Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Грузин юстиция министри Саакашвилини жалпы ооруканага которууну сунуш кылды


Саакашвилини колдоо акциясы. Тбилиси, 10-май 2022-жыл
Саакашвилини колдоо акциясы. Тбилиси, 10-май 2022-жыл

Грузиянын юстиция министри Рати Брегадзе мурдагы президент Михаил Саакашвилини дарылануу үчүн түрмөдөгү эмес, жалпы ооруканага которууну сунуш кылды.

“Жоопкерчиликтүү мамлекет катары биз ар бир кишинин саламаттыгын жана өмүрүн эске алышыбыз керек. Камакта отурган башка кишилердей эле, оорусунун өтүшүп кетишин алдын алуу үчүн Саакашвилини "Вивамед" клиникасына которууну сунуш кылабыз. Ал жактан текшерүүдөн өтүп, зарыл болсо дарыланат”, - деп министр 10-майда айтты.

Ушул эле күнү Тбилиси шаарынын соту экс-президенттин сотун анын саламаттыгына байланыштуу башка күнгө жылдырууну чечти. Саясатчыга көз боёмочулук үчүн күнөө тагылууда.

54 жаштагы Саакашвилинин жакындары жана колдоочулары бийликтен анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүнү өтүнгөн.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган мурдагы президент былтыр 1-октябрда мекенине кайтып келгенде кармалган. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде 6 жылга сыртынан кесилген. Саясатчы сот ишинин артында саясий кызыкчылык бар деп эсептейт.

Саакашвили ошондой эле 2007-жылы өкмөткө каршы демонстрацияны күч менен таркатуу буйругун берген, чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда. Бул дооматтарды да ал четке кагып келет.

Экс-президенттин дарыгерлери жана тарапташтары ал ачкачылык жарыялагандан кийин ден соолугу кескин начарлаганын айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG