Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Маркум Арон Атабектин кызы атасын актоого чакырды


Арон Атабек. 2021-жыл
Арон Атабек. 2021-жыл

Казакстандык акын, диссидент Арон Атабектин кызы атасын реабилитациялоого чакырып, онлайн петиция менен кайрылды. Маркум “Шаңырык иши” боюнча 18 жылга эркинен ажыратылган.

Алма Нутушева атасы 2006-жылы Алматынын четиндеги Шаңырык айылындагы жапырт баш аламандыкка жок жерден айыпталган, түрмөдөгү ырайымсыз мамиледен улам ден соолугунан ажыраган деп эсептейт.

“Арон Атабек көз жумгандан кийин да мамлекеттик органдардын өкүлдөрү атамдын өлүмүн так билүүгө тоскоолдук түзүп жатышат”, - деп жазды Нутушева.

Петицияда ал президент Касым-Жомарт Токаевди Шаңырык окуяларын кайра карап чыгууга, Атабекти саясий репрессиянын курмандыгы деп таанууга жана аны актоого үндөдү.

Маркум 15 жыл темир тор артында отургандан кийин калган мөөнөтүн пробациялык көзөмөлгө алмаштырышкан. Акын күнөөсүн четке кагып, эрте кое берүү же өкүмүн жумшартууну сураган эмес.

68 жаштагы Атабек оор дартка кабылган деп былтыр күздө бошотулган. Эки айдан кийин, 24-ноябрда көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG