Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Дача СУ окуясын иликтөөчү комиссия түзүлө элек


Дача-Судагы үйгө кулаган учактын сыныгы. Чүй облусу. 16-январь, 2017-жыл.
Дача-Судагы үйгө кулаган учактын сыныгы. Чүй облусу. 16-январь, 2017-жыл.

Дача СУдагы 39 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгын иликтөө боюнча коомдук комиссиянын курамы аныктала элек. Бул тууралуу президенттин администрациясынын өкүлү Мурат Укушов журналисттерге 10-майда билдирди.

Анын айтымында, комиссия жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралат жана анын курамын мамлекет башчы Садыр Жапаров жарлыгы менен бекитет.

Президент Садыр Жапаров Дача-Судагы учак кырсыгы боюнча кошумча иликтөө болорун, ал үчүн коомдук комиссия түзүүнү тапшырганын 8-майда билдирген. Мамлекет башчы Фейсбуктагы баракчасына комиссиянын курамына активдүү жарандар, иликтөөчү журналисттер, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөр дагы чакырыларын жазган.

"Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз", -деп белгилеген Жапаров.

Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушунда мындан туура беш жыл мурун, 16-январда учак кыйраган.

Анда Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Каргашада 39 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза болгон.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, кийинчерээк токтотулган.

2021-жылдын декабрь айында президенттин администрациясы мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алар жыйынтыкталуу алдында турганын кабарлаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG