Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:48

Садыр Жапаров эки айдан кийин элге "Кумтөр" боюнча маалымат берилерин айтты


Кумтөр.
Кумтөр.

"Кумтөр" алтын кениндеги соңку бир жыл ичиндеги ишмердүүлүк боюнча маалымат жалпы элге эки айдан кийин берилет. Бул тууралуу бүгүн 10-майда президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысы социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына Эсеп палатасына "Кумтөрдүн" бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берилгенин жазып, “Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет” деди.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган.

Садыр Жапаров 4-апрелде элге кайрылуу жасап, “Центерра” менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын, Кыргызстан андагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартарын жарыялаган жана мындан ары "Кумтөр Голд Компанинин" 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин билдирген.

"Бириккен демократиялык кыймыл" оппозициялык бирикмеси 13-апрелде Бишкекте жыйын куруп, бийликти бул келишимден баш тартууга чакырган жана аны менен өлкө экологиялык чыгымдарды өзүнө алганын утулуш деп атаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-мартта “Тышкы башкаруу киргизилгенде Кумтөрдүн эсебинде болгону 48 миң доллар болсо, жылдын аягында 220 миллион доллар таза киреше менен чыкты” деп билдирген.

Коомчулукта Кыргызстан Кумтөрдү өз колуна алгандан бери канча киреше таап, өкмөт ошол акчаны кандай бөлүштүрүп жатканы тууралуу ачык маалымат жок деген сын-пикир айтылып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG