Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Террорчулардын анабашы көз жумду


Жалалуддин Хаккани.
Жалалуддин Хаккани.

Ооганстан жана Пакистанда иш алып барган террордук ири уюмдардын бири - Хаккани түйүнүнүн негиздөөчүсү Жалалуддин Хаккани оорудан кийин өлдү. Бул тууралуу ооган талибдери 4-сентябрда билдиришти. Бирок ал качан өлгөнү белгисиз. Буга чейин көптөгөн теракттардын артында турган уюмдун ана башы каза болгону жөнүндө маал-маалы менен айтылып, бирок маалымат эч качан тастыкталган эмес.

Ооганстандагы "Талибан" Жалалуддин Хаккани “дарт менен узак күрөштөн кийин көз жумганын” "Твиттерге" жазды.

Хаккани 72 жашта болчу, маалыматтарга караганда, он жылдай мурун шал болуп төшөккө жатып калган.

1980-жылдары советтик аскерлер Ооганстанга киргизилгенден кийин можахеддердин белгилүү талаа командири катары АКШнын союздашы болуп келген Хаккани кийин келишкис душманына айланды. 2012-жылы Вашингтон түйүндү террордук уюмдардын кара тизмесине киргизген.

"Хаккани түйүнү" формалдуу түрдө "Талибан" кыймылына киргени менен күчтүү, өз алдынча иш алып барган топтордун бири болуп саналат.

Жалалуддин Хаккани.
Жалалуддин Хаккани.

Жалалуддин Хаккани 1970-жылдары түзгөн уюмду жетектөөнү бир нече жыл мурда уулу Сиражуддинге өткөрүп берген. Сиражуддин Хаккани ошол эле маалда "Талибан" жетекчисинин орун басары. АКШ анын башы үчүн 5 миллион доллар сыйлык жарыялаган.

Пуштундардын Задран уруусунан чыккан Хаккани "Ал-Каиданын" анабашы Усама Бин Ладендин жакын санаалашы болчу. Бин Ладен кээ бир учурларда Хакканинин Хост провинциясында жайгашкан лагерлеринде баш пааналаганы белгилүү.

Хаккани "Талибандын" башкаруусу маалында министр кызматын да ээлеп турду.

Аналитиктер акыркы жылдары Ооганстан жана Пакистанда болгон ири жардыруулар, бийлик өкүлдөрүн өлтүрүү, Батыш жарандарын уурдоонун артында “Ислам мамлекети” радикал уюму эмес, Хаккани турат деп шектенип келишет. Алсак, былтыр май айында Кабулдун борборунда дүрмөттөлгөн оор машина жарылып, 150дөй киши набыт болгон. Ал терактты Хаккани уюштурганы айтылганы менен, Сиражуддин Хаккани өзү аудио кайрылуу жаздырып, айыптоолорду четке каккан.

"Талибандын" чабуулунан кийин.
"Талибандын" чабуулунан кийин.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Мохаммад Радманиш Хакканинин өлүмү уюмдун ишмердигинде орчундуу бир өзгөрүүлөргө алып келбейт, акыркы жылдары маркум ансыз да идеологиялык гана ролду ойноп калган деген пикирин билдирди.

2001-жылдын 11-сентябрында болгон теракттардан кийин АКШ аскерлери талибдер башкарып жаткан Ооганстанга кирип барганда Хакканинин жоочулары кошуна Пакистанга качкан. Азыр алар негизинен Түндүк Вазиристан чөлкөмүндө жайгашкан жана ошол жактан Ооган жергесиндеги теракттарды уюштуруп келет. АКШ жана ооган расмий адамдары Пакистандын атайын кызматтары уюмду колдойт деп көптөн бери айыпташууда.

Өткөн ишембиде болсо Пентагон согушкер топторго каршы “чечкиндүү чара көрбөйт” деп Пакистанга 300 миллион доллар жардам берүүдөн баш тартканын билдирген.

Исламабад Хаккани жана башка экстремист топторду колдойт деген дооматтарды четке кагып келгени менен 2014-жылы Түндүк Вазиристанда согушкерлерге каршы рейддерди күчөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG