Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Кумтөр: комиссия кемчиликтерди көрсөттү


Сүрөттө: карьерге топтолгон сууну насостор менен анын сол тарабындагы аңга тартып чыгарышууда.
Сүрөттө: карьерге топтолгон сууну насостор менен анын сол тарабындагы аңга тартып чыгарышууда.

Өткөн жылдын соңунда Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия корутундусун кабыл алган. Комиссиянын курамындагы экология жана тоо-техникалык экспертиза жүргүзүү боюнча топ да өз корутундусун жарыялады.

Корутундуда негизинен кенде тоо-техникалык иштерди жүргүзүүдө жана экологиялык талаптарды сактоодогу кемчиликтер көрсөтүлгөн.

Комиссиянын курамындагы экология жана тоо-техникалык топтун мүчөсү, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов Кумтөрдү лицензиясыз жана техникалык долбоорсуз иштете башташы азыркы проблемаларды жараткан дейт. Проблемалар катары Мамбетов буларды атады:

- Бир чоң маселеси кенди ачуудан чыккан тоо-тектерин (породаларды) мөңгүнүн үстүнө төккөн. Мөңгү ошол карьерге эң жакын турат. Техника-экономикалык негиздеме боюнча алысыраак сайга алып барып, музду өзүнчө, текти өзүнчө төгүш керек эле. Булар аралаштырып төккөн. Ошондо муз ээрип, башка зат пайда болот. Бул эң чоң катасы. Экинчи чоң катасы - фабрикадан чыккан суу уу калдыктары сакталган жайга барып, тазаланып, кайра колдонулуш керек эле.

Мамбетовдун айтымында, акчаны үнөмдөө максатында тазалоочу жабдуулар орнотулган эмес. Натыйжада уу калдыктары сакталган жайдан жана мөңгүгө төгүлгөн тоо-тектеринен сарыгып чыккан таза эмес суу Кумтөр-Тарагай-Нарын дарыясына кошулуп кетүүдө.

Комиссиянын корутундусунда тоо-тектери төгүлгөн Давыдов мөңгүсү талкаланып баратат деп белгиленген. Мөңгү өз ордунан 1.5 чакырымга чейин жылып кеткен. Андан аккан суу карьерге түшүп, кошумча чыгымдарга алып келген. Карьерден сууну чыгаруу үчүн Кумтөр 54 млн. доллар сарптаган.

Уу калдыктарын сактоочу жай проблемалардын уюткусу катары аталган. Анын тосмосунун жылып баратышы адистердин өзгөчө тынчын алууда. Ал эми уу сактагычка жакын жердеги Петров көлүнүн толуп баратышы өтө олуттуу коркунуч. Анткени көл ташып кетсе, уу сактагыч жайды каптайт. Бул коркунуч кен жабылгандан кийин да сакталып кала берет.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын экология башкармалыгынын башчысы Расул Артыкбаев бул маселелер адистердин көңүлүндө дейт:

- Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган боюнча айып коюп жөнөттүк. Ошонун жыйынтыгы менен экологияга келтирилген зыяндарды атадык. Эми баарын комиссияга тапшырдык. Ошол боюнча кандай чечимдер кабыл алынышын күтүп жатабыз.

Экология жана тоо-техникалык экспертиза боюнча топ өзүнүн корутундусунун соңунда, абалды түзөө жана кемчиликтерди четтетүү үчүн бир нече сунуштарды берген. Анда карьер казуудан пайда болгон тоо-тектерин мөңгүлөрдүн үстүнө төгүүнү токтотуу, фабрикадан чыккан сууну толук тазалоочу жогорку технологиялык жабдууларды орнотуу сунушталган.

Карьерди казуудан пайда болгон 1.7 млрд. тонна тоо тектери, алардан сарыгып чыккан агындылар суу ресурстарына эң чоң коркунуч катары бааланган.

Техникалык маселелерге токтолгон топ алтынды алууда ачык жана шахталык ыкманы бирдей пайдалануу, нормадан сырткары жоготууларды кыскартуу талабын койгон. Андай жоготуунун айынан 5.5 тоннадан ашуун алтын алынбай калган.

Кумтөр ишканасы 1997-жылдан 2012-жылга чейин 260 тонна алтын казып алган. Дагы 400 тонна алтын алыныш керек. Аны алууда теллур, вольфрам, күмүш сыяктуу аралашкан кендерди кошо алуу сунушталган. Экология жана тоо-техникалык топ жаңы келишим түзүүнү жана өндүрүлгөн алтынды бөлүүнү жактаган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG