Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Кыргыз-казак чек арасындагы көмүскө схемалар


Акжол өткөрмө бекети.
Акжол өткөрмө бекети.

Казакстан кайрадан кыргыз-казак чек арасынан өткөн кыргызстандык жүк ташуучу унааларга көзөмөлдү күчөткөнү жатат.

Кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) жүк өткөрүүдө кыргыз тараптан көмүскө схема болуп жатканын моюнга алды. Эки жумага жетпеген аралыкта текшерүүнүн күчөтүлүшүнө эмне себеп болду?

7-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучу автоунааларды өткөрүү боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Кожошев буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз тарап ташылган жүк үчүн электрондук эсеп-фактурасы жок транспорт каражаттарын өткөрбөшү керектигин айтты.

Өз кезегинде казак тарап Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө транзит менен бара жаткан жүк ташуучу автоунааларды текшербейт.

Арзыбек Кожошев.
Арзыбек Кожошев.

“Көмүскө схема деген – электрондук эсеп-фактурасын көрсөтүп өтүп жаткан айрым жүк ташуучу унаалардын ичиндеги товар менен айырма болуп жатат. Биз Казакстан тарапка документи жок өткөрбөйбүз деп сүйлөшкөнбүз, ошону көмүскө схема менен иштегендер жокко чыгарып салды. Абийирсиз ишкерлердин айынан ак иштеген ишкерлер жабыр тартууда. Азыр ыкчам топ, оперативдик штаб түздүк. Биз эми текшеребиз. Салык кызматкерлери, милиция карап туруп өткөрөбүз”.

Арзыбек Кожошев “көмүскө” схемаларды жок кылуу үчүн өкмөт болгон күч-аракетин жумшай турганын айтты. Бирок ал схемаларды кимдер калкалап жатканы тууралуу суроого жооп берген жок.

Бир айга жетпеген убакыт мурда Бишкек менен Нур-Султан Казакстан тарап электрондук эсеп-фактурасын текшербейт деген чечимге келген. Кыргыз тарап автоунааларды документи жок чыгарбайт деген милдеттенме алган.

28-апрелде Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу автоунаадан Беларустун 1 миллиондон ашуун жасалма акциздик маркасы табылган. Ушул эле машинадан 2 миңден ашуун декларацияланбаган товар алынганы кабарланган.

Май айы жаңырганда Казакстандын мамлекеттик киреше комитети “Кыргызстандын айрым абийирсиз ишкерлери бул макулдашууну бетке кармап, Казакстанга аткезчилик жүктөрдү жашыруун схема менен киргизип жатат” деп маалымдаган.

“Ишкерлердин мындай схемалары ЕАЭБдеги өнөктөш өлкөлөрдүн бюджетине зыянын тийгизүүдө, ушундан улам көзөмөлдү күчөтөбүз”, - деген казак тарап.

“Дордой” комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева мындай жагдайдын жаралышына логистикалык компанияларды айыптады.

Дамира Дөөлөталиева.
Дамира Дөөлөталиева.

“Көбүнчө ишкерлер эмес, жүктү жеткирген компаниялар документтерин туура толтурбай зыян келтирип жатат. Ишкерлерге эч кандай тиешеси жок. Абийирсиз логистикалык компаниялар, айдоочулардын айынан. Транзиттик жүктү дагы туура эмес толтуруп жатат. Казак тарап кайсы автоунааңарды текшербейли, туура эмес чыгып жатат дешүүдө. Мен өкмөттү коргогум келген жок, бирок "туура толтургула дагы таза өткүлө" деп жатпайбы".

Өткөн айда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги пайда болгон.

Бишкек "Казакстан жүк ташууда Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатат" деп айыптаган.

24-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары - соода жана интеграция министри Бахыт Султанов чек арадагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда жолуккан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бул сүйлөшүүдөн кийин өткөрмө жайларында кезек күтүү азайганын кабарлаган.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын президенти Темирбек Шабданалиев электрондук эсеп-фактурада жазылган товар менен автоунаадагы товардын эки бөлөк болуп жатканына логистикалык компаниялар гана эмес, ишкерлер дагы күнөөлүү деп эсептейт.

Темирбек Шабданалиев.
Темирбек Шабданалиев.

“Ортомчу фирма эмес жүктүн кожоюндары дагы уюштурат го. Эки тараптын тең кызыкчылыгы бар. Жүк ээлери унчукпай отурбайбы. Болбосо кассалык аппаратка каршы митингге чыгып, чыр-чатак кылат эле да. Эмнеге чыкпайт, анткени күнөөлүү. Мен өкмөттүн кеңешмесинде товар жүктөлүп жаткан жерден текшерип, мөөр басып анан жөнөтөлү деп сунуш кылгам. Казакстан дагы ага катышуусу керек. Ошондо чек арада ал автоунааны эч ким токтотпойт”.

8-майда Салык кызматы ЕАЭБ өлкөрүнө товар чыгарып жаткан субъекттер экспорттоодон мурун электрондук эсеп-фактураны берүүгө милдеттүү экенин дагы бир ирет эскертти. Эгер автоунаадагы жүктүн эсеп-фактурасы жок болсо жүк ташуучу унаа мобилдик топ тарабынан айып унаа токтотуучу жайга жөнөтүлөт.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев Кыргызстанда аткезчилик, көмүскө схемалардын иштеп жатканы мурда деле айтылып келгенин, бул көрүнүш ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөргө тиешелүү көрүнүш болуп калганын белгиледи.

Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

“Бажы биримдигинин үстүндө түзүлгөн ЕАЭБдин эрежелери так, ачык эмес. Ички мамилелери так жазылган келишим менен эмес, талаш-тартыш менен чечилет. Кыргызстандын жүк ташуучуларына Казакстандын дагы, Орусиянын дагы кылган мамилеси түшүнүксүз. Аткезчилик, коррупциялык схемалар биздин өлкөдө гана эмес, аларда дагы эселеп көп болуп жатканы белгилүү. Бул биздин экономика элдин же парламент алдында ачык-айкын иш жүргүзбөгөнүнөн. Мунун бардыгы элдин кызыкчылыгына каршы”.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу автоунаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Мурдагы жылдарда мындай узун кезектер эки өлкөнүн талаш-тартышына жол ачып, эксперттер бул көрүнүштү “соода согушу” деп атап келген.

Талаштуу маселелер Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен учурлар болгон. Эки өлкө тең өз аймактарында товарларды эркин өткөрүү макулдашылган Евразия экономикалык биримдигине мүчө.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG