Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Орусияда Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларда кеминде 125 киши кармалды


“Өлбөс полктун” жүрүшү. Санкт-Петербург шаары, 9-май, 2022-жыл (Иллюстрациялык сүрөт)
“Өлбөс полктун” жүрүшү. Санкт-Петербург шаары, 9-май, 2022-жыл (Иллюстрациялык сүрөт)

9-майда Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларда Орусияда полиция бери дегенде 125 кишини кармап кетти. Бул тууралуу укук коргоочу "ОВД-Инфо" долбоору кабарлады. Алардын 80ден ашууну согушка каршы акция, пикет жана символика үчүн кармалган.

Москвада бир кишини согушка каршы пикирин айткандарга момпосуй тараткан жеринен кармап кетишти. Аны менен бирге ошол маалда интервью алып жаткан SOTA басылмасынын журналистин да полиция участогуна жеткиришкен.

Борбор калаада, Санкт-Петербург, Казань, Оренбург жана башка жерлерде “Өлбөс полктун” жүрүшүнө согушка каршы плакаттар менен келген ондогон киши кармалды.

"ОВД-Инфо" маалымдагандай, айрымдарынын үстүнөн орус армиясын дискредитациялоо тууралуу протокол түзүштү.

Андан тышкары кеминде 37 киши Москва метросунда адамдын жүзүн таануу системасынын жардамы менен кармалды.

XS
SM
MD
LG