Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Залкардын кыялындагы музасы


Мария Айтматова.
Мария Айтматова.

Белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 79 жашында коронавирустан көз жумду.

Мария Урматовна Айтматова өмүрлүк жары акка моюн сунгандан кийин залкардын атындагы үй-музейлерин ачып, чыгармаларынын жарыяланышына кол кабыш кылып, үлкөн маданий-коомдук иш-чараларды жасоого жетишти. Тагдырдын жазмышы ушул экен, жаздыкташынын өлчөлүү өмүрүнө бир жыл жетпей артынан кете берди.

Даркан сүрөткердин ополтоо мурасын сактоого, жайылтууга ири салым кошкон инсанды эскеребиз.

Кино-дүйнө

Мария Айтматова тууралуу маалыматтардын жазылгандан айтылганы, аныгынан апыртмасы көп. Антишке ал кишинин озунуп чыгып оңду-солду маектерди берип, өзү, күйөөсү тууралуу бапыратып кеп кыла бербегени, жупуну жашап, жупуну жүргөнү себепкер болду окшойт.

Социализм заманындагы эң ири кино өнөр ишмерлерин даярдачу окуу жайын аяктап, катарлаштарынан калбаган чыгармачылык жөндөм-шыгы болгону менен, эмнегедир алдыга умтулбай, көптүн арасында, көчтүн карасында кала бериптир.

Ким билет, Чыңгыз Айтматовдун арзып тапкан жары болбосо, аны айрым бир кино адистер гана билбесе, жалпы көрүүчүлөр журтуна белгисиз бойдон кала бериши деле мүмкүн эле.

Балдарынын айтуусунда, Мария Урматовна Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март айылында 1942-жылы төрөлгөн.

Атасы Нурмат Шатиев кызыл аскерлерге ат таптаган саяпкер болгон. Апасы Гүлсүн Бакинова жумгалдык болуштун кызы экен. Атасынан эрте ажырап, апасы менен Илимдер академиясынын Фрунзедеги үйүнө көчүп келишкен. Ушул жерде таянеси, таежеси менен чогуу жашаган.

Таежеси Гүлжамал Бакинова Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда иштечү, диалектологиялык карта түзүп, бир топ эмгектерди жараткан илимпоз болчу. Медине Богданова менен Жалал-Абадга барып, айтылуу апыз ырчы Барпынын чыгармаларын биринчилерден болуп кагазга түшүрүү иштерине катышкан. Мария унутулуп калбасын деп атасынын атын фамилия кылып алган.

Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Кино өнөрү боюнча билим алган Мария Урматовна Чыңгыз Айтматовдун жаңы жазылган чыгармаларынын биринчи окурманы, редактору, кылдат сынчысы болгон. Маркумду мыкты билген айтылуу режиссер Геннадий Базаровдун ырасташынча, ал аябай жупуну, жөнөкөй аял болчу. Өмүрлүк жары акка моюн сунгандан кийин кайгыга чөгүп, санаага басырылып калган. Ал эми анын кино жаатындагы ишмердиги өзүнчө сөз кылууга татыйт.

Кыргыз киносунун айтылуу жылдыздары Манасбек Мусаев, Динара Асанова менен Москвада чогуу окуп, анан тагдыр жолу алыскы Күнчыгыш өлкөсүнө алып барып, оңунан чыкпаган үй-бүлөлүк турмушунан соң туулган жерине келип, бул жерден сырдаш кесиптеши Жали Соданбек менен жазуучу, кинодраматург Эркин Борбиевдин көмөгү менен ал кездеги Фрунзедеги киночулар айылына кошулган.

Куттуу жайда Чыңгыз Айтматов экөөнүн жылдызы жанып, залкардын кыйла жылдык өмүр жолунда жаншериги, куттуу очогунун отун өчүрбөгөн сүйүктүү жары, алмончоктой балдарынын энеси, дүйнөлүк сүрөткердин ири эпикалык туундуларынын жаралышына, роман жанрына биротоло ооп, адабияттын ушул жооптуу, баштооч формасына өтүшүнө колунан келген көмөгүн берип, шартын түзгөн.

Жазуучунун Европа менен Азия мейкининде чабыттаган континенттер ортолук көчмөндүк жашоосунда арка бели, тиреги болуп берди.

Социализм заманында зиректүүлөр Москвадан мыкты билим алышчу. Ал жерде жүрүп чет тилдерин үйрөнүп, анан дээринде бар акылдуу, сергек зайып кыргыздын бир кылымда жаралып калчу азаматынын акыл кошчусу, сүйүктүү жары катары жанында жүрүп, ал кишиге келген, учурашкан дүйнөлүк интеллектуалдар менен теңата сүйлөшүп, аларга кыргыз салтын, жашоо ыңгайын, керемет дүйнөсүн көрсөтүп, кайсы бир деңгээлде маданий элчилик кызматын аткарды.

Билген адамга өтө эле зор жоопкерчилик жүктөлгөн адамгерчилик миссиясын ал татыктуу өтөдү. Чыңгыз Айтматовдун колун кармап, көзүн көрүп, сүйлөшүп калсам деп ак эткенден так эткен эчен чет элдик кадырлуу меймандарды тосуп, акыл менен өнөрдүн деңгээли сыналчу эчен мазмундуу сааттарды өткөрүп, сүйүктүү жарынын жанында жүрдү.

Бир өкүнткөн жагдай, залкар өтүп кеткенден кийин артында калган асыл жары деле өлбөчүдөй сезип алыппыз, анын мазмундуу өмүр жолунда көргөн-билгендерин жаздырып кала албадык.

Мария Урматовна Айтматова менен көп кызыктуу сырлар кетти. Убакыт өткөн сайын Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү тереңден ачыла берет. Андайда аны менен чогуу жүргөн, аңгемелешип калган, көзүн көрүп, колун кармаган замандаштарынын барк-баасы көтөрүлүп, эскерүүлөрүнүн баасы жогорулашы турулуу иш.

Айтматовду жанынан билген, турмуш арабасын чогуу тарткан Мария Урматовна сындуу инсандардын эскерүүсү дүйнөлүк масштабдагы залкардын пенделик, сүрөткерлик бейнесин ачууга өзгөчө баалуу булак болуп береринде шек жок эле.

Тек аны убагында эстеп жазып калган бирөө-жарым болду бекен деген күмөндүү суроо ушу тапта көпчүлүктүн жадында туру. Анын үстүнө эки жылдан бери дүйнөнү тооруган апааттын кезектеги толкуну Бишкекти каптап, мурдагы күргүштөп агып турчу маданий турмуш дарыясы кыйла жайлап, жашы улуулардын сыртка чыгышы, көпчүлүк чогулган жерге барышы проблема болуп калбадыбы.

Ушундай кысталыш чакта кыргызды дүйнөгө тааныткан залкар жазуучунун жесири бул жалганды таштап кете берди. Дагы бир жыл турса Мария Урмат кызы жаздыкташынын жашына бармак.

Москвада калган жаштык

Чыңгыз Айтматов 80 жылдык мааракесин жаамы дүйнө белгилеп, биринин артынан экинчиси чыккан маданий иш-чаралардын катары арбып баратканда жай саратанда алыскы Алманияда каза тапкан. Дүйнөгө таанымал бейтапканада. Тагдырдын жазмышы - кайталангыс залкардын жары да ооруканада алышкан оорудан оңоло албай бул жарыкчылыкты таштап кетиптир. Маркумду жакшы билген, тээ студент кезинен сырдашы Жали Соданбек кайгылуу кабарды угуп, ишенип-ишене албай отурган экен.

«Марияны мен жакшы таанычумун. Бүткүл союздук кинематографисттер институнун режиссердук факультетине мен өткөн жылы Мария, Динара Асановалар окууну бүтүп ошол жерде жүрүшүптүр. Мария менен ошондо таанышкам. Чыңгыз Төрөкулович кайтыш болгондон кийин үй-музейин жетектеп жүрдү. Ал жерде иштер аябай көп. Экспонаттардын баарын кайра карап, жасалгалап чыгыш керек. Айтматовдун музейин, чыгармаларын жайылтуу жагында абдан активдүү иштеди. Үй-жайын, короосун жакшы карады. Элчи болуп иштеп жүргөңдөгү машинесин музейге койду. Суунун жээгинде басчу эле деп, эстелик жерлерин сактап жүрдү. Кинооператор Манас Мусаев экөөбүзгө ошол жерлерин көрсөтүп, кыдыртты эле. Мусаев экөө чогуу окушкан. Жакшы иштерди жасап жүргөн, бүгүн суук кабарды угуп алып кайгырып отурам, экөөбүз жакшы тааныш элек»​.

Бакыраң көз Жамийла

Мария Урматовнанын залкар менен кездешип, аны менен тагдыр жолун байлашы жок жеринен пайда болбогонун Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын терең изилдеген окумуштуулардын бири Осмонакун Ибраимов да ырастайт.

Анын айтуусунда, көркөм сөз алпы тестиер кезинде ашыктык отун тутанткан бакыраң көз шок Жамийланы өмүр бою издеп өткөн. Кийин аны айтылуу балерина Бүбүсара Бейшеналиевадан тапкан.

Анан карабайсызбы, өкүттүү тагдыр аны да ыраа көрбөй, кыргыз өнөрүнүн жаркырап чыккан чолпон жылдызын бу жарыкчылыктан эртелеп алып кетип, күйүткө басылып жүргөн чагында Мария Урматовнага жолугуп отурбайбы.

«​Менин оюмда ошол Жамийласын өмүр бою издеп жүрүп өттү. Жамийлага окшош тегерек бет кыргыз кыздарын издечү. Аялдардын образын жаратууга келгенде ал киши жаркылдап күлүп турган ачык, жайдары кыргыз кыздарын жактырчу, анын аялзат тууралуу түшүнүгүнүн чекити ошондой ачык кыздар болчу. Аларды икона, идеал катары эсептечү. Мария Урматовнаны биринчи көргөндө мен аны Жамийлага окшош экен деп ойлодум. Кебетеси да, жүрүш-турушу да ошонун өзү экен. Ошондо Айтматов Жамийланын элесин жоготпой, ошондой аялзатын издеп жүрүп өтөрүн түшүндүм. Мария Урматовнаны биринчи жолу Чыңгыз Төрөкуловичтин үйүнөн көргөндө мына ушул ой келди. Кебете-кешпири, бой келбети - баарысы Жамийланын өзү экен. Анын чыгармалары кандай терең жана күчтүү жазылганын эстесек, ага Мария Урматовнанын таасири чоң болгон деп ойлойм. Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына тоскоол болбой, кандайдыр бир деңгээлде эргиткен деп айтар элем. Ушул маселеге кайрылганда менин эсиме “Ысык-Көл шеринеси” келет. Ошол иш-чарада Чыңгыз Төрөкуловичтин жанында жүрдү. Чет тилдерин мыкты билчү. Биринчи жардамчысы катары жооптуу ишке жардамын тийгизген. Мария эжебиз жакшы адам эле, арты кайырлуу болсун! Бул кишинин таасири, ролу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында бир топ чоң деген ойду айткым келет».

2008-жылдан бери Мария Урматовна Чыңгыз Айтматовдун эстелик үй-музейинин камылгасы менен жүрдү. Өмүрлүк жарынын изи калган жерлердин баарында эстелиги калышына кам көрүп, ал үчүн убактысын да, ден соолугун да аябай үлкөн иштердин камын жасады. Коомдун маданиятка карата салкын-суз мамилеси өзгөрбөй турган чакта кайсы бир ишти алдыга жылдырыш, эстеликтерин коюш, китептерин чыгарыш, дагы башка толгон-токой маданий иш-чараларды өткөрүш канчалык оор, кыйын экенин аны башынан өткөргөн адам гана билет. Мария Урматовна ушунчалык оор милдетти аткарып жатып кимдир бирөөлөргө нааразы болуп капаланганын билдирбеди. Белгиленген иштердин баары ыраатында жүрүп жаткандай, баарына каниет кылып, топуктуу жашады. Профессор Лайли Үкүбаеванын эскерүүсүнө кезек берели.

«Мария Урматовна Айтматовдун көзү өткөндөн кийин үйүн музей кылууга белсенип киришти. Экспонаттарын толуктап, ал жерди руханий борборго айлантууда бул кишинин салымы зор. Сырттан келген кишилер, жаштар, ар кайсы курактагы адамдар ошол жерге барып, Айтматовдун чыгармалары менен таанышууга, анын үй-бүлөлүк турмушун көрүүгө мүмкүндүк алышты. Мария Урматовнанын ири музей түзүү тууралуу пландары бар экенин билем. Элдар менен биргелешип ал планын ишке ашыруу аракетин жасап жүргөнүн уккам. Жазуучунун достору, каламдаштары менен пикир алышып, байланышып, музейди дагы кеңейтүү аракетинде жүргөн».

Мария Урматовна Айтматова өмүрлүк жарынын эки кылымга сыярлык терең мазмундуу өмүрүндө жараткандарын чогултуп, ополтоо мурасын жарыялоо, элге жеткирүү аракетинде жүрүп өмүр жолу соңуна чыкканын сезбей деле калды окшойт. Эми анын өтөлгөлүү өмүрү балдарында уланат деп ишене туралы.

Чыңгыз Айтматовдун аты аталганда мына ушул дүйнөлүк феномендин жакын адамдарынын катарында Мария Урматовнанын да аты аталат.

Мария Айтматованын сөөгү 21-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Маркум менен коштошуу зыйнаты Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейинде өтүп, ага белгилүү коомдук, маданий ишмерлер жана жакындары катышты.

Мария Айтматова залкардын тиреги эле...
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG