Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Германия Кыргызстандын 14 миллион евро карызын кечет


Кыргызстан менен Германиянын туулары.
Кыргызстан менен Германиянын туулары.

Германия Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын кечкени жатат. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков 16-майда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, Кыргызстан үч жылдын ичинде бюджеттен ушул суммадагы каражатты аз камсыз болгон адамдарга ипотекалык насыя үчүн бериши керек. Коюлган талапка ылайык, ипотекалык насыя Бишкек менен Ош шаарларынан башка аймактарда жашагандарга берилиши зарыл. Ошондо Кыргызстандын Германияга болгон 14 миллион 900 миң евро карызы жоюлат.

“14 миллион 900 миң еврону Германияга 2028-жылга чейин төлөшүбүз керек болчу. 2022-жылы Германияга карызды төлөө үчүн 2 миллион 700 миң евро каралган. Биз бул каражатка кошумча 1 миллион 300 миң евро таап, ипотекалык насыя үчүн беребиз”, - деди Руслан Татиков.

Министрлер кабинети менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы карызды конверция кылуу макулдашуусу комитетте колдоо тапты.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карата 5 миллиард 120 миллион долларга жакындады. Анын ичинен ички карыз 817,31 миллион доллар, тышкы карыз 4 миллиард 301,84 миллион доллар. (BTo)

XS
SM
MD
LG