Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Чек ара кызматы аткезчилик тыйылбай жатканын маалымдады


Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 1-10-май аралыгында Баткен облусундагы кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасынан 20 аткезчилик аракети токтотулганын билдирди.

Чек ара кызматы калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканына карабастан, аткезчилер аскерлердин талаптарын этибарга албай, курал колдонууга аргасыз болгон учурлар катталганын белгилейт.

Мындан тышкары бир эле жаран бир нече жолу мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган учурлар бар.

Аткезчилер Тажикстандан Кыргызстанга жашылча-жемиштерди алып кирүүгө аракет кылышса, Кыргызстандан Тажикстанга өсүмдүк майы, ун, күрүч, ар кандай түрдөгү суусундуктар, ошондой эле ири көлөмдөгү минералдык жер семирткичтерди өткөрүү аракети болгон.

5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл өкмөтүндөгү Дөбө-Коргон деген жерде Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык үч жаранга курал колдонуп, үчөө тең ооруканада каза тапкан.
Алар Ала-Бука районунда жашаган бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан. 48 жаштагы Икрамжан Ахмаджанов жана анын 22 жана 24 жаштагы уулдары Жасурбек менен Жавланбектин сөөктөрү 6-майда жерге берилди.

Өзбекстандын чек ара өкүлүнүн маалыматына караганда, кыргыз жарандары чек арадан мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди алып өтүүгө катышканы аныкталган. Кармоого аракет жасалганда алар өзбек аскерлерине таш ыргытып, Кыргызстандын аймагына сүйрөп өтүүгө аракет жасашкан. Өзбек чек арачыларынан версиясында аскерлер айласыздан күч колдонгону айтылат. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG