Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Грузияда оппозициядагы таанымал журналист түрмөгө кесилди


Журналист Ника Гварамия.
Журналист Ника Гварамия.

Грузияда оппозициядагы таанымал журналист Ника Гварамия 3,5 жылга түрмөгө кесилди. 16-майда Тбилиси шаардык соту журналистти "акчанын изин жашырды" деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, 16 300 доллар айып пул да салды. Бирок судья журналистти "акчаны адалдоо", "паракорчулук" жана "документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча актады.

Бул кылмыш иши Гварамия 2019-жылы "Рустави 2" телеканалын жетектеп турган учурду камтыйт. Журналисттин тарапташтары соттун өкүмүн жана айыптарды саясий куугунтук катары сыпаттап жатышат.

"Ишиңди жакшы кылдың!", - деп кыйкырды Гварамия соттун өкүмү жарыялангандан кийин.

Transparency International уюмунун Грузиядагы өкүлчүлүгү Гварамиянын соттолушун айыптап, грузин бийлиги андан журналисттик ишмердиги үчүн өч алып жатканын билдирди.

45 жаштагы Ника Гварамия 2019-жылдын 18-июлунда кызматтан кеткен. Ошол эле күнү узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин Европанын адам укуктары боюнча соту ошол кезде оппозициянын үнүн жеткирип турган "Рустави 2" телеканалынын мурдагы кожоюндарынын бири, ишкер Кибар Халвашиге өткөрүп берген. Андан көп өтпөй Гварамия «Мтавари архи» жаңы оппозициялык телеканал түптөп, андан бери бул маалымат каражатын жетектеп келет.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун "Дүйнөдөгү пресса эркиндиги" боюнча быйылкы баяндамасында Грузия 180 өлкөнүн ичинен 89-орунду алды. 2019-жылы бул өлкө 60-сапта болчу.

XS
SM
MD
LG