Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Казакстанга жиберилген аскерлердин маянасы жакын арада төлөнөрү айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандагы Январь окуялары учурунда тынчтык орнотуучу катары жөнөтүлгөн кыргызстандык аскерлерге тийиштүү маянасы жакын арада төлөнүп берилет. Бул тууралуу 10-майда “Азаттык” радиосуна президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Жоокерлердин өкүлдөрү президентке кайрылуу жолдоп, күжүрмөн тапшырма үчүн бекитилген эмгек акысын ала албай жатканын "Азаттыкка" билдиришкен. Алардын Жапаровго жолдогон кайрылуусунда:

"Урматтуу президент, сиздин буйругуңуздун негизинде 7-январь күнү Казакстандын Алматы шаарына күжүрмөн тапшырма менен барып, 15-январда аман-эсен кайтып келдик. Бирок ошол күжүрмөн тапшырма үчүн маянабызды ала албай жатабыз. Сураштырсак, Каржы министрлигинде чечиле элек дешти. Бизге иш сапар же күжүрмөн тапшырма үчүн эмгек акыбызды төлөп берүүсүнө колдоо көрсөтүп коюуңузду суранабыз" ,-деп жазылган.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстан 7-январда Алматыга 150 жоокерин жөнөткөн жана алар аталган шаардагы стратегиялык объектилердин бири болгон Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарышкан.

Жалпысынан ЖККУнун 2 миңден ашуун жоокери 250 аскер техника менен барган.

Казакстанда газдын баасын төмөндөтүү талабы менен башталган тынч митингдер кийин башаламандыкка айланып, кан төгүлгөн. Бийлик өлкөгө террордук чабуул жасалганын айтып, ЖККУдан жардам сураган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG