Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Депутат Акаев ооган студенттерине виза берүүгө чакырды


Жанар Акаев
Жанар Акаев

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ооганстандагы "Талибан" кыймылы жапкан университеттердин студенттерине, ооган жаштарына студенттик виза берүүнү сунуштады.

"Биздин өлкө качкындардын агымын кабыл ала албашы турган иш, ресурсубуз, чама-чаркыбыз жетпейт. Бирок биз ооган студенттердин тагдырына кайдыгер карабашыбыз керек, окууларын Кыргызстанда улантуу үчүн ооган жаштарына студенттик виза беришибиз керек. Менимче, бул биздин тарыхый жана меймандостук салттарыбызга ылайык келген милдетибиз деп эсептейм", - деп жазды депутат "Фейсбуктагы" баракчасына.

"Талибан" кыймылы 15-августта Ооганстандын баш калаасы Кабулду курчоого алды. Анын алдында талибдер өлкө чыгышындагы ири Желал-Абад шаарын ээлеген. АКШ Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.

Кечээ жоочулар үндүктөгү эң ири Мазари-Шариф шаарын басып алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG