Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:00

Түркмөнстандын ооруканаларында "дресс-код" киргизилүүдө


Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддагы ооруканалардын бири.
Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддагы ооруканалардын бири.

Түркмөнстандын ооруканаларында бейтаптардан салттуу стилдеги кийимдерди кийип жүрүү талап кылынууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлагандай, жаңы эреже бейтапканага жаткырылган бардык түркмөнстандыктарга тиешелүү.

Басылманын маалыматына караганда, бир нече облустук мекемелерде дарыланып жаткан аялдардан кенен көйнөк кийүүнү, жоолук салынууну талап кылышкан. Көйнөк кенен, узун, жеңи чыканактан төмөн жана кебезден токулган кездемеден болууга тийиш.

Ооруканага түшкөн эркектер пахтадан токулган ак түстөгү, жеңи чолок футболка жана кара түстөгү түркмөн шымдарын кийип жүрүүгө милдеттендирилди. Бейтаптар бул кийимдерди өздөрү ала келиши керек.

Түркмөнстандын медициналык мекемелериндеги өз булактар эгер жаңы бейтаптардын кийими талапка жооп бербесе, алар ооруканага жаткырылбай турганын кабарлашты. Бейтапканада мурдатан бери дарыланып жаткандарга жаңы кийим алып келүү үчүн эки күн убакыт берилди. Ооруканалардын биринде жаңы "дресс-коддун" киргизилишин Саламаттык сактоо министрлигинин текшерүүсү менен түшүндүрүштү. Башка бир мекемедегилер бул бийликтин буйругу экенин айтышты.

Түркмөнстанда мартта бийликке мурдагы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухамедовдун келгенден кийин түркмөн жарандарынын, айрыкча аялдардын тышкы келбетин көзөмөлдөө күчөдү.

Жакында өлкөдө айрым косметикалык операцияларга, маселен төштүн пластикасына же татуажга тыюу салынган. Көчөдө жасалма тырмак жана кирпик чаптап алгандарды кармоо учурлары көбөйгөнү кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG