Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Таласта эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды


Эл аралык айтышты уткан Акматбек Султан уулу жана маданият министри Азамат Жаманкулов.
Эл аралык айтышты уткан Акматбек Султан уулу жана маданият министри Азамат Жаманкулов.

Таласта Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган акындардын эл аралык айтышы 16-майда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Байге фонду 1 млн. сомду түзгөн айтыштын тандоо туруна Кыргызстандан 42, Казакстандан үч акын катышып, алардын 16сы өткөн. Анын ичинен сегиз акын кийинки турга тандалып алынып, калган сегизине 25 миң сомдон тапшырылды.

16-майда сегиз акындын арасынан төртөө байгелүү орундарды ээлеп, калган төртөөнө 35 миң сомдон ыйгарылды. Баш байгени Акматбек Султан уулу жеңип, ага 200 миң сомдук акчалай сыйлык берилди. 1-орунду ээлеген Темирбек Матыбаев 150 миң сом, 2-орунду алган Абдылда Нуралиевге 100 миң сом, 3-орунду ээлеген казак акыны Нурлыбек Курмановго 50 миң сом ыйгарылды.

Эл аралык айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Талас облустук акимчилиги, Улуттук “Манас” театры жана “Айтыш” коомдук фонду уюштурган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG