Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:58

Ооганстан: Молдо Омор америкалык базага чукул жерде жашаган


«Талибан» кыймылынын лидери Молдо Мухаммед Омор.

Голландиялык журналисттин жаңы жарыкка чыккан китебинде «Талибан» кыймылынын көзү өткөн лидери Молдо Мухаммед Омор Ооганстандын түштүгүндөгү ​америкалык базага чукул жерде жашырынып жашаганы баяндалат.

Журналист Бетт Дэм өз китебинде Пакистанда «баш калкалап жүрөт» деген талибдердин лидери 2004-жылга чейин Забул провинциясынын борбору Калатта америкалык базага чукул жерде жашап жүргөнүн жазат.

Дэм беш жыл бою «Талибан» кыймылынын мүчөлөрү менен интервьюларды уюштуруп, согушкерлердин бир көзү сокур лидеринин өмүр таржымалын иликтеген. Китеп өткөн жумада Голландияда жарык көрдү.

Нью-Йорктогу «Зомия» иликтөө борбору китептин корутундусун англис тилине которуп чыкты.

АКШ Молдо Омордун башы үчүн 10 миллион доллар сайган эле.

2015-жылы ооган президентинин басма сөз кызматы «ишенимдүү булактарга» таянып, «Талибан» кыймылынын лидери эки жыл мурун Карачиге баратканда ооруканада көз жумганын билдирген.

Андан кийин «Талибан» кыймылы да Молдо Омор Ооганстанда өлгөнүн ырастаган.

Молдо Омар 1996-жылдан 2001-жылга чейин «Талибан» кыймылын жетектеп турган. 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук окуялардан соң НАТОнун аракети менен Ооганстанда талибдердин бийлиги кулатылганда ал изин жашырып кеткен.

Такталбаган маалыматка караганда, Молдо Омор 1960-жылы Кандагар провинциясында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.1980-жылдары ал советтик аскерлерге каршы күрөшкөн ооган можахеддеринин лидерлеринин бири болгон. Ошондогу урушта бир көзүнөн айрылган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG