Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Бишкекте шамалдан сынган бак автоунааны басып калды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Борбор калаанын Курманжан датка жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, алдында токтоп турган автоунааны басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, машинеде киши болгон эмес, жабыркагандар жок.

ӨКМ 10-майда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору тууралуу шашылыш кабар тараткан.

29-мартта Чүйдө Ысык-Көлдөн семинардан келе жаткан Бишкек жана Ош шаарынын депутаттары отурган кичиавтобуска катуу шамалдан сынган бак кулаган. Эч ким жабыркаган эмес.

Былтыр күзүндө Таласта катуу шамалдан эки терек кулап, бир адам каза болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG