Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

“Кумтөр” боюнча жаңы чечимдер кабыл алынды


"Кумтөр" алтын кени
"Кумтөр" алтын кени

Май айынын ортосунда “Кумтөр” алтын кенин иштеткен “Центерра голд инк” компаниясы Кыргызстанга дивиденд катары 33 млн. доллар берет.

Бул тууралуу “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жетекчиси Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, бул улуттук байлыкты элдик казынага которуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн аракетинин жемиши.

“Азаттык”:
Кыргыз тарап “Центерра голд инк” компаниясынан 33 пайызынын ээси катары дивиденд алганы жаткан экен. Бул канча каражатты түзөт? Кандай макулдашуулар болду?

Осмонбек Артыкбаев: Негизи “Центерра голд инк” компаниясы дивиденд төлөй турган ою да жок экен. Бул компаниянын президенти эки-үч жолу Кыргызстанга келди. Анан телефон, кат аркылуу байланышып, биз өтө катуу маселе койдук.

Биз сөзсүз түрдө “Центерра голд инк” компаниясы 2010-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанга дивиденд, акча төлөш керек дедик. Бул боюнча премьер-министр Алмазбек Атамбаев эки жолу компаниянын президенти Стивен Ланг менен өтө татаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өтө катуу маселе коюп туруп, анан ошонун эсебинен 33 миллион доллар акча төлөй турган болушту. Ал боюнча директорлор кеңешинде чечим кабыл алынды.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жетекчиси Осмонбек Артыкбаев
Андан тышкары Кыргызстан “Центеррадагы” башкаруу тармагына түздөн-түз кире турган мүмкүнчүлүк алды. Бул дагы премьер-министрдин койгон чоң маселеси болду. Ошо кыргыз өкмөтүнүн өкүлү “Центерра голд” компаниясынын вице-президенттик кызматына тура турган болду.

Ошондой эле компаниянын директорлор кеңешинин үчөө Кыргызстандын өкүлү боло турган болду. Андан тышкары да “Кумтөр” компаниясында директорлор кеңешинин төрагасы кыргызстандык жана башкаруусунун орун басары кыргызстандык, текшерүү комиссиянын бир мүчөсү кыргызстандык.

“Азаттык”: Мына ушул макулдашууларга катуу талаптардын негизинде жетиштик деп айтып жатпайсыздарбы. Кыргызстандын бул кадамы “Центерра голдду” бир чара көрүүгө түртпөйбү, анан дагы башка инвесторлорду чочутпайбы?

Осмонбек Артыкбаев: Жок, тескерисинче биз конструктивдүү сүйлөшүп, “Центерра голддун” кызыкчылыгына да, Кыргызстандын кызыкчылыгына да туура келе турган чечим кабыл алдык. “Центеррада” басымдуу бөлүктү Кыргызстандын долбоору болгон “Кумтөр” долбоору ээлейт. Ошого жараша биз сөзсүз түрдө дүйнөлүк деңгээлдеги, глобалдык компанияны башкарууга Кыргызстан түздөн түз катышышы керек, ошону башкарыш керек деген саясат болуп жатат. Ошону “Центерра голддун” башкаруу системасы, президенти, директорлор кеңеши туура кабыл алып, колдоп жатат.

Андан сырткары “Кумтөрдө” иштегендердин көпчүлүгү кыргызстандык боло турган болуп жатат. Ошондой эле “Кумтөр” алып жаткан керектүү нерселер, техникалар, оокат-аштын баары Кыргызстандан алынгандай чечимдер кабыл алынды.

“Азаттык”: Демек, бул акыркы чечимдер эки тараптын макулдугу менен кабыл алындыбы?

Осмонбек Артыкбаев:
Сөзсүз түрдө. Бул эч качан коркутуп, үркүтүүнүн негизинде эмес, түшүнүүнүн негизинде чечилди. Бирок саясий эрктин негизинде, өзгөчө премьер-министрдин салымы менен сүйлөшүүнүн негизинде бул ишке ашты.

Мындай дивидендди Кыргызстан эч качан алып көргөн эмес. Мурунку беш-алты жылдын эсебинен болгону жалпы жыйынтыгы менен 14 миллион доллар берилген. Быйыл болсо бир жылдын эсебинен ушул 33 миллион долларды майдын ортосунда “Кыргызалтын” ишканасына которот. Биз толугу менен бул акчаны бюджетке которуп беребиз. Бул каражат элге керектелет.

“Азаттык”: “Центерра голд” 2010-жылга чейин 14 миллион доллар гана берген деп жатасыз. Буга эмне себеп болгон?

Осмонбек Артыкбаев: Эми бул жерде бир топ себептер бар. Анын ичинде ошол убактагы саясий жетекчилердин бул багыт боюнча басымдуу иш жүргүзбөгөнүнө байланыштуу деп эсептейм.

“Азаттык”: Ошентип “Кумтөр” алтын кенин башкарууга кыргызстандык өкүлдөр да катышат экен. Ал өкүлдөр конкреттүү кандай иштерди аткарышат?
Сөзсүз түрдө дүйнөлүк деңгээлдеги, глобалдык компанияны башкарууга Кыргызстан түздөн түз катышышы керек, ошону башкарыш керек деген саясат болуп жатат.


Осмонбек Артыкбаев: Биринчиден, бара турган адам конкурстук негизде тандалып барат. Бирок бир эле талапкер коюлбайт. Атайын тандалып беш-алты талаптын негизинде адамдар сунушталат. Ошолордун ичинен тандап алышат. Ал сөзсүз түрдө толук кандуу “Центерра голддун” башкаруусуна катышат. Бул компаниянын жалаң эле “Кумтөр” эмес, дүйнөдөгү долбоорлору бар да. Мисалы үчүн Түркияда, Орусияда, Америкада, Австралияда, ошолорду башкарууга түздөн түз катышат. Бул Кыргызстанга чоң тажрыйба берет.

Экинчиден, Кыргызстандын жарандары дүйнөлүк башкаруу системасына кирди дегенди билдирет. Мындай окуя ушуга чейин болгон эмес. Мына ушундан баштап биздин жарандар да дүйнөлүк, глобалдуу, чоң компанияларды башкарууга катышып жаткан чоң кадам болуп жатат. Бул кыргыз эли үчүн чоң жеңишибиз деп эсептейбиз.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат!

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG