Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Байден Путин менен жолугууга даяр экенин ырастады


 АКШ президенти Жо Байден.
АКШ президенти Жо Байден.

АКШнын президенти Жо Байден жакын арада Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүп жатканын ырастады. Анын айтымында, тараптар кайсы жерден, качан жолугары такталууда.

АКШ лидери журналисттин суроосуна жооп берип жатып, украин чек арасында орус аскерлерин күчтөнтүп жатканы Путин менен кезигүү даярдыгына таасир этпесин билдирди.

“Бул менин бетме-бет жолугуу ниетиме таасир этпейт. Көңүл бурсаңар, мурда анын (ред: Путиндин) армиясы көп болчу. Азыр ал алардын алып жатат”, - деди Байден.

Украинанын чек арасына жакын жана аннексияланган Крымда Орусия аскерлерин жайгаштырууда. Орус бийлиги муну "машыгуу" деп атап келет. Украина бийлиги, АКШ, Европа Биримдиги жана башка өлкөлөр украин аймагына кирип келүү даярдалган топтор түзүлүүдө деп божомолдоодо. Жакында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу аскерлер кайтарылып жатканын жарыялаган. Аскерлерди кайтаруу жөнүндө маалымат Байден Путин менен телефон аркылуу байланышып, жолугушууну сунуштагандан кийин белгилүү болгон.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, америкалык өкүлдөр жана Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба украин чек арасында миңдеген орус жоокерлери турганын билдирүүдө. Түндүк атлантикалык блок жана АКШ орусиялык топтордун кыймылына көз салып турганын билдиришти. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG