Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Нуралы Капаров: Акындар чабал ырын өрттөп салса


“Акылдын кенчин залкарларды ээрчип жүрүп таптым”
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:10 0:00

“Акылдын кенчин залкарларды ээрчип жүрүп таптым”

Нуралы Капаров - кыргыз адабиятына сексенинчи жылдары келген таланттуу калемгерлердин бири. Бүгүн ал "Тамызгы", "Көңүл ыргагы", "Досума кат", "Адашкандар" өңдүү китептерине кирген поэтикалык, прозалык жана публицистикалык мыкты чыгармалары менен белгилүү.

Калемгер "Азаттыкка" маек куруп, жазуучулук өнөрдүн түйшүгү, барк-баасы, талант жана тагдыр, устат-шакирт ымаласынын кадыры тууралуу ойлору менен бөлүштү.

- Нуралы мырза, кыргыз адабиятына 80-жылдардагы канаттуу акындар мууну менен келгенсиз. Журналист катары таанылгансыз. Азыр эми чоң калемгерлердин катарына кошулуп турасыз. Кара сөз, ыр жазып жатасыз, китептериңиз чыгууда. Бүгүн деле чыгармачылык менен алексизби же токтотуп койдуңузбу?

- Иштеп жатам. Чыгармачылыкта бири эрте, бири кеч ачылат экен. Алма деле жазгы, күзгү, кышкы алма деп бөлүнөт го. Мен кышкы алмаларга кирет экенмин. Жолумду көпкө чейин таппай жүрдүм. Турмушта көп нерсени көргөндөн кийин анан ошол нерсе чыгарма болуп чыгат экен.

- Турмуштан кандай тажрыйба алдыңыз?

- Турмуштан аябай көп тажрыйба алдым. Татаалы, кайгылуусу, кубанычтуусу, жөнөкөйү да болду. От менен жалынды аралап өткөндөн кийин ой пайда болот экен. Калемдин учун тишим менен кажып отуруп, “мунун баарын качан жазып бүтөм” деген ой келет. Жазарым өтө көп. Бирок азыр каруу-күч азайып, күжүлдөп иштей турган курактан бир аз өтүп кеттик. Илгери Салижан Жигитов “ой, үч романды баштап коюп, аягына чыга албай жатам” деп калчу. Бир-эки романынын баш жагын мага окутту. “Аябай жакшы экен, Салижан аке. Бүтүрүп койбойсузбу?” - десем, “Колум такыр бошобой жатат. Бала-бакыраны багам деп ары-бери чуркап жүрбөймүнбү. Мүмкүнчүлүк болсо, баарын жыйыштырып, ушуларды жазсам болот эле. Жаш курагым өйдөлөп баратат. Карып, алдан-күчтөн тайып калышым мүмкүн. Ушул чыгармаларды аягына чыгарарыма көзүм жетпейт”, - деп айткан. Чындап эле кийин ден соолугу жол бербей, бүтүрө албай калды.

Биздин курак - сынаакы курак. Мен чыгарманы аябай көпкө жазат экем. Биринчи вариантын соко айдагандай шашып жазам. Экинчи вариантында айдалбай калган жерлерин кайра айдап, тырмап, түздөп дегендей. Мен калем сап менен эле жазам. Кагаз, калем сапты Кыргызстанда чанбай алып калган мен эле болушум керек.

- Калемсап менен Чыңгыз Айтматов жазчу эмес беле?

- Эми Айтматов улуу киши да. Мен кагаз, калемсиз такыр иштей албайм. Сырымды кагаз менен калемге гана айта алат экенмин. Техникага көп достугум жок.

- Ыр жазып жатасызбы же таштадыңызбы?

- Ыр деген мындай экен. Расул Гамзатовдун жакшы сөзү бар: “Ыр-кетип баратсаң, калың чөптүн арасынан кылак этип койкоюп чыга калган гүлдөй. Гүл болсо такай эле жолуга бербейт. Гүлдүн да гүлү бар да”. Ыр деле ошондой. Такай отуруп ыр жазууну туура эмес адат деп түшүнөм. Ыр жазып коюп жүрөм. Бирок кара сөз дыйкандын жумушундай экен. Анын артыкчылыгы дагы бар экен. Айтайын деген нерсеңдин баарын айтат экенсиң. Ырдагыдай ырдап жиберген учурлар болот экен. Мисалы, Айтматовдун “Жамийласы” – ыр да. Биринчи китебинин атын “Обон” деп туура койгон. Ырдап турат да.

Ырды пландап жазганга мүмкүн эмес. Ырды проза жазгандай жаза албайсың. Ыр жазган учур менде сейрек болот. Жакында эле бир повесть жазып бүттүм. Ошонун үстүндө иштеп жатам. Салижан аке “үч романым бар” дегендей, бир повестим бар. “Кыргыздын мыкты адамдары” деген эскерүү да жазып жүргөм. Менин принцибим - ошол адамдарды бир беткей эле мактай бербей, кыял-жоругу, өйдө-төмөн жагын көрсөтүп, бейнесин ачканга аракет кылам. Ошону улантып, кара сөз жазып жатам.

"Учурдун калемгери болуш оңой, доордуку болуу оор"

- Поэзия, проза жөнүндө сүйлөшүп жатпайбызбы. Бүгүнкү кыргыз адабиятынын абалына кандай баа бересиз? Кайсы деңгээлде турат?

- Мындай, тигиндей деңгээл деп айтпайын. Кыргыздар байыркы улут болгону менен, тарыхый жактан караганда жаш элбиз да. Жазуусу, адабияты, искусствосу кийин калыптанды. Совет мезгилинде цензура деген болду. Адабият идеологиянын бир тармагы болчу да. Бирок цензуранын акысын китеп чыгарып, гонорар менен төлөдү. Кайсы бир деңгээлде өстү. Кесипкөй адабият калыптанды десек болот. Айтматов эми улуу киши. Жакшы жазуучулар пайда болду. Доор алмашкандан бери адаптация көпкө созулду деп ойлойм. Себеби көпчүлүк жазуучулар кара курсактын айынан жазбай калды. Жазуучулукка эч кандай тиешеси жок, таланты деле жоктор үй-бүлөлүк альбомго ылайык адабиятты жаратты. Азыр эми калемгерлерди алагды кылган нерселер көп. Элдин дагы кичине табити бузулду. “Адабияттын эртеңкиси кандай болот?” деп мен деле тынчсызданам. Бирок профессионал адабият өзүн таптакыр жоготкон жок. Жаш акындар, жазуучулар бар экен. “РухЭш” деген сайт бар эмеспи, ошондон көп жаштарды окуйм. Тың акын-жазуучулар бар. Кемегедеги чокту өчүрбөй кармап тургандай акыбалдабыз. Ал эми “өсүп кеттик, жылып кеттик” деп айтыш кыйын.

- Сиздин устаттарыңыз көп. Ал тууралуу сиздин даректүү аңгемелериңизде, повесттериңизде көп айтылат. Ошол эле Салижан Жигитовду айтып кеттиңиз. Жалил Садыков, Эрнис Турсунов, Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов бар. Айтор тизме узун. Ошолордун айланасында көп эскерүүлөрдү жазасыз. Демек, сизди аларга таасирленген, куйма кулак адамдардын бири десек болот го дейм. Бүгүнкү күндө ошондой жаштар таасир ала турган бараандуу топ барбы?

- Азыр айтсаң ойлонуп калдым. Турар Кожомбердиев менен дагы жакшы мамилем болду. Аман Токтогулов, Сүймөнкул Чокморов менен дагы. Ал учурда гезиттин ролу чоң эле. Окууну бүткөндөн кийин эле гезитте, көбүнчө адабият бөлүмүндө иштеп калдым. Адабиятчылар, жазуучулар менен көп байланышчубуз. Бул жөнөкөй эле адамдык мамиледен чыгат го. Мисалы, Салижан Жигитов менен жазуучулардын Арашандагы чыгармачыл үйүндө чогуу эс алып калдык. Барсам, Салижан аке ошол жерде экен. Мен ага айылдагы кызыктуу адамдар жөнүндө айтып бердим. Аябай күлдү. “Мен он төрт жашымда Өзгөндүн Көлдүк деген айылынан келдим эле. №5 мектепте окудум. Айыл турмушунан алыстап баратканымды сен сүйлөп жатканда байкап жатам”, - деп айтып калчу. Биз анан айыл темасынан адабиятка өтүп кеттик. Булардын бардыгы мага керек кишилер. Бирок мен аларга кызык эмесмин да. Алардын адабий тажрыйбасы, жазган чыгармалары мага кызык. Мен алардын баарын окугам. Ошол боюнча сурайм. Албетте, таасири аябай чоң болду. Салижан Жигитовдон көп нерсени үйрөндүм. Аман Токтогуловдон үйрөндүм. Ал сабак өткөндөй эле “баланча китепти окуп көрчү” деп тизме берчү. “Кыштак жазуучулары” деген түшүнүктү биринчи Аман Токтогуловдун оозунан уккам. Адабиятта көрүнгөн чыгарманы окуй бербей, булардын берген багыты убактыңды үнөмдөйт, кайсы чыгарма жаман же жакшы экендигин көрсөтөт. Устаттык кылышты.

Бексултан Жакиев дагы аябай кызык киши болчу. Ал кишинин мүнөзүндө чогоолдук бар эле. Көбү жалтайлап турушчу. Кийин өмүрүнүн аягында өзүм дагы айттым. “Сиз аябай орой адамсыз” десем, ормоюп карап калды. “Бирок орой адам мага аябай жагат”, - десем, “Эмнеге?” - деп күлүп ийди. "Чөлдөп турганда муздак суу жуткургандай кыласыз. Топ жарып айтчу сөздү тайсалдабай айтканыңыз жагат. Ушунуңузду үйрөнө албай койдум, бирок жазып жатам”, - дедим.

- Акылдуу кишилерди жазып калтырганыңыз абдан жакшы. Сиздей болуп, жаштар арасында сизге умтулгандар барбы?

- Азыркы жаштар кыйын. Мени тааныбайт. Алар менен сүйлөшүү үчүн аркасынан мен чуркашым керек. Муун бөлөк. Кызыкчылыктары дагы бөлөк. Азыркы жаштардын дымагы бийик. Бир же жарым китеп жазып эле “Эл акыны болом”, “Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болом” деген жигиттерди көрүп, байкап жүрөм. Кээде жолугуп калганда жаштарга: “Сыйлык, наам жазуучулук дараметти белгилебейт. Адамдар аларды убактылуу ойлоп тапкан. Бири-бирине берип, өздөрүн алдайт. Совет өкмөтү далайларды далыга ошентип таптаган”, - деп айтып калам.

“Сынчылар табитти тарбиялаганга керек”

- Сиз адабиятта карааны көрүнүп калган жазуучулардын бири катары сыйлык ала элексиз, берсе аласызбы?

- Жок, албайм. “Эл жазуучусу”, “Эл акыны” деген – аябай ыйык сөз. Эл акыны деп Байдылда Сарногоевди айта алам. Байдылданын эки сабын билбеген кыргыз жок. Шайлообек Дүйшеевди Эл акыны десе ишенем. Анын да эки сабын билбеген киши жок. Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов, Алыкул Осмонов – мына ушулар эл акындары менин түшүнүгүмдө. Бирок аларга мамлекет наам берген эмес. Эл акындарын эл өзү тандайт. Адамдын өмүрү, доору өтсө да, анын чыгармачылыгы бүтпөшү керек. Белинский Пушкинди “Чыныгы эл акыны” деп айткан экен. Чын эле ошондой да. Андан бери канча кылым өттү. Пушкин ошол эле боюнча келе жатат. Лермонтовду айтса болот. Алардын чыгармасы өлгөн жок. Лермонтов жыйырма жетиге чыгып өлдү. Пушкин отуз сегизинде, Есенин отуз жашында, Алыкул Осмонов отуз беш жашында өлдү. Орус адабиятында, кыргыз адабиятында деле “Эл акыны” деген наам менен токсонго чейин жашап өткөндөрдү эстеп айтуу кыйын. Ошол үчүн жаш калемгерлерге “Чыгармаңды жазып жатканда, сыйлык, наам алайын дегенди ойлобо. Убактылуу, замандаштарыңдын эле эл акыны болушуң мүмкүн. Замандаштарың эстеши мүмкүн. Бирок доордун акыны боло албайсың да”, - деп айтар элем.

- Аман Токтогулов китептердин тизмесин бергенин айтып калдыңыз. Негизи иргеп окуйсузбу?

- Жакшы эле окудум. Бирок кийин окудум. Иргеп окуйм. Пропаганда деген шумдук да. Толстой, Достоевский, Чехов - гений десе эле баарын башынан аягына чейин окуганга аракет кылчубуз. Кийин канатын кенен керип жазган чыгармаларын окуш керек тура деген ой менен окуп калдым. Белинский Пушкин жөнүндө “Евгений Онегинди” сегиз жыл жазды. Сегиз жыл Евгений Онегин менен чогуу өстү. Ишенбесеңер карап көргүлө, алгачкы алты бөлүмү акыркы эки бөлүмүнөн ылдыйраак турат. Жазуучуларды дагы тандап окуш керек. Китептин баары эле пайдалуу эмес. Мындайда адабий сынчылардын жардамы тийет.

- Сиздин чыгармаларыңызга адабий сынчылар кайрылдыбы? Деги кыргыз адабиятында сын маселеси кандай?

- Узангандардан мен сыйлаган адабий сынчылар Аман Токтогулов, Салижан Жигитов, Кадыркул Даутов.

- Эми алар, тилекке каршы, өтүп кетти да. Азыр башка муун...

- Азыр бирин-экин бар. Үмүт Култаева, Ризван Исмаилова жазып жүрөт. Тың адабиятчылар десем болот. Лайли Үкүбаева, Эсенбай Нурушев бар. Аскар Медетов полемика материалдарын көп жазып жүрөт. Сын жоголуп кеткен жок.

- Доор алмашкан мезгилде каражаттын айынан өксүдүк деп жатпайбызбы. Бир кесиптешим: “Биздин арабызда Нуралы Капаровдой байлар дагы бар турбайбы. Ошол үчүн жакшы чыгармаларды жаратып жатат да”, - деп айтып калды...

- Акча адамга эркиндик алып келет. Көп нерсеге байланбайсың. Бирок байлык өнөр же бакыт алып келбейт. Мен андай деле бай эмесмин. 90-жылдарда бир казак бизнесмен жигитке жолугуп калдым. Келинчеги биздин эле университетти бүткөн, журналист. Акчаны кантип табууну ошол жигит үйрөтүп, капиталымдын пайдубалын түзүп берген. Ишкер, гезиттин редактору дагы болдум. Өз каражатыма “Бишкек Таймс” деген гезит чыгардым. Мурун “Журналист кантип акча тапсын” деп өөн угулчу. Ал зарыл нерсе.

- Ошол баскычтан өтүп, нукура адабиятка келип калганыңызга канча убакыт болду?

- Тынбай окуп жүрдүм. Биринчи окурман болуш керек. Формаңды жоготпойсуң. Окуган чыгармаң мээңде айланып жүрө берет. Кийин ага жараша өзүңдүн идеяларың пайда болот. Турмуш таасирлерин, көрүнүштөрүн байкайсың. Анан “Ушуларды жазсам” деген ой кетет. Бир убакыт, учур келгенде отуруп алып жазасың.

Жазуучулук – жүрөктөгү нерсе. Элдин турмушуна аралашканда, турмуштук таасирлерди, тагдырдын оош-кыйышын көргөндөн кийин көкүрөгүңдө эмне болсо, ошол көтөрүлүп, төгүлгөндө жазасың.

- Ошондой көтөрүлүп, жан дүйнөңүздөн чыккан китептериңиздин бири, 2021-жылы чыккан ыр китебиңиз - “Адашкандар”. Андан бери чыга элек болсо, керек? Бул китебиңиз доордун энциклопедиясы, таржымалы сыяктуудай сезилет. Советтер Союзундагы заман, эгемендиктен берки 30 жылдагы кыргыз көргөн азап-тозок, жетишкен ийгиликтеринин баарын ушул китептен тапсак болот экен. Ошондон улам “Адашкандар” деп атаган экенсиз. Эл, айыл, шаар адашты, маданият, адабият адашты. Адашуулар токтодубу? Адашкандар жолун таптыбы?

- Мен китепке ат коё албайм. Поэмамдын эле атынан коёюнчу дедим. Анан ойлондум. “Жүк” деген өзүм жөнүндө ыр бар. “Адашкандар” деген туура болуп жатат. Өзүм адашканым жөнүндө жазып жатпаймынбы. Ичинде башкалардын адашканы дагы жүрбөйбү. Азыр доор чалды-куйду болуп аябай адашпадыкпы. Адашып, тумчугуп жатпайбызбы дедим. “Белгисиз маршрут” тасмасындагыдай доордон доорго көчкөндө, туура багытыңды таппай, адашат экенсиң. Бөлөк жерге келип түшкөндөй болдук. Чындыгына, ушул китептеги ырлар менин каныман чыккан. Эмнени сезип, түшүнсөм, ошону бергенге аракет кылдым. Атүгүл толук айтылбай калыптыр. Мурдагыдан калган, кийин жазган ырларымды кошуп китепти кайра чыгарганы жатам.

Акын чалды-куйду нерселерди жаза бербеши керек экен. Бизден мурунку муундагы мыкты акындар бар: Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Жалил Садыков, Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов, Алыкул Осмонов, Байдылда Сарногоев. Мен сыйлаган, урматтаган көп акындар бар. Кээ бирин эстебесем кечиришсин. Аларды күнөөлөгөнгө болбойт. Эки-үч жылда бир китеп чыгарып турушчу. Ага калем акы алышчу. Мыкты ырлары менен кошо мыкты эмес ырларды деле жаза беришиптир. Калем акысы чоң болот деп калыңыраак китептерди чыгарышчу. Анан жакшы ырларын табыш үчүн баарын окуп отурушуң керек экен. Ырларың аз, бирок мыкты ырлар болсун. Маржан ырлар деп гүлдестедей, кичинекей ыр китебиң болсо, болду. Ошондой эле чыгарып койгон оң экен. Есениндин том-том ырлары деле жок. Ошого жараша начар ыры да жок.

Турар Кожомбердиевдин “От өчпөгөн коломто” деген китебинде бир дагы жаман ыры жок. Арасында чала иштелип калгандары болушу мүмкүн. Алыкул Осмоновдуку аралаш. Мыкты поэмалары, ырлары бар. Жөнөкөй, жөн салды ырлары да бар. Жолон Мамытовдун алгачкы ыр китептеринин бирөө дагы начар эмес. Жакшы, маржан ырлар. Салижан Жигитовдун “Жылдар жаңырыгы” – аябай мыкты, бирок кичинекей эле китеп. Поэмалары дагы, ырлары дагы мыкты. Ыр канчалык сейрек жазылса, ошончолук ыйык. Токтосун Самудиновдун жыйнактарын алып көрөлү. Пародиябы, лирикабы, балдар ырларыбы – бири да начар эмес. Өзү дагы аябай тыкан, таланттуу, мыкты жазган киши. Ыр жазууда жөн эле санын көбөйтүп, китеп чыгара берүү – жаман адат. Саны ошончолук эле керек болсо, жаза беришсин. Бирок аябай жакшы ырларды тандап чыгарыш керек.

Табылды Муканов деген мыкты акын болчу. “Каректеги жер” деген мыкты ыр китеби чыккан. Ошонун ичинде бир дагы начар ыры жок. Анан көзү өтүп кетти. Ырларын үй-бүлөсү чогултуп, толугу менен калың жыйнактарын чыгарды. Окуп жатып аябай капа болдум. Кээ бир ырларын кийин жазам же биринчи вариантын жазып, кийин иштеп чыгам деген окшойт. Табылдынын көзү тирүү болгондо кээ бир ырларын жыйнакка кошмок эмес. Ошон үчүн акын жазып жатканда алешем ырлары болсо дароо эле өрттөп салганы оң окшойт. Көзү өтүп кеткенден кийин үй-бүлөсүнө ар бир сүйлөмү ыйык көрүнөт да.

“Салижан Жигитовдун эмгектерин чыгарбасак адабият өксүйт”

- Салижан Жигитовдун мурастары азыр аябай эле талаш болуп жатпайбы. Качан, ким чыгарат? Кызы дагы өтүп кетти. Артында эч ким калган жок. Сегиз томдугу чыкпай турат дешти эле. Сиз жакын, санаалаш адамы катары кабарын билесизби?

- Ошону ойлонуп жатабыз. Салижан аке өзү жети томдук китеп даярдап жатканын айтты эле. “Электрондук вариантын даярдап койдум. Өзүм ылайыктуу деген нерселерди киргизип атам”, - деп ооруп жатканда айткан.

Разак Сайдилканов деген мыкты ишкер жигит бар, кесиби түрколог. Эсенбай Нурушев – мыкты адабиятчы, публицист, котормочу. Токтосун Самудинов - мыкты акын. Ушул адамдар жана өзүм Салижан Жигитов акенин ини достору болчубуз. Бир учурда ар кандай себептерден улам томдуктары чыкпай келген экен. Ошону колго алып, өзүбүз эле чыгаралы дедик. “Ырлары жана котормолору” деген китебин даярдадык. Азыр эки томдугу даяр. Бир томун буйруса, чыгарабыз.

Салижан акенин уулу үч жолу үйлөнгөн. Биринчи келинчегинен небере кызы, экинчи келинчегинен дагы бир кызы, үчүнчү келинчегинен бир уул, бир кызы бар экен. Чыгармаларын чыгарганга, калем акысына кийлигишкенге, коргой турган юридикалык жактан мураскор болот го. Ошол кимиси мураскор болот, кандай кылат - ушул жагы эле кармап турат. Сүйлөшүп, бул маселени дагы чечебиз. Келишим түзүп, каржыны чыгарып, китепти баспасак болбойт. Анын публицистикасы, прозасы, ырлары, поэмалары, илимий эмгектери мыкты. Баспай жоготсок, кыргыз адабиятында өксүк болот. Ошон үчүн колго алып жатабыз. Токтосун байке баш сөзүн мыкты жазыптыр.

- Ошондо Салижан агай даярдаган жети томдук колуңарга тийдиби?

- “Улуу тоолордун” кожоюну Жумадин Кадыровдо бар экен. Карап, таанышып көрдүм. Туура эле экен, баары кириптир. Котормодон Антуан-Сент-Экзюперинин “Кичинекей ханзаадасы” кошулуптур. Мустай Карим, Пушкин, Назым Хикметтин “Мажнун менен Лейласы” дагы кириптир. Өзүнүн лирикалары, поэмалары баары бар экен. Бир сыйра окуп чыктым.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG