Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Кумтөр: жаңы талаптар жаңырды


Кумтөр компаниясынын башчысы Майкл Фишер менен Кыргызстандын экономика министри, Кумтөрдөгү абалды иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев. 9-октябрь, 2012-жыл.
Кумтөр компаниясынын башчысы Майкл Фишер менен Кыргызстандын экономика министри, Кумтөрдөгү абалды иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев. 9-октябрь, 2012-жыл.

Мамлекеттик комиссия 2009-жылы түзүлгөн Кумтөр боюнча келишимди кайра карап, анын айрым пункттарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Эгер бул өзгөртүүлөргө “Центерра голд инк” компаниясы макул болбосо, анда келишимди бузуп, эл аралык арбитраждык сотко кайрылуу керектиги да айтылат. Кумтөр Кыргызстанда өндүрүштүн 30 пайызын түзөт. Өкмөт болсо Кумтөр ишин токтотсо, экономикалык каатчылык жараларын билдирип келатат.

Кептин баары келишимдеби?

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия 25-декабрдагы отурумунда өз ишин жыйынтыктап, өкмөткө бир катар сунуштарды берди. Анын корутундусунда 2009-жылы канадалык “Центерра голд инк” компаниясы менен түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келип, мамлекеттик органдардын, анын ичинде, президенттин, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн укугун чектей турганы айтылат.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев 1993-жылдан берки келишимдердин баары мыйзам бузуулар менен коштолгонуна токтолду.

- Келишимдер ошол кезде иштеп турган жетекчилердин, мамлекет башында турган адамдардын, анын айланасындагылардын кызыкчылыгы көздөлүп түзүлгөн. Кыргыз элинин жана мамлекетинин кызыкчылыгы экичи планга жылдырылган.

Кумтөр алтын кени боюнча жаңы келишим түзүүнү айткан комиссия анда “Кумтөр оперейтинг компани” бардык салык жана башка төлөмдөрүн Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүшү керектигин сунуш кылууда. Учурдагы келишим боюнча Кумтөр ишканасы бир катар салыктардан бошотулуп, атайын келишимдин негизинде салык төлөйт.

Экологиялык зыян үчүн жылына кеминде 310 миң доллар төлөшү керек жана кен казылган жерлерди калыбына келтирүү ишин "Кумтөр" ишканасы өз эсебинен жасасын деген да талаптар корутундуда камтылган. Ошондой эле “Центерранын” вице-президенти, ал эми 2015-жылдан соң президенти да Кыргызстандын жараны болушу керектиги айтылат.

Темир Сариев Кумтөр кени Кыргызстандын негизги жүгүн тартып жатканын белгилеп, бул маселеге өтө этият мамиле кылуу зарылдыгын да белгилей кетти.

- Кумтөр кыргыз экономикасынын жана жалпы ИДПнын негизги көлөмүн түзөт. Биздин мамилебиз да ошого жараша болуш керек.

“Кара тизмедеги” аткаминерлер

Эгер жаңы келишимге жана анын шарттарына “Центерра голд инк” каршы чыга турган болсо, анда 2009-жылдагы келишимди таптакыр бузуп, компанияны эл аралык арбитраждык сотко берүү да сунушу бар. Анткен менен комиссия соттошуунун кесепеттери да бир топ болоорун эскертүүдө. Маселен, өндүрүштүн өнүгүүсү басаңдап, өлкө бюджетинин киреше бөлүгү азайып, Кумтөрдү каржылоого шериктеш болгон эл аралык каржы институттары, Дүйнөлүк банк, Европа өнүктүрүү жана реструктуризациялоо банктары менен мамиле начарлашы да мүмкүн.

Мамлекеттик комиссия Башкы прокуратурага да 1993-жылдан 2009-жылга чейин Кумтөр боюнча келишимдерди түзүүгө барган жана кол кабыш кылган мамлекеттик жетекчилердин жоопкерчилигин карап көрүүнү табыштады. Ал тизмеде экс-президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, мурдагы өкмөт башчылар Турсунбек Чыңгышев, Николай Танаев, Борис Силаев, Игорь Чудинов жана Данияр Үсөнов бар. Алардан сырткары тизмеден Дастан Сарыгуловду, Камчыбек Кудайбергеновду, Алмазбек Жакыповду, Алексей Елисеевди жана Максим Бакиевди да табууга болот.

Учурда иштеп жаткан келишим боюнча “Центерра голддо” Кыргызстандын 33 пайыз үлүшү бар. Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев 2009-жылдагы келишимдин айрым пункттарын өзгөртүүгө мүмкүн экенин, бирок келишимди жокко чыгаруу Кыргызстан экономикасы үчүн оор сокку болоорун айтууда.

- 2009-жылдагы келишимде кээ бир каталар болбосо, негизинен экономикалык натыйжалуулугу өстү. Келишимге айрым өзгөртүүлөрдү киргизсе болот. Буга “Центерра” ишканасы да макул болушу керек. Бирок келишимди жокко чыгарабыз, жойобуз деген маселе экономикалык апаатка алып келет. Анда иш токтоп, аягы бүтпөгөн соттошуулар башталат.

Дүйшеевдин айтымында, 2011-жылы Кыргызстанга "Кумтөр" ишканасынан 383 млн. доллар пайда түшкөн. Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия быйыл июнда түзүлгөн болчу. Ал өзүнүн корутундусун жаңы жылдан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна алып кирет.

Комиссия өз ишине эл аралык компанияларды да тартканы айтылды. Экологиялык зыянды аныктоо үчүн германиялык жана словениялык эки лаборатория, ал эми экономикалык жана юридикалык экспертиза жүргүзүү үчүн эл аралык “Мушкат” жана “Бардеф” юридикалык компаниялары менен кызматташкан.

XS
SM
MD
LG