Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Исманкуловдун клиникасынын алдында үч күндөн бери пикеттер өтүүдө


Алмазбек Исманкулов.
Алмазбек Исманкулов.

«Алмазбек Исманкуловдун көздүн микрохирургиясы клиникасынын» алдында бүгүн 10-майда да пикет уюштурулду. Он чакты аял үч күндөн бери клиниканын алдына барып имаратты жана клиниканын жабдыгын мамлекетке өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын, бүгүн аларга милиция чакырууга туура келгенин “Азаттыкка” оорукананын өкүлдөрү билдиришти.

Алардын айтымында, бул акциялар мыйзамсыз, себеби мэрияга алдын ала маалымат берилиши керек болчу жана саламаттык сактоо мекемесинин тегерегиндеги 100 метр аралыкта митинг-пикет өткөрүү мыйзамсыз деп эсептелет.

Ошондой эле алар клиниканын жабдыгы менчик мүлк экенин, Кыргызстанда бирөөнүн менчиги мыйзам менен корголорун, ал эми имарат ансыз да мамлекетке таандык экенин белгилеп, пикетчилердин талабын орунсуз деп атап жатышат.

Клиниканын тегерегиндеги чуу быйыл жазында башталган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев имаратты бошотууну талап кылган.

Исманкулов Бишкектеги №6 оорукананын бир корпусун 25 жылдан бери ижара шартында пайдаланып келет. Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи жарымынын акчасы мэриянын өтүнүчү боюнча алдын ала төлөнгөн.

Быйыл март айынын башында мэрия келишимди бир тараптуу бузган. Исманкулов бул үчүн мэрияны сотко берген. Алгачкы сот отуруму ушул айдын соңуна белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG