Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

Өлкө кызыкчылыгына каршы келишимдер


Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү Кумтөрдө, 9-октябрь, 2012.
Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү Кумтөрдө, 9-октябрь, 2012.

Кумтөр боюнча комиссия 1992-жылдан берки келишимдердин баарында мыйзам бузууларга жол берилгенин аныктады.

Бул тууралуу Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия тоо-кенчилер жана эксперттер катышкан жыйында маалымдады. Ал эми комиссия акыркы тыянагын жума акырында чыгармакчы. Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 10 пайызын Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын кирешеси түзөт.

Мыйзамсыз келишимдер тизмеси

Аталган кенди изилдеген мамлекеттик комиссиянын юридикалык тобунун башчысы, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, 1992-жылдан берки
Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимдерде мыйзам бузууларга жол берилген. Анын билдиришинче, 1992-1994-жылдардагы келишимге ошол кездеги өкмөт башчы Турсунбек Чыңгышев жана “Кыргызалтындын” жетекчиси болуп турган Дастан Сарыгулов кол койгон. Анда ишкананын башкаруу уюмунун үчтөн экиси Кыргызстандын жарандары болушу керек деген сыяктуу келишимдеги ондогон маанилүү шарттар аткарылган эмес.

- 1992-жылдагы башкы келишимге 2003-жылы өзгөртүү жана толуктоо киргизилген. Ошондой эле өзгөртүү 2009-жылы да киргизилип, ал келишим Жогорку Кеңеште бекитилген. Башкы келишимге жалпысынан алты жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Ар бир өзгөртүү жана толуктоо Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берген эмес.

Ал эми 2003-2004-жылдардагы келишимге мурдагы премьер-министр Николай Танаев жана “Кыргызалтындын” ошол учурдагы жетекчиси Камчыбек Кудайбергенов кол койгонун айткан Алмамбет Шыкмаматов бул Кыргызстан үчүн барып турган натыйжасыз келишим болгондугун белгиледи. Бир катар мыйзамдар одоно бузулуп, натыйжада өлкөнүн Кумтөрдөгү 66 пайыз акциясы 33кө түшүрүлгөн жана Кыргызстан ишкананы башкаруудагы ордун жоготкон дейт Шыкмаматов.

Келишимден баш тартса болобу?

2009-жылдагы акыркы келишимге болсо ошол кездеги өкмөт башчы Игорь Чудинов кол коюп, аны парламент да бекитип берген. 2042-жылга чейин түзүлгөн бул келишим “Центерра голдду” Кыргызстандын алдындагы бир катар милдеттемелеринен жана салыктардан бошоткон экен.

Комиссиянын мүчөсү, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов Кыргызстан бир тараптуу келишимден баш тартууга негиздер жетиштүү деген ойдо.

- Юридикалык, экономикалык, экологиялык жана техникалык жактан да толук негиздер бар. Келишимден баш тартып, бузса болот. Аны кайра жаңыча түзүш керек.

Бирок министр Алмамбет Шыкмататов эгер Кыргызстан келишимден баш тартса ондогон эл аралык сот жыйындары күтүп турганын, алардан утуп чыгуу оор болорун айтууда.

Ал эми экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев бир катар экологиялык зыяндарга жана кен казуудагы мыйзам бузууларга токтолду.

- Темир-тезек, химиялык таштандылар боюнча дурусурак иштер жасалган эмес. Бул долбоорду жапса эмне болот, калтырса эмне болот деп сурап жатпайсыздарбы. Биз ага чейин бүгүнкү күнгө карата жасалган туура эмес иштери боюнча аларга эскертүү даярдап койдук. Бул бир топ каражат. Ошолорду төлөтүп алалы, калганын дагы көрөбүз.

Зыянынан пайдасы көппү?

Артыкбаевдин айтымында, комиссия кен-казуудагы мыйзам бузууларды аныктоо үчүн Германиядан жана Словениядан көз карандысыз эки эл аралык компанияны
жалдаган. Комиссиянын төрагасы, экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев болсо “Центерра голд” 2011-жылы 450 млн. киреше таап, а бирок экологияны сактоого болгону 310 миң доллар бөлгөнүн айтты.

Бирок комиссиянын жыйынына катышкан Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев комиссиянын бир тараптуу тыянактары менен макул эмес. Дүйшеев Кумтөр кыргыз экономикасы үчүн негизги таяныч болуп келатканын белгилеп, аны бир катар мисалдар менен негиздеди.

- Азыркы күндө биздин ишканада 77 миллиондон ашык акциябыз бар. Декабрь айындагы баа менен бир акция 22 доллар болду. Демек баары 1,5 млрд. доллар болот. Эсептей келгенде, Кумтөрдүн Кыргызстанга пайдасы арбын болуп жатпайбы.

Комиссия төрагасы Темир Сариевдин маалымдашынча, Кумтөр кени иштегенден бери 4 млрд. 860 млн. доллар пайда тапкан. Анын канчасы Кыргызстанга калганы боюнча ар кандай сандар айтылууда. Мамлекеттик комиссия акыркы корутундусун жума акырында чыгарып, кийинки апталарда аны өкмөткө жана парламентке сунуштарын айтты. Бул комиссия коомчулукта жана парламентте Кумтөр кенинин айланасында орун алган бир топ талаш-тартыштардан соң июнь айында түзүлгөн болчу.

Кумтөрдөгү экологиялык абалдан сүрөт баян



XS
SM
MD
LG