Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Талибдер Кабулду камоого алды


Ооганстан. Газни шаары.
Ооганстан. Газни шаары.

Ооганстанда "Талибан" кыймылы Кабулду камоого ала баштады.

Согушкерлер шаарга бардык жактан жакындап келе жатканын өлкөнүн Ички иштер министрлиги жекшемби күнү билдирди.

Өлкөнүн түндүгүндөгү стратегиялык шаар - Мазари-Шарифти жоочулар 14-августта басып алышкан.

24 сааттан кийин Кабулдан 150 чакырым чыгышта жайгашкан Желал-Абад шаары талибдерге согушсуз багынган. Азыр Ооганстандын борбору Кабул өкмөттүн көзөмөлүндөгү акыркы чоң шаар болуп калды.

Талибдер май айында АКШ жетектеген күчтөр чыгып кеткенден кийин активдешип, акыркы аптада тездик менен улам бир аймакта басып алып жатат.

Америка Кошмо Штаттары жана Британия өз жарандарын жана аларга иштеген оогандыктарды эвакуациялоого жардам берүү үчүн кошумча аскерлерди киргизүүдө. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG