Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

Москва менен "Талибандын" байланышы


Кабулдагы орус элчиси Александр Мантыцкий Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ханиф Атмарга АК-47 автоматын тапшырууда, 24-февраль, 2016-жыл.
Кабулдагы орус элчиси Александр Мантыцкий Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ханиф Атмарга АК-47 автоматын тапшырууда, 24-февраль, 2016-жыл.

АКШ менен Ооганстан сентябрдын башында Орусия уюштуруп жаткан тынчтык сүйлөшүүсүнө катышпайт.

Ооган өкмөтүнүн өкүлү Кабул «Талибан» кыймылы менен башка державанын катышуусу жок «түз сүйлөшүү жүргүзөрүн» билдирди. Кремл талибдерди “Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы "күрөштө курал кылгысы келет” деген көз караш дагы бар.

Ооганстан Орусия уюштуруп жаткан тынчтык сүйлөшүүcүнө расмий делегация жибербейт.

Кабул өкмөтү мындай иш-чаралар ооган бийлигинин демилгеси менен өтүшү керек деген көз карашта. “Ооганстандын жетекчилигинин бийлигисиз уюштурулган кандай гана иш-чара болбосун, Кабул ага катышпайт”, – деди Ички иштер министрлигинин өкүлү Себгатулла Ахмади.

4-сентябрда Орусия Ооганстандагы кырдаалды жөндөө үчүн эл аралык жыйын уюштуруп жатканын жарыялаган. Кремл ага катышууга 12 өлкөгө чакыруу жиберген.

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер мекемесинин башчысы Сергей Лавров «Талибан» радикал кыймылынын өкүлдөрү Кремлдин чакыруусун кабыл алып, Москвага келээрин билдирди.

Министр ошондой эле Москвадагы ооган элчиси Абдул Кайым Кочайдын “Орусия талибдерди "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөштө курал кылгысы келет” деген сөзүн четке какты.

“Ислам мамлекетине" каршы болгон каражатты колдонуп күрөшүп жатабыз. Ал үчүн Сирия Араб өлкөсүн колдоп жатабыз, ошол эле максатта Ирактын армиясын чыңдоого көмөктөшүүдөбүз", - деди.

Орусиянын башкы дипломаты Москва "Талибан" кыймылы менен байланышын эч качан жашырбаганын белгиледи. "Биз оболу Ооганстанда жүргөн орус жарандарынын, орусиялык мекемелердин коопсуздугу жана талибдердин куралын таштап, өкмөт менен улуттук тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көндүрүү үчүн байланыштабыз" - деп түшүндүрдү Лавров.

Кабулдан кийин Вашингтон дагы Москвага баруудан баш тартты. Мамлекеттик департаменттин өкүлү орустар уюштурган сүйлөшүүдө Ооганстанда «тынчтык орнотуу боюнча кандайдыр бир жыйынтык болоруна көзү жетпей турганына» ишара кылды.

АКШдагы орус элчилиги “Вашингтондун Ооганстанда тынчтык жараянын баштоого кызыкчылыгы жок” деп комментарийледи. Ошондой эле Мамдепартаменттин «мындай кадамы эч кимди таң калтырбай тургандыгын» кошумчалады.

"Талибандын" согушкерлери Орозо айтта, ок атышуу токтогон учурда. Нангархар провинциясы, 16-июнь, 2018-жыл.
"Талибандын" согушкерлери Орозо айтта, ок атышуу токтогон учурда. Нангархар провинциясы, 16-июнь, 2018-жыл.

«Талибан» кыймылынын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Москвадагы сүйлөшүүгө атайын делегация барарын бышыктады.

Кыймылдын атын атабаган командирлеринин биринин ырасташынча, делегацияны “Талибандын” Катардагы саясий кеңсесинин жетекчиси Мохаммад Аббас Станекзай баштап барат.

Башка бир талиб командири радикал кыймылдын делегациясы Пакистанга, Кытайга “алардын пикирин билип, аларды ынандыруу үчүн” барарын кошумчалады.

Кремлдин маалыматына караганда, 4-сентябрда өтчү сүйлөшүүгө Пакистан, Кытай, Иран, Индия жана Борбор Азиянын беш мамлекети катышат.

«Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун Ооганстандагы шериктери менен «Талибандын» жоочуларынын кармашы байма-бай катталууда.

Исламчыл жоочулар Орусия менен Борбор Азиядагы мурдагы советтик өлкөлөрдүн тынчын алып, коопсуздугуна коркунуч туудуруп келет. Куралчан топтун катарында бул өлкөлөрдөн чыккандар согушуп жүргөнү белгилүү.

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2001-жылы 11-сенябрдан кийин америкалыктардын ооган жергесине киришин колдогон.

Бирок Орусия - АКШ мамилеси начарлагандан кийин Москва дүйнөнүн ар кайсы тарабында өзүнүн дипломатиялык ишмердигин күчөтүп, АКШнын тышкы саясатын сындап келет.

Ооган президенти Ашраф Гани "Талибан" тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кошулуп, Кабул өкмөтүн таанып, мыйзам үстөмдүгүнө көнсө, кыймылды саясий жараянга аралаштырууну сунуш кылган. Бирок "Талибан" сунушка сыртын салып, "сүйлөшүү үчүн адегенде өлкөдөн чет элдик күчтөр кетиши керек" деген мурдагы шартын кайталады.

Батыш өлкөлөрү колдогон Кабул өкмөтү 2014-жылы ооган жергесинен НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин өлкөдөгү “Талибан” баштаган куралдуу топтордун мизин кайтара албай, согуш жүрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG