Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Газни талибдерден тазалана баштады


Газнидеги ооган жоокери.
Газнидеги ооган жоокери.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Газни шаарынан “Талибандын” согушкерлерин дээрлик сүрүп чыкканын билдиришти.

Стратегиялык шаар болуп саналган Газниге согушкерлер 10-августта кирген. Шаарды талибдерден бошотуу учурундагы кырчылдашкан кармаштарда ондогон аскер курман болду.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Газни шаарынын 90 пайызын талибдерден бошотуп калганын билдиришүүдө. Коргоо министри Тарик Шах Бахрами калаа согушкерлерден бир сутка ичинде тазаланат деп убада берди. Анын алдында Газниге кошумча миң аскер жөнөтүлгөн.

- Биздин Ооганстандын элине, өзгөчө Газнинин тургундарына айтарыбыз: ооган коопсуздук күчтөрү кайсы гана учурда болбосун, жанын курмандыкка чалып, өз элин жана өлкөсүн коргоого даяр, - деди ал.

Газни провинциясынын борбору Газни шаары.
Газни провинциясынын борбору Газни шаары.

Шаардагы кармаштар учурунда 200дөй жоочу, анын ичинде 12 талаа командири жок кылынган, дагы 150дөй талиб колго түшүрүлгөн. Согушкерлердин арасында пакистан, араб, чечен улутундагы чет өлкөлүк жарандар да болгону кабарланды.

Коргоо министри Тарик Шах Бахрами кармаш учурунда жүздөй жоокер жана полиция кызматкери ажал тапканын кошумчалады:

- Куралдуу кагылыш учурунда коопсуздук күчтөрүнүн жүздөй кызматкери курман болду. Ошондой эле 30дай карапайым тургун мерт болду.

Ооганстандын коргоо министри Тарик Шах Бахрами.
Ооганстандын коргоо министри Тарик Шах Бахрами.

Ооганстандын расмий өкүлдөрү АКШнын атайын күчтөрү аба соккуларын жана жөө аскерлердин операцияларын координациялоого жардам берип жатканын айтышты. Бирок Американын армиясы бул маалыматты ырастай элек.

Газни – баш калаа Кабулду өлкөнүн түштүгү менен байланыштырган негизги чоң жол өткөн стратегиялык шаар. Ал Газни провинциясынын борбору да болуп саналат. Согушкерлер 270 миң адам жашаган шаарга 10-августта чабуул коё баштаган. Кырчылдашкан кармаштардан телекоммуникациялык жана башка байланыш каражаттары үзүлгөндүктөн, алгачкы күндөрү шаардагы курмандыктар жана жоготуулар тууралуу так маалыматтар аз болуп жатты. Биринчи күндөрү "Талибан" кыймылы Газни шаарындагы өкмөттүк имараттардын басымдуу бөлүгүн ээлеп алганын жарыялаган. Шаар электр кубатысыз калып, ичүүчү суу, азык-түлүк тартыш болууда.

Кармаш жүрүп жаткан шаардан качып чыккан Абдул Вакил аттуу жигит эл дүрбөлөңгө түшкөнүн айтып берди:

- Газни шаарында имараттар өрттөнүп, ар кайсы жерде өлүктөр жатты. Кырдаал абдан оор болду, бардык дүкөндөр жабылып калды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык жардамды координациялоо башкармалыгы тараптарды карапайым элдин өмүрүн жана укуктарын коргоого, ошондой эле шаардын аскердик эмес инфраструктурасын, анын ичинде ооруканаларды сактоого чакырды. Мындан тышкары, ооруканаларда дары-дармек жетишпей, бейтаптарга учурунда жардам көрсөтүү оор болуп жатканын билдирди.

“Талибан” быйыл апрелде жазгы чабуулун баштаганын жарыялагандан бери ооган коопсуздук күчтөрүнө жана кызмат адамдарына каршы чабуулдарын күчөткөн.

Куралдуу топ ооган өкмөтү менен 17 жылдан бери согушуп келатат.

SIGAR (Ооганстанды кайра куруу боюнча атайын инспекторлук) уюмунун 31-июлда жарыяланган баяндамасына ылайык, ушу тапта Ооганстандын жалпы аймагынын 14 пайызын же 400дөн ашык райондун 56сын "Талибан" кыймылы көзөмөлдөп турат.

Ооганстанда “Талибан” кыймылынан тышкары, “Ислам мамлекети” террордук уюму да утур-утур кол салуу уюштуруп келет.

Быйыл 20-октябрда Ооганстанда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Апрель айында Кабулдагы шайлоочуларды каттоо борборунда жардыруу болуп, 60тай кишинин өмүрү кыйылган. Ал кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG