Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:21

Таштанды талаасы: майнапсыз коротулган миллиондор


Бишкектеги таштанды жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат. 1-апрель, 2022-жыл.
Бишкектеги таштанды жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат. 1-апрель, 2022-жыл.

Күн сайын Бишкекти таштандыдан арылтып турган “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жакында эле “ат тезегин кургатпай” алмаша берген жетекчилигине, түзүлбөгөн шартка, жумуштагы коопсуздук маселесине нааразы болуп иш таштады.

Бир жарым күнгө созулган иш таштоо ансыз да акыр-чикирден арылбаган борбордун көчөлөрү додо болгон таштандыга толуп аны сүрөт-видеого тартып, арызданбаган калаа тургуну калбады окшойт. Ошол эле кезде Бишкектин түндүк тарабындагы 40 жылдан ашык убактан бери акыр-чикир төгүлүп жаткан жайдын абалына көңүл бурган киши жок.

Түтүнгө ышталган конуштар

Бишкектин четиндеги тоодой болуп үйүлгөн таштанды талаасын рекультивация кылуу, жаңы полигон куруу долбоору ушул күнгө чейин ишке аша элек. Бул үчүн 22 млн. евро бөлүнүп, анын көбү коротулганы менен көзгө көрүнөрлүк бир да иш жасалган эмес. Бишкекке кайсы гана мэр келбесин, шаардын эң башкы көйгөйү таштанды маселеси экенин айтып, аны чечүү боюнча кат-кат убада бергени менен азырынча андан майнап чыга элек. Акыр-чикир төгүлгөн таштанды талаасы күнү-түнү, кышы-жайы дебей күйгөнү күйгөн.

Барктабас Мамалаев Бишкектин таштанды талаасына жакын жайгашкан Алтын-Казык жаңы конушунун тургуну. Убагында борбордо өз алдынча жер басып алуулардын шарданы менен пайда болгон конушта азыр карыш жер калбай турак жай салынган.

Эми бийликтин буга чейин басылып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу жараяны менен Алтын-Казыктын жашоочулары да колуна кызыл китеп алабыз деп турушат. Электр жарыгы бар, жолдору көз уялткан асфальт болбосо да түздөлүп шагыл төшөлгөн. Мамалаев “акырындап шарт түзүлгөнү менен таза аба болбосо анын баары бир тыйын экен” дейт.

"Полигондон чыккан жыт шаарга чейин жетет. Биз анын жытын билип деле калганбыз. Шаарга барганымда кадимкидей ушул тааныш жыт жыттанат".

“Түтүндөн улам дем алуу кыйын болуп калды. Мына таштанды полигону азыр да күйүп жатат. Чыгыштан батышты көздөй шамал болгондо түтүн Алтын-Казык, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Озерное, Теңдик конушун, ал эми батыштан чыгышка карай жел болсо Ак-Жар, Дордой конуштарын каптайт. Полигондон чыккан жыт шаарга чейин жетет. Биз анын жытын билип деле калганбыз. Шаарга барганымда кадимкидей ушул тааныш жыт жыттанат. Бул жытты шаар ичинде жашагандар билбейт. Бишкектин борборундагы жыт, түтүндүн көбү так ушул таштанды талаасынан барат. Аны “машинанын түтүнү” деп эле шаардыктар көңүлгө албайт”.

Кыргызстан Бишкектин таштанды көйгөйүн чечүү үчүн Европа Биримдиги менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 22 млн. евро алган.
Кыргызстан Бишкектин таштанды көйгөйүн чечүү үчүн Европа Биримдиги менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 22 млн. евро алган.

Таштанды төгүлүүчү жайдын түтүнү шаарды каптап, ал эми андан чыккан саңырсыган жыт каңылжарды жарат. Бишкек мэриясы эски таштанды полигонун жаап, жаңы жай курабыз деп тил эмизип келатканына көп болду. Алардын убадаларын уга берип, Алтын-Казыктын тургундарынын кулагы бышып бүткөн. Конуштун дагы бир тургуну Асылбек Орокбаев кепке кошулду:

“Мен ушул жерде 2009-жылдан бери жашайм. Ошондон бери “Мына бүтөт, ана бүтөт. Баштап койдук” деп эле келатат. Бир жылдары полигонго машина киргизбей, маселени чечкиле деп жол да тостук. Ошондо эле “Мына бүтүрдүк” деген менен дагы эле жыйынтык жок. “Жок иш жылбай калды” деп такыр айтышпайт. Убада эле берип келатышат”.

Таштанды талаасынын экологияга, адамдардын ден соолугуна тийгизген зыянын айтпаган эколог, полигондун түтүн каптаган аймагын тартпаган журналист калган жок. Ага танапташ жайгашкан конуштардын тургундары маселени чечүү керектигин айтып тили тешилгидей болду.

Ырсалиев: 22 млн. евронун 6 млн. евросу калды

“Тазалык” ишканасы таштанды талаасына Бишкектен күнүнө 250-300 машине таштанды ташып келет. Анын ар биринде эле беш тоннадан акыр-чикир бар деп эсептегенде бул жайга күн сайын 1000-1500 тонна таштанды ташталат. Жеке автоунаасы менен келип таштанды таштагандар эсепке алынган жок.

Кыргызстан Бишкектин таштанды көйгөйүн чечүү үчүн 2013-жылы Европа Биримдиги менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 22 млн. евро алуу жөнүндө келишимге жетишкен. Ал 2015-жылы ратификациядан өтүп, документке ошол кездеги президент кол койгон.

"Полигондо таштандыны түртүп жаткан оор техникалар да биздики эмес. Буларды ижарага алып иштетип жатабыз”

Ага ылайык, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы Бишкектин таштанды талаасына жаңы полигон, таштанды сорттоочу завод курууга жана эски аймакты рекультивация кылууга 11 млн. евро насыя берген. Ушул эле иштер үчүн Евробиримдик да 11 млн. евро грант бөлгөн. Андан бери жети жыл өтсө да таштанды полигонунда көзгө көрүнөрлүк иш жасалган эмес. Бирок 22 млн. евронун 6 миллиону гана калганы белгилүү болду.

Жамалбек Ырсалиев.
Жамалбек Ырсалиев.

“Азыр бизде ошол акчадан калган алты миллион 280 миң евро турат. Бул каражат таштандыны ылгай турган иштерди жасоого эле кетет. Таштандыны иштетүүчү заводду курууга каражат жетпейт. Чынын айтканда, абалыбыз аябай эле оор. Полигондо таштандыны түртүп жаткан оор техникалар да биздики эмес. Буларды ижарага алып иштетип жатабыз”, - деди
Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев.

Каражат кандай коротулду?

Бишкектин таштанды маселесин чечүү үчүн алынган насыя жана грант кандай коротулуп кеткенине сереп салып көрөлү.

2015-жылы “Азияавтоцентр” ишканасы Бишкекке 5623 таштанды урнасын алып келүү боюнча 1 млн. 512 миң еврого жарыяланган тендерди утуп алып, иш 2016-жылы бүткөрүлгөн.

2016-жылы “Алима и Компания” ишканасы 1 млн. 757 миң еврого Бишкектеги 600 таштанды төгүүчү жайды оңдоо жана дагы 839 таштанды жайын жаңы салуу боюнча тендерди утуп алган. Компания бул иштерди 2021-жылдын соңунда эле бүтүрүшү керек болчу. Бирок долбоор аягына чыкпай, ушул күнгө чейин 958 таштанды таштоочу жай гана бүткөрүлдү.

“Мценский завод” жана “Рострейд” компаниялары “Тазалык” ишканасына таштанды ташыган 28 МАЗ автоунаасын алып келүү боюнча 1 млн. 166 миң евролук тендерди утуп, 2017-жылы келишимдеги милдеттерин аткарган. “Тазалыктын” машиналарына GPS системасын орнотууга былтыр 41 миң еврого тендер жарыяланып, бул иш да жарым-жартылай эле ишке ашты.

2017-жылы “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасына 562 миң еврого таштандыны түртө турган эки техника, аны ныктап, таңгактоо үчүн бир техника сатып алынган. Анын бирөө иштетиле элек жатып бузулуп, азыр оңдолуп жатат.

Чет жактан алынган 22 млн. евро насыя менен гранттын көбү Бишкекке жаңы таштанды полигон куруу жана акыр-чикир төгүлгөн эски жайды жабууга бөлүнгөн эле. Ал үчүн 2017-жылы тендер жарыяланып, сынакта эстониялык “Эхитусфирма Ранд и Туулберг” деген компания уткан. Ишкана 7,5 млн. еврого эки жылда азыр түтөп жаткан таштанды талаасынын жанына эле таштанды төгүүчү жаңы полигон салып берип, 1 млн. 600 миң еврого чукул каражатка эски полигонду рекультивация кылмак.

“Эхитусфирма Ранд и Туулберг” ишканасы Бишкектин таштанды полигонун рекультивация кылып жатат.
“Эхитусфирма Ранд и Туулберг” ишканасы Бишкектин таштанды полигонун рекультивация кылып жатат.

Келишим түзүлгөндөн бери беш жыл өтсө да эки долбоордун бири да бүтө элек. Таштанды төгүлүүчү жаңы полигон келишимде белгиленгендей, 2019-жылы бүтмөк түгүл анын курулушу ошол жылы араң башталган.

Эстониялык компаниянын Кыргызстандагы өкүлү Мухтар Зулпукаров иштин жылдап создугуп кетишине кыргыз тарапты айыптап жатат.

"Долбоор негизи эки жылда бүтүш керек болчу. Бирок жер бөлүнбөй калып анын убактысы жылдырылды".

“Жаңы полигон эл аралык талап боюнча жашыл китеп ФИДИКтин негизинде курулат. Полигон түшчү жер бизге убагында берилбей калгандыктан ишти алты айдан кийин гана баштадык. Долбоор негизи эки жылда бүтүшү керек болчу. Бирок жер бөлүнбөй калып анын убактысы жылдырылды. Долбоорду даярдап, техникаларды алып келгенден кийин 2018-жылы чечимдерге кол коюлбай, акча төлөнбөй жумуш дагы тогуз ай токтоп калды. Тогуз айдан кийин гана жумуш улантылды. Бирок 2020-жылы коронавирус пандемиясы болуп президенттин жарлыгы чыгып (ред: өлкөгө өзгөчө абал киргизүү жөнүндө) жумуш үчүнчү жолу токтоп долбоорду ишке ашыруу узарып кетти.

Бүтпөгөн долбоор, миллиондогон доо

“Эхитусфирма Ранд и Туулберг” ишканасы кыргыз тарап жаңы полигондун курулушуна жерди убагында бөлүп бербей ишибиз создукту, бул убакта кызматкерлердин айлыгына, салыкка, ар кандай чыгымдарга акчабыз кетти деп Кыргызстанга 321 миң евро доо коюп, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы аны канаттандырган.

Экинчи жолу акча убагында бөлүнгөн жок, чечимдерге кол кою кечеңдеди деген жүйө менен дагы 427 миң евро, пандемияда ишибиз токтоп чыгым тарттык деп үчүнчү жолу 247 миң евро өндүрүп алган.

Ошентип, “Эхитусфирма Ранд и Туулберг” беш жылда куурай башын сындырбай эле 906 миң еврого чукул каражат өндүрүп алган. Жыйынтыгында, компания үч жылда бир да долбоорун ишке ашырбай туруп Кыргызстандан ошол кездеги курс менен эсептегенде 72 млн. сомдон ашык акча алган. Бул каражат Таштанды долбооруна бөлүнгөн 22 млн. евронун эсебинен төлөнгөн.

Демейде Бишкектин чок ортосундагы майлуу жерлер көп кабаттуу үй, соода борборлорун куруу үчүн жеке колдорго көз ачып-жумганча берилип кеткен фактылар чекеден чыгат. Бирок таштанды талаасына делип ыш басып жаткан аймактан жаңы полигон курууга жер бөлүү эмне себептен кечиккен?

“Бишкек санитардык полигону” боюнча жер тилкеси маселе болду. Аламүдүн районуна караштуу жер болгондуктан маселе чечилбей келген. Андан тышкары эски таштанды полигонунун аянты 2017-жылы 31,9 гектар болчу. Бирок долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө рекультивация боло турган аймак 44,67 гектарга кеңейди. Ошондо биринчи ченелген аймактан азыр таштанды ташталып жаткан аймак чоң болуп кетти”, - деди “Бишкек санитардык полигону” ишканасынын кызматкери, долбоорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдүн жетекчиси Чолпон Кубатбекова.

Бишкектин таштанды полигонунун аянты акыркы 10 жылда эле 12 гектарга кеңейип кетти.
Бишкектин таштанды полигонунун аянты акыркы 10 жылда эле 12 гектарга кеңейип кетти.

Толгон-токой шылтоо менен кечигип башталган таштанды төгүүчү жаңы полигондун курулушу жүрүп жатат. Анын жалпы аянты 27 гектар. Ал эми таштанды төгүлүүчү жер 9 гектарга гана эсептелген. “Эхитусфирма Ранд и Туулберг” бул объектти быйыл бүтүрөбүз деп убада берүүдө. “Эхитусфирма Ранд и Туулберг” ишканасынын прорабы Раатбек Акматбеков курулуш иштери тууралуу айтып берди.

“Эски таштанды полигону жабылгандан кийин таштандыны сорттой турган завод курулат деп пландалган. Аны башка компания курат. Таштанды ылгоочу заводдон чыккан эң эле керексиз делген калдыктар ушул жерге төгүлөт. Таштандынын үстүнөн Тана деген атайын техника менен таптагандан кийин кайра топурак төгүлөт. Ушундай эреже менен иштейт. Ошондо эч нерсе түтөбөйт, жыт да чыкпайт.

Рекультивация иши сынга кабылды

“Эхитусфирма Ранд и Туулберг” 1 млн. 197 миң еврого Бишкектин эски таштанды полигонун рекультивация да кылмак. Келишим 2017-жылы түзүлгөнү менен ал да жаңы таштанды талаасын куруу боюнча иштерге окшоп мөөнөтү узаргандан узарып эле баратат. Тендердеги шарт боюнча компания 33 гектар таштанды талаасын жаап, ал жерди көрктөндүрмөк.

Бирок андан бери рекультивация боло турган таштанды талаасынын аянты 4,43 гектарга кеңейип кетти. Азыркы полигондун жери баш-аягы акыркы 10 жылда эле 12 гектарга кеңейди. Таштанды маселесин чечүү боюнча долбоор канчалык кечиккен сайын, полигондун аянты да чоңоюп баратат.

“Рекультивация боюнча негизи жерди түздөө иштери эле жүрүп жатат. Анткени, бул жерде жашагандар темир издеп, көп жерин казып салышкан да. Жерди түздөп алгандан кийин үстүнө топурак төгүп койдук”, - деди Раатбек Акматбеков.

Бишкектин таштанды полигонунун акыркы 10 жылда кеңейген 12 гектар жерин рекультивация кылыш үчүн кошумча дагы 666 миң евро талап кылынат. Бул долбоордун убагында бүтпөгөнү Кыргызстандын бюджетине кошумча чыгым дегенди түшүндүрөт. “Эхитусфирма Ранд и Туулберг” болсо “Бишкектин санитардык полигону” ишканасында жетекчи тез-тез алмашып иштин ыргагына кедергисин тийгизип жатат деп доомат коюуда.

Бул компаниянын да ишине сын көп. Шаардагы калдык таштоочу жайдын маселесин көтөрүп келаткан журналист Улукбек Карыбек уулу “Эхитусфирма Ранд и Туулберг” рекультивация иштерин көз жумду эле кылып, эреже талаптарды так аткарбай жатканын айтууда.

“Мэриянын билдиришинче бул жер рекультивация болуп атыптыр. Машина менен топуракты ташып келип эле төгүп жатышат. Бул деген шаардыктарды кызылдай алдоо. Рекультивация мындай болбойт. Топурактын алдында таштанды бар. Ал кадимкидей эле газ. Рекультивация деш үчүн биринчи алдына газды тышка чыгарып турган түтүкчөлөр орнотулуш керек эле. Бирок андай болгон жок. Ошондуктан чоң коркунуч бар. Газ эртең жарылса эмне болот? Эптеп акчаны жок кылуунун эле айласы болуп калды. Рекультивация дегенде мунун алдына суу да кирбеш керек. Азыр болсо булар жапкан жерлер жарыла баштаганын айтып атышат”.

Бишкектин таштанды талаасына бөлүнгөн акча кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:48 0:00

Эми 22 млн. евродон калган 6 млн. 280 миң еврого Бишкек мэриясы таштанды ылгоочу фабрика салууну көздөп турат. Ага жакын арада Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен бирге тендер жарыяланат. Сынак качан бүтүп, таштанды сорттоочу завод качан ишке берилери азырынча белгисиз. Каражат даяр туруп жети жылдан бери аягына чыкпай аткан курулуш иштерин эске алганда, бул фабриканын салынар-салынбасы арсар. “Эхитусфирма Ранд и Туулберг” ишканасынын өкүлү Мухтар Зулпукаров жаңы полигон таштанды ылгоочу завод салынган кийин гана ишке берилиши керектигин билдирди.

