Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

"Талибан" Кабулга күч менен кирбей турганын билдирди 


Кабул шаарындагы АКШ элчилиги, 15-август 2021-жыл.
Кабул шаарындагы АКШ элчилиги, 15-август 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду "күч менен" албай турганын билдирди. Мунун алдында талибдер шаардын чекесине кирип келгени тууралуу кабарлар тараган.

Талибдердин өкүлү ооган баш калаасына сүйлөшүүлөр аркылуу, тынч жол менен кире турганын кабарлады.

"Ислам эмирлиги бардык күчтөрүнө Кабулдун дарбазасынын алдында токтоп турууну, шаарга кирбөөгө аракет кылууну тапшырат", - деп жазды "Твиттерге" "Талибан" кыймылынын өкүлү.

Ооган өкмөтүнүн атын атагысы келбеген өкүлдөрү Associated Press жаңылыктар агенттигине билдиргендей, талибдер Кабулдун Калакан, Карабаз жана Пагхман райондоруна кирип келишти.

Ооган президентинин басма сөз кызматы Кабулдун айланасындагы бир нече аймакта ок атышуу болуп жатканын, коопсуздук күчтөрү эл аралык өнөктөштөр менен бирге шаарды көзөмөлдөп турганын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG