Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Баткен: жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курулат


Баткендеги Достук айылындагы талкаланган үй.
Баткендеги Достук айылындагы талкаланган үй.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үй салына баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

“Жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров белгилегендей, калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат. Жергиликтүү тургундардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак жайлар курулат. Ошондой эле талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат”, - деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалды.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Соңку расмий маалыматка ылайык, жаңжалда 136 турак жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Ал Тажикстандан Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы кабарланды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG