Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Темир Сариев күбө катары сурак берип чыкты


Темир Сариев.
Темир Сариев.

27-майда мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кенинин ишмердигин иликтеген иштердин алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) күбө катары сурак берип чыкты. Маалыматты "Азаттыкка" ишенимдүү булактар билдирип, бирок чоо-жайын толук айткан жок.

Сариев бир күн мурун да сурак берип чыкканын Аскер прокуратурасындагы ишенимдүү булактар "Азаттыкка" билдирген. УКМК азырынча 2015-2016-жылдары өкмөттү жетектеген экс-премьердин суракка чакырылганын бышыктай же төгүндөй элек.

Быйыл февралда түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров "канадалык компания менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы шарттарды макулдашкан" өлкөнүн мурдагы жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөргөн.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иштеринде аты аталган аткаминерлер суракка чакырыларын билдирген.

14-майда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эң чоң алтын кенди казган "Кумтөр Голд Компаниге" сырттан башкаруу киргизген. 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн канадалык "Центерра Голд" компаниясын мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

"Центерра Голд" мындай доону "таптакыр негизсиз" деп баалап, ал эми парламент кабыл алган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG