документтер бар.

Алматыдагы “Ланкастер групп” компаниясынын аткаруучу директору Теңизбек Бөлтүрүков Кумтөрдө экологиялык коопсуздукту камсыздоо менен кенди сарамжалдуу пайдаланууга адистик кеңешин айтат:

- Кумтөрдүн запасы жетишерлик арбын. Алтындын баасы азыркыдай кармалып турса, Кумтөрдөгү алтындын запасы 2042-жылга эле эмес, андан дагы узакка жетет. Бирок алтындын баасы жогору турганда, кенди шахта кылып иштетүү керек. Мөңгүлөрдү, жаңы жер кыртышын бузууну токтотуу абзел. Шахта кылып, тереңдиктен казуу керек. Албетте, бул кымбатыраак болот. Ал эми азыр “Центерра” кендин каймагын калпып жатканы – батыштык компаниялардын кенди иштетүүгө салган акчасын батыраак иштеп-таап алуунун жолу. Мен өзүм Батыштын 12 чоң долбоорунда иштегем. Андай долбоорлордо эң башкысы ошол кенге кеткен чыгымдарды тезирээк актоо керек. Кен иштеткен компаниялар алгачкы 5-7 жылда эң бай жерлерди казып, кредиторлорго акчасын төлөп берүүнү көздөйт. Андан кийин туруктуу киреше табуу үчүн каза баштайт. Учурда алтындын баасы болушунча жогору болуп турганда, тереңдикте жаткан алтыны азыраак кенди иштетүү керек. Жердин алдынан кенди ташып чыгып иштеткенде, албетте анын баасы көтөрүлөт. Бирок мындай жол менен экологиялык көйгөйдү күчөтпөй, мөңгүлөрдү бузууну токтотууга болот.

Өңүт: Алтын казуудагы талаш-тартыш (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:50 0:00
Түз линк

Өңүт: Алтын казуудагы талаш-тартыш (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:40 0:00
Түз линк

Эгер Кумтөрдө салык режими өзгөртүлсө, экономика министри Темир Сариевдин айтымында, азыркыдан жылына 4,8 миллиард сом же 100 миллион сомдон ашуун көп төлөйт экен. Мамлекеттик комиссиянын тыянагы боюнча, экологиялык зыян үчүн буга чейин жылына бир төлөнүп келген сумма - 310 миң доллар да кайра каралуусу керек. Мындан сырткары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция буга чейинки экологиялык чыгымды 6,7 миллиард сом же 152 миллион доллар деп баалаган. Алдыда кыргыз өкмөтү менен “Центеррага” эсеп-кысапты ушул жаатта такташууга туура келет.

Биз билбеген Кумтөр

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Кумтөргө 452 миллион доллардык инвестиция сарпталган. Кумтөр кенине даңгыр жол салынып, 3500-4200 метр бийиктикте заманбап кен ишканасы курулган. 
1/16 Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Кумтөргө 452 миллион доллардык инвестиция сарпталган. Кумтөр кенине даңгыр жол салынып, 3500-4200 метр бийиктикте заманбап кен ишканасы курулган. 
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
«Цианид көлүндө» дамбаларды оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканы менен, капиталдык инвестициянын салынбагандыгы кандай кесепет алып келип жаткандыгын аныктоо кечиктирилгис иш. Сүрөттө: көлмөдөн чыккан суу желим пленка салынбаган жерге топтолуп турат.
2/16 «Цианид көлүндө» дамбаларды оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканы менен, капиталдык инвестициянын салынбагандыгы кандай кесепет алып келип жаткандыгын аныктоо кечиктирилгис иш. Сүрөттө: көлмөдөн чыккан суу желим пленка салынбаган жерге топтолуп турат.
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Кумтөрдө жумушчуларга орто эсеп менен 2 миң доллар маяна төлөнөт, майрам күндөрү иштесе, айлыгына 200%, дем алуу күндөрү иштесе 100% кошулат. Бийик тоо климатына байланыштуу жарым ай иштеп, жарым ай үйлөрүнө барып эс алышат. 
3/16 Кумтөрдө жумушчуларга орто эсеп менен 2 миң доллар маяна төлөнөт, майрам күндөрү иштесе, айлыгына 200%, дем алуу күндөрү иштесе 100% кошулат. Бийик тоо климатына байланыштуу жарым ай иштеп, жарым ай үйлөрүнө барып эс алышат. 
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Маркасы кайсы экени белгисиз бул машинанын ээси, азыр кайда экени беймаалым…
4/16 Маркасы кайсы экени белгисиз бул машинанын ээси, азыр кайда экени беймаалым…
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Кыргызстандагы эң узун жана Борбор Азиядагы башкы суу артерияларынын бири болгон Нарын дайрасы дал ушул Кумтөрдөгү Давыдов, Лысый, Петров (сүрөттө) өңдөнгөн миллиондогон жылдардан бери калыптанган мөңгүлөрдөн башталат.
5/16 Кыргызстандагы эң узун жана Борбор Азиядагы башкы суу артерияларынын бири болгон Нарын дайрасы дал ушул Кумтөрдөгү Давыдов, Лысый, Петров (сүрөттө) өңдөнгөн миллиондогон жылдардан бери калыптанган мөңгүлөрдөн башталат.
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Котормочусун тыңдап отурган Андрей Сазанов "Кумтөр Голд компанини" жетектейт. 
6/16 Котормочусун тыңдап отурган Андрей Сазанов "Кумтөр Голд компанини" жетектейт. 
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
"Центерра Голддун" президенти Ян Аткинсон (солдо) «Ишкана тазалоо иштерин Кыргызстандын мыйзамдары боюнча улантат» деп сөз берди.
7/16 "Центерра Голддун" президенти Ян Аткинсон (солдо) «Ишкана тазалоо иштерин Кыргызстандын мыйзамдары боюнча улантат» деп сөз берди.
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Жыйында ишкананын кемчиликтерин сөөмөй кезеп белгилешкени менен, анын соопчулук, маданият, жумушчулардын укугун камсыздоо жаатындагы башка кендерге үлгү боло турган иштери тууралуу бир ооз да сөз болгон жок.
8/16 Жыйында ишкананын кемчиликтерин сөөмөй кезеп белгилешкени менен, анын соопчулук, маданият, жумушчулардын укугун камсыздоо жаатындагы башка кендерге үлгү боло турган иштери тууралуу бир ооз да сөз болгон жок.
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Карьерге топтолгон сууну насостор менен анын сол тарабындагы аңга сордуруп чыгарышууда. Мындан тышкары мөңгүдөн ылдыйлап түшкөн кар машина менен четке ташылууда.
9/16 Карьерге топтолгон сууну насостор менен анын сол тарабындагы аңга сордуруп чыгарышууда. Мындан тышкары мөңгүдөн ылдыйлап түшкөн кар машина менен четке ташылууда.
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Алтындын цианид менен «жуулушун» адистер компьютерден көзөмөлдөп турушат. Кумтөрдө иштегендердин 70% кыргыз жарандары болсо дагы жогорку классификациядагы айлыгы көп иштерде алардын саны аз.
10/16 Алтындын цианид менен «жуулушун» адистер компьютерден көзөмөлдөп турушат. Кумтөрдө иштегендердин 70% кыргыз жарандары болсо дагы жогорку классификациядагы айлыгы көп иштерде алардын саны аз.
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Кумтөрдө казылган миллиондогон тонна алтын аралаш топуракты мына ушул машиналар ташыйт. Бирөөсү 3 миллион долларга чейинки баага сатылып алынган, бир көтөрөндө 200 тоннага чейинки топуракты көтөрөт.
11/16 Кумтөрдө казылган миллиондогон тонна алтын аралаш топуракты мына ушул машиналар ташыйт. Бирөөсү 3 миллион долларга чейинки баага сатылып алынган, бир көтөрөндө 200 тоннага чейинки топуракты көтөрөт.
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Шиналардан тышкары эски ванна, шифер, тешилген челек жана башка ар кыл таштандылардын көлөмүн аныктоо иши али алдыда
12/16 Шиналардан тышкары эски ванна, шифер, тешилген челек жана башка ар кыл таштандылардын көлөмүн аныктоо иши али алдыда
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Давыдов мөңгүсүнүн этегиндеги карьерге суу толо баштады. Айрым экологдор «казуу иштерин мөңгүгө мынча жакын жүргүзбөш керек болчу, эгер мөңгү бүт жылып кетсе, карьер сууга толуп, 400 тонна алтын түбөлүк суу астында калат» деп айтышууда.
13/16 Давыдов мөңгүсүнүн этегиндеги карьерге суу толо баштады. Айрым экологдор «казуу иштерин мөңгүгө мынча жакын жүргүзбөш керек болчу, эгер мөңгү бүт жылып кетсе, карьер сууга толуп, 400 тонна алтын түбөлүк суу астында калат» деп айтышууда.
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Кумтөрдүн ашканасында креветка өңдөнгөн деңиз азыктарынан тартып, жергиликтүү тамак-аштын ар түркүнүн табасыз.
14/16 Кумтөрдүн ашканасында креветка өңдөнгөн деңиз азыктарынан тартып, жергиликтүү тамак-аштын ар түркүнүн табасыз.
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Керексиз машиналар да туш келди жаткан жайды кыдырган Бабанов мында уулуу заттар өрттөлүп көмүлгөн деген маалымат бар экендигин, андай жерлер казылып, текшерилип, күнөөлүүлөр жазаланаарын айтты.
15/16 Керексиз машиналар да туш келди жаткан жайды кыдырган Бабанов мында уулуу заттар өрттөлүп көмүлгөн деген маалымат бар экендигин, андай жерлер казылып, текшерилип, күнөөлүүлөр жазаланаарын айтты.
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
«Цианид көлүнөн» чыккан суу бир нече көлмө аркылуу чыпкадан өктөрүлүп, акыркы баскычында мына ушул жердеги агрегаттар менен «техникалык сууга» айландырылат.
16/16 «Цианид көлүнөн» чыккан суу бир нече көлмө аркылуу чыпкадан өктөрүлүп, акыркы баскычында мына ушул жердеги агрегаттар менен «техникалык сууга» айландырылат.
6-июлда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ Кумтөрдө иш сапарда болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Кумтөргө "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан дагы барып, бул сүрөттөрдү тартып келди.
Артка
Алдыга
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG