Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:33

Москванын камчы шилтеп, токоч сунган саясаты


Архивдик сүрөт.

Орусия 15-июнда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн мигранттарды жапырт өлкөдөн чыгарса, Борбор Азия өлкөлөрү кандай кабыл алат? Москва чөлкөмдө эмнеге баарына арачы болушу керек? АКШ аскерлерин жайгаштырууга кошуналардын кимиси макул болот? Жума ичинде жарык көргөн орусиялык басылмаларга сереп. 

«Независимая газета» басылмасы «Бишкек мыйзамсыз мигранттарын тосуп алууга даяр эмес» деп жазды.

Макалада Орусияда 15-июндан тарта коронавирус пандемиясы башталганда чет өлкөлүктөргө берилген миграциялык жеңилдиктер жоюлуп, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдү жапырт депортациялоо башталары айтылат.

Буга байланыштуу Орусияда «мыйзамсыз жүрөт» деген 100 миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтса, өлкөдө «ансыз да курчуп турган социалдык-экономикалык абал оорлой» турганы белгиленген.

Басылма кыргызстандык саясат таануучу Марс Сариевдин сөзүнө шилтеме берип, «Борбор Азия өлкөлөрү, өзгөчө Кыргызстан, Орусиядан мигранттардын жапырт депортацияланышын достукка жатпаган кадам» катары баалай турганын жазган.

Буга кошумча, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам Кыргызстанда Орусияны «ишеним жаратпаган өнөктөш» катары сындаган маанай жаралганы айтылат. Ошол эле кезде кыргыз бийлиги Орусиядагы мигранттардын абалы боюнча орус президентине үмүт артып, акыркы чечимин күтүп жатышканы баяндалат.

«Аргументы и факты» басылмасында «Эмне үчүн Орусия мурдагы совет өлкөлөрүнүн мушташына арачы болушу керек?» деген макала жарык көрдү.

Анда Кыргызстандын Баткен облусуна барып, Тажикстанга чектеш аймактарды көрүп келген баяндаманын автору «Советтер Союзунун таркаганына 30 жыл болду, Орусия болсо мурдагы империянын жерлеринде мушташкан элдерге арачы болуп жүрөт» деп жазып чыкты. Макалада Тажикстан менен чектеш аймактарда жашаган кыргызстандыктар «Биз Орусияны сүйөбүз, орус президентин сыйлайбыз» деп айтары, орус бийлигине ишеним артары белгиленген.

«Кошуналарды элдештирип, кээде камчы шилтеп, кээде таттуу токоч сунуп алдап туруу – Орусиянын маңдайына жазылган нерсе» деп Борбор Азиядагы аты-жөнү аталбаган орусиялык дипломаттын айткандарын басты.

«Ведомости» басылмасы АКШ Ооганстандагы аскерлеринин жарымын чыгарып кетүүгө жетишкенине көңүл буруп, калганын чөлкөмдө калтыруунун жолун издеп жатканын баяндады.

Анда аскерлерин калтырууга «мүмкүн болгон варианттар» катары Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан көрсөтүлөт. Бирок Вашингтондун мындай аракетин Орусия өтө терс кабыл алары жана Кремлдин жообу кескин болору жазылат.

Эмомали Рахмон менен Шавкат Мирзиёевдин 2018-жылы Ташкентте жолугушуусу
Эмомали Рахмон менен Шавкат Мирзиёевдин 2018-жылы Ташкентте жолугушуусу

«Регнум» агенттиги 10-11-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапар менен Дүйшөмбүгө барып, Эмомали Рахмон менен жолугарын кабарлады.

Өзбекстан менен Тажикстан бул сапардын алкагында 30дай биргелешкен келишимди макулдашары белгиленет. Ошондой эле, агенттик Дүйнөлүк банктын божомолунда Өзбекстандын экономикасы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча дээрлик 5% өсөрүн жазат.

Борбор Азия өлкөлөрүндө мындай экономикалык өсүш жетишкендик катары бааланары, бул көрсөткүч сырттан тартылган инвестициялар аркылуу жетишилгени айтылган.

Мирзиёевдин Дүйшөмбүгө сапарынын алдында Бохтар шаарында тажик-өзбек форуму өтүп, анда Тажикстан менен Өзбекстандын компаниялары жалпы 730 миллион долларга бааланган бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууну макулдашкан.

«Известия» гезити болсо Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар Бердымухамедовго ахалтекин жылкысын белек кылганын жазды.

7-июнда «Ахалтекин» жылкы комплексинде өткөн салтанаттуу иш-чарада Гурбангулы Ханкервен аттуу жылкынын ысымынын «терең мааниси бар» экенин айтып, ал жашоонун уланышын билдире турганын белгилеген.

Түркмөнстандагы маалымат каражаттары бул окуяны «мураскерликтин белгиси» деп мүнөздөп, Сердарды «элдин уулу» деп аташты.

39 жаштагы Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын вице-премьер-министри, Көзөмөл палатасынын башчысы жана Тышкы иштер министрлигинин жогорку кызматтагы аткаминери болуп эсептелет.

Мындан тышкары ал «Түркмөн алабайынын» жана «Ахалтекин жылкысын өстүрүүчүлөрдүн» эл аралык ассоциацияларын жетектейт. Эки уюм тең президент Гурбангулы Бердымухамедовдун демилгеси менен түзүлгөн. Быйыл апрелде түркмөн лидери уулуна «Эмгек сиңирген ит багуучу» деген наам ыйгарган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG