Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

"Бала бакча же медресе?". Ноокендеги жер чатагы


Ноокендеги социалдык шаарчанын курулушу. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Ноокендеги социалдык шаарчанын курулушу. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Жалал-Абад облусунун Ноокен айыл аймагындагы Кызыл-Жылдыз айылында бала бакча курула турган жер талашка түштү. Жеке колго өтүп кеткен бул тилке кийин муниципалдык менчикке кайтарылган. Айылдыктардын бир бөлүгү ал жерге фельдшердик борбор, мечит жана медресе курууну сунуштаса, башкалары бала бакча салуу керек дешет.

Ноокен айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылында талашка түшкөн жер тилкеси бир мезгилде жеке колго өтүп кетип, 2019-жылы сот чечими менен мамлекетке кайтарылган.

Жергиликтүү бийлик ал жерге бала бакча куруу боюнча токтом чыгарып, долбоордук - сметалык кагаздары даярдалган. Ошол эле маалда совет доорунда курулуп, эскилиги жеткен имараттын ордуна ФАП, мечит, медресе куруу үчүн фонддор менен да сүйлөшүү жүргөн.

Социалдык баракчалар аркылуу Таалайбек Мавлянов аттуу тургун билдирүү тараптып, 3-майда бала бакчанын пайдубалын түптөө иши токтоп калганын жазды.

“Бул жерге негизи бала бакча курулушу керек болчу. Бирок эл экиге бөлүнүп жатат. Көпчүлүк бул жерге мечит, медресе курулсун деп жатат. Айрымдары түшүнбөй эле колдоп жатат. Эгер медресе жана мечит курулса, аны кайра бюджеттик мекемеге айлантуу оор да. Бул жерге бала бакча курулмай болуп, долбоору даярдалган. Айыл өкмөт башчыбыз Болот деген жигит эле ушуну туура эмес кылып жатат да”.

Айыл тургундарын араздаштырган чырдан кийин өкмөттүн жерине бала бакча гана салынсын деген жети киши прокуратурага арыз менен кайрылды.

Миңден ашуун калкы бар Кызыл-Жылдызда мектептен башка бир да социалдык объект жок. Айылга бала бакча куруу үчүн каражат да каралган эмес.

Айыл аймактын башчысы Болотбек Календаров бул жер тилкесине ФАП, мечит жана медресе куруу маселеси тургундар менен эки жолу өткөн жыйында чечилгенин айтууда. Анын белгилешинче, бул курулуштар үчүн араб инвесторлору акча бөлүп берүүгө макул болгон.

“Мен ушуну курабыз деп жалгыз чечип салганым жок. Мага айыл тургундары кайрылышты. Эгемендик алгандан бери бул айылга казынанын эсебинен бир да объект курулбаптыр. ФАП керек экен. Арабдардын фонду менен сүйлөшүп калып ушул айылды сунуштадык. Аракет кылып аларды алып келдик. Эл менен эки жолу жыйын өткөрдүк. 20 миллион сомдой каржат бөлмөй болушту. Ичиндеги бардык зарыл шаймандары менен ФАП курулуп, дарыгерлердин штаты да чечилген. Мечит жана медресе да курулат. ФАП жок болгону үчүн эл жол жүрүп башка айылга барып көрүнөт. Азырынча ал айылга бала бакча курууга бюджеттен каражат бөлүү маселесин да чечип бере албайбыз, өзүбүз дотацияда отурабыз. Үч үй-бүлө каршы чыгып, бала бакча долбоору даяр деп жатат. Болсо каякта? Биз көргөн жокпуз. Долбоор болсо да баасын кайра иштеп чыгуу керек. Азыр ушул келип турган каражатты пайдаланып, курулушту жүрүзүп алалы, калганын дагы көрөбүз деп эл менен сүйлөшкөнбүз. Миң кишинин ичинен жети киши каршы чыкканы үчүн ишти токтотуп коё албайбыз да”.

Бала бакчабы же мечит, медресе керекпи деген талаштын айынан Ноокен районунун жетекчилиги айылда жыйын өткөрүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Райондун акими Таалай Ишенбеков айыл жерине бала бакча курууга донор табуу оңой эмес экенин белгиледи. Ал жергиликтүү бюджетте да акча жок экенин айтып, кийин даяр медресени бала бакчага айландырып алса болот деген ойдо.

“Талашка түшкөн жерде мурда колхоздун жумушчулары үчүн курулган имарат болуптур. Жер айыл аймактын эсебине өткөндө бала бакча куралы деп пландашкан экен. Бала бакча курганга акча жок, инвестор чыгып атат медресе, ФАП, мечит кура берели десе, айылдыктар макул болуптур. Инвестиция келип жатканда курулушту баштай беришсин. Жергиликтүү кеңеш бар, эл бар кийин бир чечимге келип, объектилердин багытын өзгөртүп алышса болот. ФАП, медресе бардык шаймандары, ичинде эмеректери менен курулат. Жанында дагы бош жер участогу турат. Балким каражат табылып калса, бала бакчаны да курабыз”.

Кызыл-Жылдыз айылында мектеп жашына чейинки жүздөн ашуун бала бар.

Буга чейин ушул эле аймакка караштуу Киров айылында мурдагы мечиттин имараты мамлекетке кайтырылып, бала бакчага берилген.

Кыргызстанда муниципалдык жердеги курулуштарга байланыштуу чыр-чатактар буга чейин да катталган.

Ушул айда Ош облусундагы Кара-Суу районунун Киров айылына курула турган бала бакчаны мектептин короосуна салуу демилгеси талаш-тартыш жараткан. Айрым ата-энелер бала бакча керектигин айтса, башкалары анын мектептин короосуна салынышына каршы болушкан.

Кыргызстанда 2021-жылы бала бакчага барчу курактагы 400 миңдей бала бар экени айтылган. Өлкөдө 600гө жакын бала бакча жетишпейт. Жети жашка чейинки балдардын 70 пайызы бала бакчаларга тартылган эмес.

Депутат Надира Нарматов март айында Жогорку Кеңештин жыйынында ар бир айылда бирден мечитти калтырып, ашыкча, бош турган мечиттерди бала бакчага өткөрүү сунушун айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG