Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Мурдагы депутат Максат Сабиров сурак берип чыкты

Максат Сабиров
Максат Сабиров

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Сабиров Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) "Кумтөр иши" боюнча сурак берип чыкты.

Ал 2012-жылы түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгонун, күбө катары сурак бергенин билдирди.

УКМК «Кумтөр ишине» байланыштуу мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койду.

31-майда "Кумтөр иши" боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты. (МТа)

​
XS
SM
MD
LG