“Бизге коюлган талап – биз жаңы таштанды полигонун куруп, эскисин жаап туруп мэрияга тапшырып кетишибиз керек. Андан тышкары таштанды ылгоочу завод түшө турган жерди даярдап, коммуникацияларды киргизип беребиз. Тендерден уткан компания биз шарт түзүп кеткен аймакка завод курат. Эгерде шаардан чыгып аткан таштандыны сорттобой туруп эле жаңы салынган таштандыны полигонго төксө, ал жер эки жылда толуп калат. Таштандыны иргеп анан төксө ал 9-10 жылда толот. Демек, жаңы полигонду таштанды ылгоочу завод салынгандан кийин гана иштетип башташ керек".

Бишкектин таштанды маселесин чечүү үчүн алынган 22 млн. евронун кандай колдонулуп жатканын териштирүү үчүн Жогорку Кеңеште убактылуу комиссия түзүлдү. Ал тапта Кыргызстан Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкына 11 млн. евро насыяны үстөк пайызы, анысы аз келгенсип долбоорду убагында ишке ашырбаганы үчүн кошумча айып пулу менен төлөп жатат.

“Насыя 2028-жылга чейин жылына эки жолу төлөнөт. 20-январда жана 20-июлда. Мисалы, “Бишкектин санитардык полигону” быйыл 212 миң евро, “Тазалык” ишканасы 108 миң евро төлөдү. Мунун ичинде эки пайыз жылдык үстөк пайыз жана бөлүнгөн каражатты убагында колдонбогон үчүн 0,5% комиссия алынат. Эгерде карызды төлөөнүн мөөнөтү өтүп кетсе дагы 4% кошулат. Бул насыялык келишимде көрсөтүлгөн”, - деди Чолпон Кубатбекова.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Эсеп палатасынын маалыматына таянып Кыргызстан долбоорду убагында бүтүрбөгөнү үчүн Кыргызстан Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкына 102 миң евро айыпка жыгылганын билдирген.

“Эхитусфирма Ранд и Туулберг” беш жылда Кыргызстандан 906 миң еврого чукул каражат өндүрүп алган.
“Эхитусфирма Ранд и Туулберг” беш жылда Кыргызстандан 906 миң еврого чукул каражат өндүрүп алган.

Козголгон кылмыш иштери

Бишкек шаардык прокуратурасы таштанды полигонуна байланыштуу буга чейин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу, кызматтык милдеттерин так аткарбоо деген негизде баш-аягы беш кылмыш ишин козгогон. Бишкектин прокурорунун орун басары Авазбек Каримов бул иштер боюнча эки адамга айып коюлганын айтты. Бирок алардын аты-жөнүн тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деген жүйө менен атаган жок.

“Эки кылмыш иши боюнча тергөө амалдары бүтүп тиешелүү адамдарга айыбы угузулуп, иш сотко жөнөтүлдү. 6-апрелде дагы бир иш козголуп ал тергелип жатат. Эки иш өндүрүштөн токтотулган. Алардын ичинен бир иш боюнча курулуш жана бухгалтердик экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы чыкса тергөө улантылат. Дагы бирөө боюнча шектүүгө издөө жарыяланган”.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу”, “Коррупция” беренелери менен кылмыш иштерин ачкан.

Анын ичинин бир кылмыш иши 2015-2018-жылдары “Бишкектин санитардык полигону” ишканасын башкарган мурдагы жетекчиге козголгон. Бул жылдары муниципиалдык ишкананы Болот Асаналиев жетектеген. Маалыматка караганда, ал чечимдерге убагында кол койбой койгон деп шек саналууда. Мурдагы жетекчинин бул иштеринен улам Кыргызстан “Эхитусфирмага” кошумча доолор үчүн каражат төлөп берген.

Ал эми издөөдө жүргөн экинчи шектүүнүн аты-жөнү азырынча белгилүү эмес. Прокуратура шектүү 2021-жылы Кыргызстанга келип кеткен деген маалыматтарды алган. Бирок издөөдө жүргөн адам чек арадан кантип тоскоолдуксуз өтүп кайра, чет өлкөгө чыгып кеткени белгисиз

Шаар бийлиги таштанды талаасынын көйгөйүн чече албай жатканда эски полигондо желим-жүлүм, темир-тезек чогултуп, күнүгө 400дөй киши ден соолугун тобокелге салып иштеп жатат. Алардын бири Айбарчын Коёнова:

“Эми айла жоктон иштеп жүрөбүз да. Ден соолугумдан чочулаганда эмне кылат элем? Кудай сактасын. Ушуга чейин ооруп ооруканага деле жата элекмин. Жакшынакай эле иштеп атабыз. Башка эмне кылабыз? Эгерде таштандыны иштетүүчү завод салынып калса, көнүп калган жумушубуз ал жерге деле иштей беребиз. Бизге болгону өз убагында акчасын төлөп берсе болду”.

Талап боюнча полигонго ташылып келген таштанды кайра артка чыгарылбаш керек. Бирок Алтын-Казык кошунунун таштанданды талаасына жакын жайгашкан ар бир үйү өзүнчө желим, темир-тезек жыйноочу жайга айланып, акыр-чикир башаламан чогултулуп жатат. Бишкектеги ооруканалардан чыккан медициналык таштандылар да ушул жайга төгүлгөн учурлар бар.

Бишкекке быйыл февраль айында мэр болуп келген Эмилбек Абдыкадыров таштанды көйгөйүн толук чечиш үчүн таштандыны иштетүүчү завод куруу керектигин айтып жатат. Бирок азырынча реалдуу долбоор сунуштай элек.

Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

“Бул маселени жакын арада чечпесек аягы жаман болушу мүмкүн. Ден соолугубуз коркунучта. Мен бул кызматка келгенден кийин таштанды полигону боюнча ички аудит жүргүздүм. 22 млн. евро өтө көп акча. 15 жылдан бери берилген акчаны убагында иштете албай жатабыз. Бул биздин күнөө. Коротулган ар бир тыйынды эсептетип көрдүм. Мен мурда иштеп кеткен адамдарды жамандагандан алысмын. Бирок бөлүнгөн акчаны жоопкерчиликчиз пайдалануу деп эсептейм. Биз абалды оңдой албай жатсак, ушундай кырдаалга алып келип койгон адамдардын жоопкерчиликсиз мамилеси. Жогорку Кеңештин депутаттары, коомчулук муну ачык талкуулап, ишти алдыга жылдырбасак, маселе чечилбейт.

Бишкекте таштанды маселеси канткенде чечилет?

Бишкекке азыр курулуп жаткан жаңы полигон, таштандыны кайра иштете турган фабрика салынганы менен деле маселе толук чечилип кетпеси белгилүү болуп калды. Себеби, жаңы таштанды полигону ашып кетсе 9 жыл иштетилет. Ушундан улам экологдор көйгөйдү түп-тамырынан чечиш керектигин айтып жатышат. Бишкек мэриясына караштуу Экологиялык кеңештин катчысы Адил Назаров мындай деди:

“Калдыктарды бөлүүнү үйрөнүшүбүз керек. Шаардан желим бөтөлкөлөр, кагаз, темир, айнек таштандылар чыгат. Ошолорду башынан эле бөлүп кетсек көп маселе чечилип калат эле. Буга элди деле үйрөтсө болот”.

Бишкек айрыкча кышкысын дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын катарынан түшпөйт. Экологдор абанын кирдешине автоунаадан чыккан газ, үйлөрдөгү мештерден, Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) жана таштанды полигонунан чыккан түтүн себеп экенин айтып келишет. Улукбек Карыбек уулу шаар бийлиги маселени жакын арада чечерине көзү жетпей турат.

“Мэрияда шаарды бүгүн башкарып тургандай чиновниктер отурганда долбоор ишке ашышы кыйын. Анткени таштанды полигонунан чогултулуп жаткан таштандыдан түшкөн киреше айрым адамдардын чөнтөгүн толтуруп атат. Ошондуктан аларга Бишкекке таштанды иштетүүчү завод курулбай турганы жакшы. Себеби, ал курулуп калса отчёт тыйынына чейин берилип калат”.

Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы башта айтылгандай эле оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып, күн сайын аянты кеңейип баратат.

Бишкектеги таштанды жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эле эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG