Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Элдик касиетти, кыргыз демин жазган акын


Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев.

Байдылда Сарногоев - бүтүндөй калайык-калкка ысымы белгилүү, ырлары элге сиңген акын эле. Көзү тирүү болгондо ал быйыл 90 жашка чыкмак. Анын “Мидинге кат”, “Ашуудан берген отчетум” өңдүү чыгармалары, ырлары эл ичинде жатка айтылып, ырдалып, куйкум сөздөрү, журүм-туруму ылакап болуп ооздон оозго өтүп келет.

"Болжоп туруп коюп алгам датасын..."

Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө,
Мезгил өтүп калп, чыктымбы элүүгө.
Айтор, билбейм, атам-энем өлбөсө,
Айтып бермек менин жашым жөнүндө.

Кайсы жылы, кайсы айда төрөлгөм,
— Билбеймин дейт, сурап көрсөм жеңемден.
Кайдан билсин, мен оозанып жатканда,
Он бештеги келин экен кедейген.

Не болсо да, жашсыз адам болобу…
Мен өзүмдү байкап көрүп оболу,
Болжоп туруп коюп алгам датасын,
Же төмөндүр, же кеткендир жогору, -
деп жазган экен акын элүү жашка толгондо.

Акындын жубайы Зина Сарногоеванын кайсы бир эскерүүсүндө, жолдошунун чыныгы туулган жылын 1928-жыл деп айтканы бар.

Анын маалыматына караганда, ата-энесинен эрте ажырап калган акынга убагында күбөлүк алып берген киши жок, кийин паспортуна болжол менен эле 1932-жыл деп жазылып калган.

Ырлары тоо суусундай шар, окуганда окурмандын көңүлүн сергиткен куунак саптарды жараткан Байдылда Сарногоев чыгармачылыкты оозана баштаганда төкмөлүк өнөргө да шыктуу болгон экен. 1946-жылы Таластагы өнөрпоздордун облустук кароосунда эл алдына комуз менен:

"Көк-Арык менин мектебим,
Көп акын болуп кетпедим.
Ойнотуп кызыл тилимди,
Осмонкулга жетпедим,
— деп жамактатып ырдап чыкканын акындын чыгармачылыгына терең анализ жасаган адабий сынчы, маркум Кадыркул Даутов эскерген.

“Мына ушинтип, бала талапкер, али жазуучу акын эмне экени капарына көп түшө элек, аларчылап окуп бергидей ыр жазууга өтө элек, профессионал поэзиянын өкүлдөрү Аалы Токомбаевдей же Алыкул Осмоновдой акын болсом деп көксөбөй, Осмонкулдай ырчы болсом деп самап, ошого камынып, жан дүйнөсүндө төкмө ырчылыктын уюткусу түптөнүп, өзөк байлап калган кезинде Фрунзеге келип, жазуучу, акындардын чөйрөсүнө кирет. Эми түшүнө ыр кирип, ойгонсо оозуна ыр келип, дилгирленип турган өспүрүм Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбеков менен аралашып, ошолор жараткан профессионал поэзияны жата калып окуп, ошолордой акын болууга ниет кылат”, - деп жазган белгилүү адабий сынчы.

Москва шаарындагы Максим Горький атындагы адабий институт - постсоветтик өлкөдөгү калемгерлер үчүн XX кылымда куттуу уяга айланып, кимдир бирөөнүн жетпеген кыялы болгон. Сарногоев аталган окуу жайды 1956-жылы аяктаган.

"Москвадагы Адабият институтунда беш жыл окуду. Акын ошол жерден орус адабияты, Европа адабияты, дегеле дүйнөлүк адабият менен кеңири таанышып, адабий билим алып келди. Бирок ал башка бир эксперименттик кадамдарга барып, улуттук кыртыштан ажыраган жок. Негизгиси улуттук ыр форманын мыкты үлгүлөрүн профессионал адабиятка жууруп, Сарногоевдин өзүнө гана таандык стилди калыптандырды", - дейт Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков.

Белгилүү адабий сынчы, академик Абдыганы Эркебаев Байдылда Сарногоев өңдүү талантка эгедер инсандар көзү өтсө да унутулбайт деди:

“Байдылда Сарногоев өзгөчө касиетке ээ, залкар акындардын бири. Анын башкы өзгөчөлүгү өзүнүн бүткүл тулку бою, жан дүйнөсү менен кыргыз элинин рухун, каада-салтын, тарыхын боюна сиңирип, ошону даңазалаган. Муну көптөгөн ырларынан байкайбыз. Экинчиден, ал ырды ойкутуп-кайкытпастан, формасын сындырбастан кыргыздын салттуу ыр формасында жазган. Бирок анын жөнөкөй, жалпак, жатык тил менен жазган ырларында жумшак юмор менен катар эле тереңдик да бар. Ушул жагынан алганда ал башка элдин айрым улуу акындарына жакын. Буга француз акыны Пьер де Ронсар, шотланд акыны Роберт Бёрнсту мисал келтирем. Анан да Байдыкенин дагы бир жакшы сапаты ал өз доорундагы билимдүү кишилерден болгон. Кыргыз тарыхын, оозеки сөз өнөрүн мыкты билген".

Патриотизмди даңазалаган акын

Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны, -
деген акындын мекен, эл-жер, аял, сүйүү тууралуу ырлары кыргыз поэзиясын байыткан. Бийик идеализм, патриотизм Байдылда Сарногоевдин эң күчтүү жактарынын бири.

Улутун даңазалаган акындын жогоруда кеп болгон Райкан-Мидин мектеби тууралуу окумуштуу Осмонакун Ибраимов мындайча эскерди:

“ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхында Байдылда Сарногоевдин өзүнө гана таандык орду бар. Тереңирээк анализдей келсек, ал - Райкан-Мидин мектеби деп аталган абдан бир маанилүү адабий агымдын барандуу өкүлү. Бул мектеп - элдик поэзиянын салт-санаалары менен каны-жаны бирге мектеп, кандайдыр бир элитардык эмес, нака массалык адабий агым. Ошону менен бирге Мидин, Райкан, Байдылданын ырларынын негизги белгиси же тереңдеги маңызы – жайдары лиризм, чыныгы кыргыздык, элдик касиет, кыргыздык “жыт”, дух. Анан, албетте, ар бир саптан көрүнүп же сезилип турган автордун өзү, автордун образы, адам катары индивидуализми. Бул ыр - чыныгы элдик акындын, мекенчил акындын ыры. Чыныгы кыргыздын ыры. Ошол касиети үчүн Байдылда акын жогоруда айтылган Мидин, Райкан, Жоомарт деген улуу ысымдар менен бир катарга турууга толук акысы бар".

Байдылда акындын уулу Бактияр Сарногоев атасы тууралуу мындайча эскерди:

“Атабыздын эл арасында кадыр-баркы өтө чоң. Буга апабыздын салымы да өтө зор. Алар бизди ар качан намыстуу, билимдүү, маданияттуу болууга чакырып, улутуңарды, мекениңерди сүйүп, сыйлагыла деп тарбия беришкен. Атам өзү да "кыргызымды, Ала-Тоодой болгон ак калпагымды даңазалоодон эч качан тажабайм" деп айтчу эле.

"Кыргызым бүтпөс ырымсың,
Кыярбас кызыл туумсуң.
Сан жагың чакан болсо да,
Сапатың менен улуусуң",
- деген ырын ар качан туу тутуп сыймык менен айтып жүрөм.

Байдылда Сарногоев үй-бүлөсү менен.
Байдылда Сарногоев үй-бүлөсү менен.

Эл акыны Кыялбек Урманбетов Сарногоевдин юмор коштолгон саптары аны башкалардын айырмалап турчу эле дейт:

"Байдыкемдин ырын бала кезден суктанып окучубуз. Ошол көңүлгө жагымдуу, куйкум саптар шөкөттөгөн ырлары менен чоңойдук да. Азыр кудайга шүгүр, элибизде көп эле акын бар. Алардын ичинен элди ойлонтуп-толгонтуп жазгандары да арбын. Азыр ушул доордо окурмандарды ыйлатып жазуу да оңой. Буга да мүмкүнчүлүк бар. Бирок элди күлдүрүп жазууга өзгөчө талант керек. Байдыкемди ушул сапаты көпчүлүктөн айырмалап турчу да”.

Акын жөнүндө алты ооз сөз

Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине карата быйыл Талас шаарында эстелиги орнотулду. 18-ноябрда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында белгиленди, бир топ маданий программалар уюштурулду.

  • Байдылда Сарогоевдин "Ак чыны", "Кыргызымдын жигиттери", "Жаштарга", "Дилбар", "Жылкычы бозой", "Жайдын бир түнү", "Музыка", "Кызыл гүл", "От койгун махабаттын милтесине", "Кайсы сенин терезең", "Биз калдык" баштаган алтымыштай ырына музыка жазылган.
  • Байдылда Сарногоев 1932-жылы Талас районунун Кара-Ой айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.
  • Акындын алгачкы поэтикалык жыйнагы "Шумкар" деген ат менен 1952-жылы жарык көргөн. 1986-жылы "Ашуудан берген отчетум" аттуу поэтикалык жыйнагы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкка татыктуу болгон. 1991-жылы ага “Кыргыз Республикасынын Эл акыны" ардактуу наамы берилген.
  • Ал эми 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Байдылда Сарногоевге Казакстандын эл аралык "Алтын көпүрө" сыйлыгы ыйгарылса, 2000-жылы "Байдылда" аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 2002-жылы "I даражадагы Манас" ордени менен сыйланган.
  • Узакка созулган оорудан улам 2004-жылы 19-ноябрда 72 жаш курагында дүйнөдөн өткөн акындын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG