Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

"Азовсталь" заводунан 50 тургун көчүрүлдү


Курчоого калган "Азвосталь" заводу.
Курчоого калган "Азвосталь" заводу.

Кечээ, 6-майда Орусиянын армиясы курчап турган Украинанын Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводунан 50 жайкын тургун эвакуацияланды.

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги менен Украинанын вице-премьер министри Ирина Верещук маалымдады.

Жайкын тургундардын эвакуациясын Бириккен Улуттар Уюму менен эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү уюштурду.

Ирина Верещуктун айтымында, орус аскерлери ок атууну токтотуу режимин бузгандыктан, эвакуация жай болуп, 7-майга чейин уланган.

"Азовсталь" заводу Мариуполдогу украиналык аскер күчтөрү ээлеп турган жалгыз жай болууда.

Орусия бийлиги Украин аскерлерин бир нече ирет багынып берүүгө чакырган. Ал арада заводдун аймагы көп жолу соккуга кабылды. Украин күчтөрүнүн маалыматы боюнча, орус аскерлери оор артиллерия, авиациялык чабуулдар менен заводду алуу аракетинде.

Буга чейин Владимир Путиндин буйругу менен завод жөн гана курчоого алынганын орус бийлиги айтып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG