Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Мурзапар Үсөндүн өрүктүү өрөөндө калган изи


Мурзапар Үсөн.
Мурзапар Үсөн.

Ушул жылдын 22-январында белгилүү сүрөткер, көп түрдүү өнөр ээси Мурзапар Үсөн актыкка моюн сунду. Баткендин Кара-Булак айылында төрөлүп, ошол жерде өмүр кечирген жазуучу ондон ашуун роман, повесть, драмалык чыгармаларды жараткан, Муз-Булак чыгармачылык коругун негиздеп, ал жерди туристтик жайга айланткан.

Муз-Булак икаясы

Мындан бир топ жыл мурун өрүкзарлуу Баткенге иш менен барып кайтарда Кара-Булак айылын аралай өтүп капчыгайдын бир колотун ээлеген Мурзапар акенин ажайып Муз-Булагын, бийик кырдагы Жазуучулар үйүн, анан ал кишинин бетон таштан, өрүк жыгачтан эрикпей жасаган айкелдерин көрүп ыраазы болуп кайтканбыз. Ушунчалык жөнөкөй, Кара-Булак менен Муз-Булак тууралуу кызык аңгемелерин айтып отурса күндүн чыкканы менен батканын аңдабай деле калчудайсың, тарыхтын тээ тереңде катылган кызык окуяларды куюлуштуруп айтып отурууну өзү да жактырарын байкагам. Тарыхка кызыгуусу арткан сүрөткер совет заманынан келаткан аты-жөнүнө дагы бир ысым улап жаза баштаган. Анын себеп-жөнүн өзү минтип чечмелеген:

“Себеби мен Баткен районунун Кара-Булак кыштагынын тургунумун. Кыштагымдын үч миң жылдык тарыхынын бардыгын кечээ жакында орус археолог тарыхчылары далилдеп беришпедиби. Ошол окумуштуу тарыхчыларга миң алкышымды айтаар элем. Ошон үчүн жазуучу Мурзапар Үсөн Күмүшкент калаасына жакын турган Мэрвана кыштагынан экен деп билсеңиз болот.

Ваалейкум, вассалам жолугушканга чейин деп туралы”.

Кийинки жолугушуулар ал кишинин артында калган эмгектери, каламынан жаралган чыгармалары менен өтөт. Убакыт арылаган сайын бийик тоо арасындагы ажайып бак, аны көрүүгө алыстан арзып келгендердин кызыгуусу артып, кызык дүйнөгө баш баккан окурман Мурзапар Үсөн ал-Мерванинин жазгандарын издөөгө киришет. Мурзапар акенин тарыхка кызыгуусу айылынан башталып, улам тереңге кетип соңунда айкөл Манаска барып такалган.

“Көп жылдардан бери ушу Баткендин төгөрөк белинде байыркы шаарлардын бири болсо керек деп, Төрт-Күл суу сактагычынын ордун жөндөн-жөн “Төрт-Күл” деп айтылбастыр деп ойлой берчүмүн,- деп дагы бир сырын ортого салат. - Себеби кыргыз тилинин жандырма этимологиясында Төрт-Күл деген сөз шаардын урандысы дегенди туюндурат эмеспи. Бул бир, ал эми экинчи бир далил ошо көл этегинде Зындандын бели деген дөңсөлүү жер бар, демек шаар болгондон кийин анын зындандуу түрмөсү болгондугунан кабар берип турбайбы.

Оо, замандар бүктөмүндө калган тарых чындыгына чалыкпаган эмгектери менен жол ачып белгисиздикти белгилүү кылышкан орус археолог тарыхчыларына миң алкыш дейсиң. А биздин бир билгенибиз эл оозунда уламаланып айтылып келинген эпостогу Манас баатыр аркы чет Бежинде(Кашкарда) жунгар калмактарынан жарат алып аны Каныкей душман билбесинге алып ортоңку Бежин (Төрт-Күлгө) жашырып акыры баатыр о дүйнө салганда Кара-Тоонун Кара-Куш Кана ашуусунан ары Бургулчак жайлоосунун Кара-Горум аскасына жашыргандыгы айтылат. Аны мен “Кан Манастын бейитин издеп” даректүү повестимде төкпөй-чачпай айтып бергем”.

Андай даректүү, көркөм баяндарды Мурзапар аке көп жазган. Жазуучу, бедизчи, адабият менен көөнө тарыхка кызыккан улуу талант бул жалганды таштап кеткенде маалымат каражаттарынын текши баары анын чыгармаларынын толук эмес тизмесин жарыя кылышты. Мына алары:

"Мурзапар Үсөн Баткен районунун Кара-Булак айылында "Муз булак" коругун негиздеген. Табиятка жакын, таланттуу инсан болгон. Жазуучу Мурзапар Үсөн Баткен районунун Кара-Булак айылында 1948-жылы туулган. Кыргызстан жазуучулар кошунунун мүчөсү. Бир нече романдардын, повесттердин, драмалардын автору. Романдары: “Ааламдар алкагында”, “Сакылар жери”, “Менин философиям”, “Тайгак кечүү”, “Сырттан”, “Ыйык Валентин”, “Газават”, “Бөрүлөр”, “Дөң китеп”, “Райкомдун аялы”, “Данакер”. Повесттери: “Кан Манастын бейитин издеп”, “Өрүктүү өрөөндө”. Драмалык чыгармалары: “Кызыл топу”, “Бөрү уюк”, “Акылкарачач” (трагедия), “Жетимдер жетилгенде” (трагико-комедия), “Жетөөнүн бири” ж.б.”

Ал киши өзү азыркы жаштар, өзгөчө жаш балдар китеп окубай калганын, көркөм адабияттын доору бүтүп баратканын көп айтчу. Кыйла мээнет, эмгек менен жараткандары окурмандардын колунан түшпөгөн китеби болбой жатканына, андагы кызыктуу маалыматтардан жаңы муундун көбү бейдарек калып жатканына ичи чыкпай, алдагыдай бүтүм чыгарган окшобойбу. Жаңы муунду билимге тартуу, тарых менен көркөм сөз берметтерин аң-сезимине куюу аракети натыйжасыз болуп жатканын, тестиерлер менен өспүрүмдөр кызыктуу китеп окугуча компютер менен менен телефонду чукулап убакты-саатын уурдатып жатканын өкүнүч менен белгилеген.

“Азаттыктын” кабарчысы Сабыр Абдымомуновго курган маегинде, өткөн кылымда билимге суусаган кыргыз балдары эңсегенине жетиш үчүн кандай кыйын жолдорду басып өткөнүн Үч-Коргондогу жетим балдар үйүнүн мисалында көрсөткөнүн айтып берген.

"Согуш мезгилинде райондун биринчи катчысы канмайданга кетип анын аялы оор кыйынчылыкты моюнга алып балдарды тарбиялап, билим берген. Кыйын кезең, айрым балдар каза болуп калса башка балдар көрүп калбасын деп түн ичинде арабакеч менен барып сөөктү жерлеп келгендиги жөнүндө эшиткен элем. Ушул көкүрөгүмдө калган. Андан кийин Күмүш эне деген ошол балдар үйүнүн ашпозчусунун алты баласы согушка кетип кайтпай калган экен. Бир гана небереси менен калыптыр. Муну мен каяктан эшиттим? Районубуздун “Кызыл Туу” гезитинин редактору мага ушуну айтып берген. “Биздин айылдан Күмүш деген кемпирдин алты уулу согушка кетип кайтпай калды. Бечара алты уулун күтүп жүрүп токсон жети жашка келип өлөрүндө дагы жол карап келип, анан үзүлгөн” деп айткан. Анан ушундан улам роман жаралып отурат".

Кара-Булак айлынын жогору жагындагы капчыгайдын кире беришиндеги Мурзапар акенин Муз-Булагы кантип ал кишинин ээлигине тийип калышы да кызык окуя экен. Айтымда район менен облус чоңдору белгилүү чыгармачыл инсандарга жер берүүнү чечишет. Түз жерден суулуу талаанын кайсы жерин көрсөтөр экен деп келген райондук өкүлдү жазуучу тоо ичине алып кирип, какыраган таштуу жерди көрсөтөт. Тигил ишенип-ишенбей жетекчисине айтса, анысы “жазуучулар журту саал апенди чалыш болорун” ырастап кагазга кол коюп берген экен. Ошол жерди дүпүйгөн бак-шактуу кооз жерге айлантууга Мурзапар Үсөндүн жыйырма жыл ашуун эмгеги кеткен. Эңгезер аска ташты түшүрбөй көтөрүп турган алптардын айкели, айкөл Манастын чоролору менен эстелиги, жыпарын чачкан гүлдөр, асманга бой керген тал-терек, карагай-арчалар, анан да Мурзапар акенин небереси чукулап ойноп жаткан жерден чыгып калган булактын суусу акчу кыя арыктын боюндагы жапайы бадамдар эрикпей жасай турган болсо бир адамдын колунан оголе көп иштер келерин айгинелеп, ушу тапта Баткендин Айгүл тоосу сыяктуу эле аягы үзүлбөгөн туристтер менен саякатчылардын сөзсүз көрүп өтчү ажайып жайына айланган.

Капчыгай оозундагы айыл

Кара-Булак капчыгайы акыйкатта да ажайып жер экен. Анын төрүндөгү кенен жайыктын этегиндеги эки-үч адамдын кучагы жеткис байтүп чынар теректин алдынан оргуп чыккан булак, арыта керилип жаткан көк тиреген аскалар, үстүнөн үзүктөй булут кетпеген ак мөңгү чокулар айланага өзгөчө кооздукту берип турат. Мурзапар аке эмнеликтен түздө жайгашкан айылында көп отурбай, коктудагы “жазуучулук үйүнө” дамамат каттап турушунун бир сыры ушунда болсо керек. Баткенди саратандын ысыгы куйкалап жатканда бул жерде салкын шамал ойноп, тоо суусунун боюнда Мурзапар акенин коругу, жапжашыл болуп Муз-Булагы турат. Ал жерди мээнеткеч жазуучу азыркы кооздугуна жеткиргенче канча суу агып, канча убакыт колдон суурулду экен?! Сүрөткер менен табияттын жуурулушуп кеткен, бири экинчисин толуктап турган жерден Мурзапар аке түбөлүк жайын тапты.

Баткендин ар бир ташы, жери тарых, көк челген Алтын-Бешик тоосу баштап өткөндүн үн катпас күбөсү. Аны жазуучунун өзү минтип түшүндүргөн:

“Менин максат-муратымдын жөнү Гунн доорунун жер ортосу Астын Даван жергесиндеги Гунндардын алардан таркаган кырк уруу Гуздардын дагы бир учурда отурукташкан шаар, кыштактары, гүлдөгөн маданияты болгон дегенди дагы бир жолу окурман журтчулугуна бекемирек түшүндүрүп, "кыргыз" деген этноним сөз тээ байыртадан эле “кыргыз” деп аталбаганын, ал сөз кырк уруу гуздардын бир түндүккө баш кошкон курманынан акыры кырк уруу гуз, кырк гуз, акыры тыбыштык жагынан кошулуп "кыргыз" деген этноним пайда болуп баягы кырк уруунун бардыгы кыргыз болуп жатпайбы. Манастагы кырк уруунун каны же Манастагы кырк уруунан кырк жигиттин куралышы, кан зайыптарынын кырк нөкөр күтүшү, бардыгы келип кырк урууга такалып жатпайбы.

Анан Гунндардын Гуздарынан деле ат үстүндө жоокерчилик менен эле жүрбөй маданиятынын гүлдөгөндүгү жер астынан кен казып алуу, металл эритүү өнөрлөрү алардын калтырып кеткен Канигунн үңкүрү (Гунндардын кени), Ак тумшук металл эритип алуу дүкөнү, айтор мезгилинде биз баасына жетпеген тарыхый жайларды жакында орус археолог тарыхчылары "Серебрянный город" - [Күмүш шаар – Ред.] деген табылгалуу ачылыштарын интернет аркылуу элге жар салышты го. Ага менин тарыхый көз караштагы далилдерим төп келип ачылбай жаткан тарыхый маалыматтардын далайынын жүзү ачылып, али алдыда дагы да табылгалуу ачылыштар күтүп жаткандай”.

Мурзапар Үсөн тарыхы тереңге кеткен Баткендин көркөм ачылышы жасала электигине, ажайып жерде жашаган жөнөкөй мээнеткеч адамдын өзгөчөлүү жашоо ыңгайы, баарынан да ширелүү тили аз-аздан унутулуп баратканына жаны кейип, аны адабиятта, тил таануу жаатында түшүндүрмө сөздүк катары түзүп, сактап калууну ойлонгон. Жазуучунун жакын досу, каламдашы Аскар Ражабалиевдин эскерүүсү:

"Бул Кыргызстандын башка жерлеринен айырмаланган ичкилик кыргыздарынын тилиндеги өзгөчөлүктү байкап, бул тил адабий тилде сүйлөнбөй калса, жаштарыбыз билбей калса, азыркы жаштар сүйлөбөй калса “өлүк тилге” айланып кетет, муну киргизип калыш керек, сактап калыш керек, кийинки муундар, кийинки жаштар салакасын билип пайдаланса деп, түштүк кыргыздардын, ичкилик кыргыздардын сөздүгүн баштады. Муну ал бир топ иликтеди, өкүнөрлүк жери, аягына чыкай калды. Бирок ар бир тармак боюнча биртоп ишин бүтүргөн, баштап койгон. Кийинки иликтөөчүлөр улантат".

Аскар Ражабалиев ичкилик кыргыздарынын турмуш салтындагы, кулк-мүнөзүндөгү өзгөчөлүктү чагылдырган тилдик байлык буга чейин көркөм адабиятта чагылдырылбаганын, Мурза Гапаровдун чыгармаларында говордук өзгөчөлүк жазылганын, анын салтын Мурзапар Үсөн мыкты улантканын, кыргыз адабиятында кыйла жылдар “ак барак” катары актай калып келген кенемтени кадыресе толтурган жазуучу экенин белгиледи.

Ал өзү көп кырдуу талант эле. Ташка элес түшүргөн скульптор, жыгачты сүйлөткөн айкелчи, боёкко жан киргизген сүрөтчү эле. Мунусу кийинки жаштарга таасир көрсөтүп артынан таланттуу жаштар чыкканын, эми алар Мурзапар Үсөн демилгелеген ишти улантып, ичкилик кыргыздардын тилин, салт-санаасын, тарыхын терең изилдерине ишенерин билдирди.

Мурзапар Үсөн улут адабиятына 60- 70-жылдары аралашкан каламдаштарынын жазгандарын, алардын адабий процесске келиши “жанар тоодой” жалындап чыкканын, “ошо жылдары гезит, журнал, китептерде жарык көргөн чыгармалардын ширин, ширин даамдары азырга дейре оозумда, каармандардын карапайым элестери көкүрөгүмдө. Кайра-кайра окугандан азыр деле тажабаймын, китеп текчемдин көркү, жан дүйнөмдүн асылы да ошолор. Өмүр бою ошо жазуучулардын карапайым жөнөкөй каармандары менен кошо жашап, ошолордун жан дүйнөсүнөн каниет ала эртеңкиме үмүттүү караймын. Жалгыздыкта калсам алар менен эргип отуруп сүйлөшөм, дартташам. Ошондой өлбөс каармандарды жараткан кара сөз чеберлерине өмүр бою карызмын деп өзүмдү милдеттүүдөй сезип келем.

Дүйнөдө канчалаган кара сөз чеберлери өтсө, бул мен сөз кылчу жазуучулар эч кимисине теңегис өзгөчө”, экенин белгилеп көркөм дүйнөгө баш багышына шыкакчы болгон каламдаштарын бийик ызаат менен эскерген. Каргадай бала кезинен сөзгө жакын чоңойгонун мисалга тарткан.

Ал өзү жалгыз көркөм адабият эмес, кызыктуу өнөрдүн көп салаасында күчүн сынаган жазуучу эле, өмүрүн жаратмандыкка арнаган кызыктуу сүрөткер, жакшы адам эле. Өкүнүчкө 75 жашында бул жарыкчылыкты таштап кетти. Эми анын кийинки өмүрүн артында калтырган адабий мурасы, жараткан чыгармалары улайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG