Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Тажик президенти Эмомали Рахмон Орусияга барды


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон. Архив.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон. Архив.

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы 8-майда Эмомали Рахмон жумушчу сапары менен Москвага барганын кабарлады. Рахмон орус лидери Владимир Путин менен жолугат.

“Рахмондун визитинде Путин менен жолугушуусу жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) учурдагы жетекчиси катары 9-майда Москванын Кызыл аянтындагы Улуу Жеңиш майрамынын 76-жылдыгына арналган аскердик парадга катышары күтүлүүдө”, - деп айтылат билдирдүүдө.

Буга чейин Рахмондун пресс-катчысы Абдуфаттох Шарифзода президент Путин менен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды дагы талкууларын билдирген.

“Тажикстан жана Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү. Андыктан чек арадагы жаңжал дагы талкууланат”, - деген Шарифзода.

Буга чейин ТАСС жаңылыктар агенттиги Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковго шилтеме берип, Рахмон менен Путиндин сүйлөшүүлөрү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкканга чейин эле пландалганын жазган. Песков анда кыргыз президенти Садыр Жапаров Москвага келбей турганын айткан.

Кыргыз президентинин пресс-катчысы Галина Байтерек болсо Садыр Жапаров пандемиядан улам Москвага барбай турганын билдирген.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү 1-майга карата түнү ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG