Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

“Кумтөр”: жаңы шарттар, башка жолдор


Кыргызстандын “Центерра голд инк” компаниясын башкаруу укугу кеңейүүдө. Эми анын бир вице-президенти Кыргызстандын өкүлү болот.

"Центерра голд инк" компаниясы “Кумтөр” алтын кенинен киреше таба баштаган 2001-жылдан бери Кыргызстанга болгону 14,6 миллион доллар таза киреше төккөн. Бирок 2010-жылга эле дивиденд катары 33 миллион доллар берүүгө макул болууда. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ишканасынын башкаруучу жетекчиси Осмонбек Артыкбаев 30-апрелдеги маалымат жыйынында билдирди.

-“Кумтөрдөн” ушул убакытка чейин Кыргызстандын бюджетине 1, 468 млн. доллар каражат түшкөн. Андан тышкары да "Центерра голддон" бюджетке акча түшсүн деп жатабыз. Азыр 33 млн. доллар акча түшкөнү жатат. Негизинен бул чечилди. Майдын ортосуна чейин бул акча түшөт.

Ийгилик катары бааланган шарттар

Бул маселелер "Центерра голд инк" компаниясынын президенти Стивен Лангдын 18-апрелде Кыргызстанга жасаган сапарында козголгон экен. Ал эми 29-апрелдеги “Центерра голд инктин” директорлор кеңешинин жыйынында бул сунуштар колдоого алынган.

Артыкбаевдин оюнча, “Кумтөрдү” иштетүүдөн түшкөн Кыргызстандын кирешеси мындан ары жыл сайын өсүп турмакчы. Ошондой эле ал мындан ары "Центерра голд инк" компаниясынын бир вице-президенти Кыргызстандын өкүлү болорун билдирди.

- Кыргызстан жалаң гана Кыргызстандын аймагындагы компанияларды башкарбай, дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорлорду башкарганга мүмкүнчүлүк алып турат. Себеби "Центерра голд инк" компаниясынын вице-президенти Кыргызстандын өкүлү боло турган болду.

Осмонбек Артыкбаев
Мындан сырткары "Центерра голд" компаниясынын директорлор кеңешинин курамына Кыргызстандан үч адамды киргизүү макулдашылган. Буга чейин 11 кишиден турган директорлор кеңешинин курамында Кыргызстандын эки өкүлү бар эле.

Ал эми "Кумтөр голд компани" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешине, текшерүүчү комиссиясына да эми "Кыргызалтын" ишканасынын бирден өкүлдөрү киргизилет жана компаниянын башкаруучу төрагасынын орун басары кыргыз тараптан болмокчу. Артыкбаев бул жетишилген шарттарды эгемен Кыргызстандын ири ийгилиги катары баалоодо.

Жаңы келишим сунуш кылгандар да бар

Анткен менен "Центерра голд инк" компаниясы менен Кыргыз мамлекетинин ортосундагы келишимдерди кайра карап чыгуу керек деген пикирлер да айтылууда.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы 27-апрелдеги жыйынында "Кумтөрдүн" тегерегиндеги маселелерди талкуулап, фракция "Кумтөр" боюнча жаңы келишимдин долбоорун иштеп чыгууга аракет көрөрүн айткан.

Кыргызстан менен “Центерра голд инктин” ортосунда келишим акыркы ирет 2009-жылы апрелде жаңыртылган. Бул келишим 2021-жылга чейин жарактуу. Ал учурунда мурдагы келишимдерге караганда Кыргызстан үчүн көбүрөөк пайдалуу деп бааланган.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев “келишимди өзгөртүүдөн майнап чыкпаса да, “Кумтөрдөн” пайда табуунун башка жолдорун издеп жатабыз” дейт.

- Азырынча биз башка бир жолдорду кароодобуз. Келишимди өзгөртө албасак да Кыргызстандан чыккан алтынга кошумча салык киргизүүнү ойлонуштуруп жатабыз. Алар Кыргызстандан чыгарып кеткен алтынга салык төлөшү керек. Ошол салык аркылуу алтындын кирешесин көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз.

Монголиянын мисалы

“Центерра голд” компаниясы “Кумтөрдөн” тышкары Монголиядагы “Боро” алтын кенинин акциясына да ээлик кылат. Жоомарт Сапарбаев өткөн жылы Монголия өкмөтү менен “Центерра голд инк” компаниясы Монголия үчүн пайдалуу болгон жаңы келишим түзүшкөнүн кеп кылды.

- Монголия өкмөтү 2009-2010-жылдардын баштап жаңы келишим түзүштү. Ал келишим боюнча чыккан алтынды элүү-элүү кылып тең бөлүшөт. Андан сырткары үстөк кирешеге 68 пайыз салык киргизип жатышат. Бул да абдан жакшы кадам. Болгону бул келишимдер 2013-жылдан тарта күчүнө кирет экен. Ошондой эле чыккан алтындын баары капитализация болуп биринчи Монголиянын банкында кармалат экен.

"Кумтөр" алтын иштетүү ишканасы Кыргызстандагы бирден-бир ири ишкана. Ал өлкөнүн жалпы экспортунун 39 пайызын, өндүрүштүн 26 пайыздан ашыгын, ал эми ички дүң продукциянын 10,5 пайызын түзөт.

Ири ишкана болгонуна байланыштуу негизги салык төлөөчү да болуп эсептелет. Жалпысынан "Кумтөрдөн" ушул убакка чейин Кыргызстандын бюджетине 1, 468 миллион доллар каражат түшкөн. Ошол эле кезде айрым байкоочулар “Кумтөрдү” иштетүүдөн мындан да көп пайда көрүүгө мүмкүн экендигин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG