Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Өкмөт кыргыз-казак чек арасында “көмүскө схемалар” бар экенин билдирди


Кыргыз-казак чек арасындагы  "Ак Тилек" өткөрмө бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы  "Ак Тилек" өткөрмө бекети.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу унаалардын эркин жүрүүсүн камсыздоо боюнча 7-майда ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жолугушууда Арзыбек Кожошев буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз тарап ташылган жүк үчүн электрондук эсеп-фактурасы жок транспорт каражаттарын өткөрбөшү керектигин айтты. Өз кезегинде казак тарап Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө транзит менен бара жаткан жүк ташуучу унааларды текшербейт.

Бир айга жетпеген убакыт мурда Бишкек менен Нур-Султан Казакстан тарап электрондук эсеп-фактурасын текшербейт деген чечимге келишкен. Кыргыз тарап унааларды документи жок чыгарбайт деген милдеттеме алган.

Бирок май айы жаңырганда Казакстандын мамлекеттик киреше комитети «Кыргызстандын айрым абийирсиз ишкерлери бул макулдашууну бетке кармап, Казакстанга аткезчилик жүктөрдү жашыруун схема менен киргизип жатат» деп маалымдаган.

“Ишкерлердин мындай схемалары ЕАЭБдеги өнөктөш өлкөлөрдүн бюджетине зыянын тийгизүүдө, ушундан улам көзөмөлдү күчөтөбүз”, - деген казак тарап.

Арзыбек Кожошев “көмүскө” схемаларды жок кылуу үчүн өкмөт болгон күч-аракетин жумшарын жыйында белгиледи.

“Бардык жүк ташуучулар абийирсиз экспорттоочулардын айынан жапа чегип жатышат. Эрежелер баарына бирдей, буга жол берилбеши керек. Чек арада товарларды кармап турууга байланышкан бардык жагдайлар боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Экспорттоочуларга электрондук эсеп-фактурасы жок жүрүүгө уруксат берген тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине да чара көрүлөт, - деген Кожошев Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктарын күчөтүү максатында Кыргызстандын фискалдык органына мобилдик топ менен биргеликте жүк ташуучу унааларды текшерүүнү караган токтом кабыл алынганын кабарлады.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Мурдагы жылдарда мындай узун кезектер эки өлкөнүн талаш-тартышына жол ачып, эксперттер бул көрүнүштү “соода согушу” деп атап келген.

Талаштуу маселелер Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен учурлар болгон. Эки өлкө тең өз аймактарында товарларды эркин өткөрүү макулдашылган Евразия экономикалык биримдигине мүчө. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG