Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:10

Талибдердин талабы, Борбор Азиянын абалы


"Талибандын" согушкерлери Орозо айтта, ок атышуу токтогон учурда. Нангархар провинциясы, 16-июнь, 2018-жыл.

Эки күн мурда тажик-ооган чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, тажик куралдуу күчтөрү "Талибан" кыймылынын бир нече мүчөсүн жок кылышты. Ал арада Кыргызстандын коопсуздук кызматы "Ислам мамлекетинин" туусуна окшош байракты көтөрүп жүргөн топту кармады.

Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга эл аралык террористтик, экстремисттик уюмдардын коркунучу барбы? Алардын мизин майтарууга кыргыз чек арачыларынын, куралдуу күчтөрүнүн даярдыгы жетиштүүбү?

"Арай көз чарай" талкуусуна чек ара кызматы боюнча эксперт, полковник Чолпон Буржуев, Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Сатыбек Молдалиев жана саясий серепчи Орозбек Молдалиев катышты.

“Азаттык”: Чолпон мырза, кечээ тажик-ооган чек арасында кагылышуу болуп, бир нече талиб жок кылынды. Кыргызстандын тажик-ооган багытындагы чек арасында кырдаал кандай? Чек арачылардын кудурет-күчү, күжүрмөн даярдыгы жетиштүүбү?

Чолпон Буржуев: Албетте, окуянын өзүн коркунучтун белгиси катары эсептесек болот. Бирок бул окуя боюнча маалыматты мен да Интернеттен окудум, карама-каршы жагдайлар көп. Тажик тарап "мындай окуя болгон жок" деп чыкты. Дагы бир маалыматта "ооган тарапка аскер учагы учуп кирип, талибдерди бомбалады, жок кылды" деп жүрөт. Ал кимдин учагы экени белгисиз.

Биздин Мамлекеттик чек ара кызматыбыз тажик-ооган чек арасында болгон ар бир окуяны, фактыны абдан талдап, таразалап, талкуулап турат. Башка керектүү маалыматтарды алып турабыз. Ооганстандагы бүгүнкү абалды эске алсак, мындай окуялар кийин да болушу толук мүмкүн, токтобойт. Учурда Орусия менен талибдердин сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат, кырдаал алар жетишкен макулдашууларга жараша болот. Талибдер мурда мыйзамдан сырт уюм, түзүм катары эсептелип келсе, эми расмий тараптар сүйлөшө баштады.

Абалга көз чаптырсак, талибдер мурдагы койгон талаптарынын аткарылышына жетишип жатышат. Акыркы жылдары баңгизаттарды алып өтүү да көбөйүүдө, чек арадагы көйгөйдүн башы мына ушунда. Баңгизатты чек арадан алып өтүү, аны сатуу, жалпы көзөмөл кылуу, таасир көрсөтүү чоң маселе айланууда, талаш ушул жерде. Ушундан улам талибдер чек арадагы абалды текшерип, сынап жатышат, ал канчалык бекем экендигине ынанышы керек болуп жатат. Ошондой максат менен талибдер чек ара тилкесинде ар кандай чагымдарга барышы мүмкүн. Тажик чек арачыларынын күчүн текшерген чалгын болушу да ыктымал.

“Азаттык”: Ушундай окуя катталган учурда биргелешкен аракеттер үчүн кыргыз-тажик чек арачыларында макулдашуу барбы?

Чолпон Буржуев: Албетте, мындай макулдашуу көп мамлекеттер менен бар. Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) алкагында Тажикстан менен макулдашууларыбыз бар. Сырткы күчтөрдөн кандайдыр коркунуч туулса, биргелешкен кандай аракеттерди көрүш керек экени тиешелүү документтерде көрсөтүлгөн, тараптар ошого жараша чара көрүшөт.

“Азаттык”: Сатыбек мырза, кечээги куралдуу кагылышта Тажикстандын аскердик учактары жардамга келип, куралдуу топторду жок кылды. Аны тажик чек арачылары менен Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аракети катары сыпаттагандар бар. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы менен Коргоо комитети мындай кырдаалга канчалык даяр, канчалык ыкчам, биргелешкен чара көрө алат?

Сатыбек Молдалиев.
Сатыбек Молдалиев.

Сатыбек Молдалиев: Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө азыр жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн, бардык күч түзүмдөрүнүн ишин Башкы штаб жөндөйт, координациялайт. Башкы штаб ЖККУ, ошол эле Тажикстан менен өтө тыгыз иштеп, маалыматтарды ыкчам алмашып, талдап, чечим кабыл алып турат.

Кандайдыр коркунучтуу жагдай түзүлө турган болсо аскерлер чек арачылар менен бирге ыкчам аракеттер менен сокку урууга даярбыз, ага күчүбүз жетет. Мурда 1999-2000-жылдары ар бир күч түзүмдөрүнүн ишин жөнгө сала турган орган жок, иш чачкын, башаламандык көп болгон. Азыр баары бир нукка түшкөн.

Өзүбүздө башка чет өлкөлөрдүн күчтөрү менен биргелешкен аскердик машыгуулар болуп жатат. Алардагы негизги максат - тоо шартында кантип сырттан келген күчтөргө, ошол эле талибдерге кандай сокку уруу керек экенин өздөштүрүү. Учурда биздин аскерлер Орусиядагы машыгууларга катышууда. Жакында Ысык-Көлдө машыгуулар болот.

“Азаттык”: Орозбек мырза, учурда Ооганстандагы коомдук-саясий жана аскердик кырдаал кандай? Андагы “Талибан” кыймылынын орду, ролу кандай? Деги алардын максаты эмне?

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

Орозбек Молдалиев: Акыркы айларда Ооганстандагы саясий-аскердик кырдаал курчуп, татаалдашып жатат десек болот. “Талибан” кыймылы керек болсо президенттин имаратына, өлкө башчынын өмүрүнө коркунуч туудуруп жатат, канча жардырууларды уюштурду?

Расмий бийлик "Талибан" менен мунасага келүүгө аракет кылууда. Тилекке каршы, алардын ок атышпоо тууралуу сунуштары талибдерден колдоо тапкан жок, анын көп себептери бар. Талибдер бүгүнкү Кабулдагы бийликти тааныбай жатат.

Ошол эле учурда талибдер мурдагыдай бирдиктүү уюм эмес. Булар үч-төрт фракцияга же жети-сегиз топко бөлүнүп кетишкен. Ошондуктан талибдерди бирдиктүү саясат жүргүзгөн күч деп айтуу кыйын. Алардын негизги таянычтары - Пакистан жана Орусия болууда.

"Талибандын" башка максаты - Орто Азияны, анын ичинде Кыргызстанды басып алуу эмес, Ооганстандагы ички бийликти алуу. “Талибдер келатат, сууга келди, тоого чыкты” деп курулай коркутуу - биздин кошуна мамлекеттердин жана КМШдагы башка айрым мамлекеттердин эле ойлоп тапканы.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Талибдердин талабы, Орто Азиянын абалы (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:52 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG