Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

УКМК: Аткезчилик үчүн чек арачыга пара берген адам кармалды


Шектүү пара катары берген акча.
Шектүү пара катары берген акча.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Ноокат районунун тургуну чек арачыга пара берүүгө шек саналып кармалганын билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 12-майда Кадамжай шаарында Өзбекстандан 25 тонна минералдык жер семирткичти аткезчилик жол менен алып келаткан айдоочу кармалган. Жүктүн ээси Ноокат районунун тургуну болгон.

Пара берди деп айыпталып жаткан адам жүк аткезчилик менен алынып келатканын моюнуна алып, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн чек арачыга пара сунуштаган. Ал 12-майда Чек ара кызматынын кызматкерине 200 миң сом берип жатканда кармалган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси менен иликтенип жатат.

УКМКга караштуу Чек ара кызматы кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик тыйылбай жатканын кабарлаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG