Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Кундузда барымтадагылардын көбү куткарылды


Маалыматтарга караганда, барымтадагыларды бошотуу учурунда ооган коопсуздук күчтөрү менен "Талибандын" согушкерлери кагылышып, кеминде жети согушкер мерт болгон.
Маалыматтарга караганда, барымтадагыларды бошотуу учурунда ооган коопсуздук күчтөрү менен "Талибандын" согушкерлери кагылышып, кеминде жети согушкер мерт болгон.

Ооганстандын Кундуз провинциясында, расмий өкүлдөр кабарлагандай, "Талибандын" барымтасынан жүз элүүдөй киши бошотулду. Окуя ооган президенти Ашраф Гани Курман айтты утурлай "Талибанга" атышууну токтотууну кайрадан сунуш кылган кезде болду. АКШ Кабулдагы бийликтин демилгесин кубаттады. Бирок атышуу ал сунушка "Талибан" көнсө гана токтойт.

Ооганстандын түндүк-чыгышынын, Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясынын бийлик өкүлдөрү билдиришкендей, козголоңчулар үч автобуста бараткан жүздөн ашуун адамды, анын ичинде аялдар менен балдарды бул аймактын Хан-Абад деген районунда барымтага алышкан.

Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, коопсуздук күчтөрү дүйшөмбү күнү барымтада бир нече саат отурган 149 адамды бошото алды. Бирок "Талибандын" туткунунда дагы эле 21 киши бар. Алардын ичинде армия аскерлери жана полиция кызматкерлери бар экенин Кундуз провинциясынын бийлик адамдары да, "Талибандын" өкүлү да ырасташты.

Бул окуя президент Ашраф Гани Курман айт майрамын утурлай "Талибанга" атышууну токтотууну кайрадан сунуш кылган учурга туш келди.

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

​​- Биздин мекендештер Айтты тынч өткөрүп алышы үчүн атышуу токтотуларын дагы бир жолу жарыялайбыз. Ал дүйшөмбү күндөн башталып, Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө чейин (20-ноябрь) уланат. Атышуунун токтошу талибдер аны урматтап, сактаган шартта гана болот. Алар муну өздөрү макул көргөн мөөнөткө чейин жарыялай алышат. Биз "Талибандын" жетекчилигин ооган элинин туруктуу же чыныгы тынчтыкты эңсөөсүн колдоого үндөйбүз, аларды ислам баалуулуктарына жана принциптерине негизделген тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр болууга чакырабыз, -деди Ашраф Гани 19-августта.

Анын бул чакырыгынын алдында "Талибан" өлкөнүн түндүк провинцияларынын дагы бири Фарьябда район борборун ээлеп алса, ооган армиясы Газни шаарынан согушкерлерди сүрүп чыгарууга жетишкен.

Кабулдан ашып барса 120 чакырымдай жердеги Газниде беш күнгө созулган уруштарда 100дөн ашуун аскердин, 30дай жайкын тургундун, ондогон согушкерлердин өмүрү кыйылды.

Расмий Кабулдун жаңы демилгесине ылайык, атышуу эми үч айга чейин токтошу керек, бирок ал үчүн тынчтыктын шартын "Талибан" да сакташы зарыл.

Ооган президенти "Талибанга" атышууну токтотууну быйыл Орозо айт убагында да сунуш кылып, бирок анда талибдер бул макулдашууну үч күн гана карманышкан.

АКШнын колдоосу, "Талибандын" үндөөсү

Ооганстанда аскери эң көп жайгашкан Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да ооган өкмөтүнүн жаңы демилгесин колдоп, "Талибанды" ага катышууга үндөдү.

Помпеонун билдирүүсүндө атышуу дагы бир сыйра токтосо ал өлкөнү туруктуу коопсуздукка жакындатат деген үмүт бар экендиги, Кабулдун жаңы сунушу ооган элинин жаңжалды бүтүрүү боюнча “терең мүдөөсүн” чагылдырары белгиленген.

Мындан эки күн мурда "Талибандын" лидери, молдо Хайбатулла Ахунзада да билдирүү таратып, АКШны кыймыл менен түз сүйлөшүүгө кайрадан чакырды. "Талибандын" көз карашында, аны менен “түз сүйлөшүү” Ооганстанда “чет элдик оккупациянын” аякташына алып барышы керек.

"Талибандын" согушкерлери Орозо айтта, атышуу токтогон учурда. Нангархар провинциясы. 16-июнь, 2018-жыл.
"Талибандын" согушкерлери Орозо айтта, атышуу токтогон учурда. Нангархар провинциясы. 16-июнь, 2018-жыл.

Талибдердин азыркы жолбашчысы молдо Ахунзада да коңшу Пакистандын аймагында жашырынып жүрөт деген божомол бар. Ал мурдараак Кабулдагы бийликти “куурчак” деп атап, "Талибан" ооган өкмөтү менен сүйлөшпөй турганын айткан.

АКШ болсо "Талибандын" “түз сүйлөшүү” жөнүндөгү чакырыктарын четке кагып, бул жараян оогандардын ортосунда жүрүшү керек экенин айтып келет.

"Талибан" быйыл жазгы чабуулу башталгандан бери кол салууларын күчөттү. Өлкө аймагында жанкечтилердин жардырууларын утур-утур “Ислам мамлекети” тобу да уюштурууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG