Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Кожошев пара алууга шек саналган кеңешчисин кызматтан алганын айтты


Арзыбек Кожошев
Арзыбек Кожошев

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев пара алууга шек саналып кармалган кеңешчисин кызматтан алганын билдирди. Бул тууралуу ал 16-майда Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

“УКМК тарабынан 2022-жылдын 14-майында кармалган жаран мага өткөн айда, тагыраагы 26-апрель күнү кеңешчи болуп дайындалган. Кызматка дайындоо учурунда жогоруда белгилеп кеткенимдей ал тууралуу терс маалыматтар жок болчу. Болгон окуяны эске алып, аны кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алдым”, - деп жазды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси пара алууга шек саналып кармалганын 16-майда кабарлаган.

Мекеменин маалыматына ылайык, шектүү 2016-жылы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны жетектеген. Ошол кезде эшектерди Кытайга алып чыгууга уруксат алып берүүнү убада кылып, жабырлануучудан 70 миң доллар алган. Бирок чет элдик ишкерге уруксат документтерин да, акчасын да кайтарып берген эмес.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен иликтенип жатат. Шектүүнүн аты-жөнү ачык айтылган жок жана ал тараптан комментарий боло элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG