Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:27

"Абадагы ыш аэропорттон эле сезилди"


Раян Шмеддиң.

Бишкектин абасында ыш кайра коюулана баштады. Муну АКШдан келген изилдөөчү Раян Шмеддиң да белгилеп, аэропорттон түшкөндөн кийин эле аба начар экенин сезгенин айтып берди. Ал абалды жакшыртууга ар бир адам салым кошсо, бат натыйжа берет деп ишенет.

Раян Шмеддиң - эколог-инженер, Канададагы Макгилл университетинин аспиранты, Түндүк Каролина университетинин магистри. Түндүк Америкада жана Эквадордо булганган абанын элдин саламаттыгына тийгизген таасири тууралуу изилдөөнүн автору.

- Раян мырза, кандай максатта Бишкекке келдиңиз?

- Окумуштуулардын чет өлкөлөр менен кызматташуусу, тажрыйбасы менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында түзүлгөн АКШ өкмөтүнүн атайын программасы бар. Бизге АКШнын Кыргызстандагы элчилиги көмөк көрсөтүп жатат. Мен ошол программа аркылуу келдим. Абанын булганышы адам саламаттыгына кандай таасир тийгизерин изилдеп жүрөм. Мен үчүн бул өтө маанилүү. Андыктан Бишкекте көптөгөн адамдар менен сүйлөштүм. Мамлекеттик мекемелердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолуктум. Эко-активисттер менен пикир алыштым. Кызыктуу маалыматтарды алдым. Бишкек өтө кооз шаар экен. Улам эле карасам жакын эле жерде тоолор да турат. Шаардын архитектурасы да абдан өзгөчө экен.

Бишкек шаары. 29-январь, 2020-жыл.
Бишкек шаары. 29-январь, 2020-жыл.

- Соңку жылдары Бишкекте абанын булганышы баш ооруга айланды. Аны кантип чечүүнүн жолун таба албай убара болуудабыз. Анын үстүнө инфляциялык кризис, баалардын өсүшү абалды ого бетер оорлоштуруп жатат. Борбор Азия аймагында анын ичинде Кыргызстанда абанын булганышы чындыгында чечилбей турган маселеге айландыбы? Сиз башка өлкөлөрдө бизге окшогон жагдайды байкаган жоксузбу?

- Бир чечим жок. Ар бир шаар, ар бир өлкөгө өзүнө тиешелүү чечимдер болот. Мисалы, Африкада мындай нерсе иштептир деп, бирок ошол нерсени Европада жасап көрүшкөндө болбой калган. Ал эми Европанын абдан жакшы чечими Кыргызстанга дал келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир өлкөнү өзүнчө жолун изилдеп, аныктап, ошого жараша кадамдарга баруу зарыл деп ойлойм.

Дагы бир көйгөй - адамдар абанын булгануусун экологиялык аспектиден карашат. Булгануунун түздөн-түз ден соолукка тиешеси бар экенин көрө алышпайт. Мен эки маалымат менен бөлүшүп кетейин. Биринчиси, дүйнө жүзү боюнча абанын булгануусунан жыл сайын бери дегенде 9 миллион адам каза болот. Кыргызстанды алып карасак, 7-10% деп белгиленет. Башкача айтканда, Кыргызстанда каза болгондордун 7-10% абанын булгануусунан деп айтылат. Дүйнө жүзүндөгү 9 миллион деген сан улам кыскарып баратат. Бул деген сиз белгилеген туңгуюк маселени чечүүнүн жакшы жолдору табылып жатканынын мисалы.

Бишкектиктерге айтарым мамлекеттик ири чечимдерди күтпөй эле ар бир адам аракеттенсе, маселен таштандыны өрттөбөгүлө деп суранып кетет элем. Бишкекти изилдеп караганда, көп адамдар таштандыларды күйгүзүп салышат экен. Андан көрө атайын жерлерге алып барып, көмүп салуу туура болмок.

- Бир нече жолугушууларды өткөрдүм дедиңиз. Кыргызстанда абанын булганышын изилдөөлөр жетиштүү экенби? Адамдын ден соолугуна таасири тууралуу изилдөөлөрдү таба алдыңызбы?

- Мен буга чейин мисал катары жалпы кайтыш болгондордун 7-10% абанын булгануусунан деп айтпадымбы. Бул эсептөөлөр Дүйнөлүк саламаттык уюмунун ачык маалыматтарынан алынды. Ал эми Бишкекте АКШ элчилигинде орнотулган атайын монитор абанын булгануу деңгээлин, абадагы майда бөлүкчөлөрдүн, заттардын курамын, өлчөмүн чыгарып бере алат. Бул маалыматтарды так даана көрсөтүп берип турат. Эң негизгиси airnow.gov сайтына кирип Бишкек шаарын тандап, монитордун көрсөткүчтөрүн каалаган адам көрө алат.

- Мен маегибиздин башында сурайм деп унутуп калыпмын. Сиз Бишкекке келгенде абадагы ышты дароо эле сездиңизби? Кандай экен Бишкектин абасы? Сиз шаардын кайсыл районунда токтодуңуз? Дегеним, АКШ элчилиги Бишкектин абасы алда канча таза районунда орун алган. Мисалы, мен Бишкектин эң абасы булганыч делген аймагында жашайм. Мен турган жерде жайында деле кээде ыш каптап турат. Сиз Бишкектин ылдыйкы, абасы булганыч райондоруна да барып көрдүңүзбү?

- Абдан жакшы суроо бердиңиз. Мен Бишкекке таңкы үчтө келдим. Аэропорттон чыгып эле таксиге отурганымда мурдума дароо эле ыш урду. Мен таңкы саат 3тө, эл уктап жаткан мезгилде аба кыйла таза болсо керек деп ойлогонмун. Аэропортто эле абада күйүктүн жытын сездим. Кадимкидей ар кандай заттар учуп жүргөнү сезилет экен. Мен өзүм жөө басканды жакшы көрөм. Бишкекте көчөдө жүргөнүмдө кечээ да, бүгүн да көзүмдөн жаш ага баштады. Бул жакшы эмес. Анан мен көп жөтөлө баштадым. Бул дагы бир көрсөткүч. “Рамада” мейманканасында жашадым. Эгер мен туура баамдасам, бул мейманкана да шаардын ылдый жагына кирет экен. Мен сиз айткан райондорго бара албадым. Бирок шаардын борбордук бөлүгү деле мага жетиштүү болду. Шаардын борборунда абанын булганганы сезилет. Мен абасы тазараак шаардан келгеним үчүн даана сезиплип жаткандыр. Бирок болгону беш күнгө гана келдим.

- Бишкектеги ыштын булагы тууралуу так эсептөөлөр чыга элек. Адистер ЖЭБ, жер тамдардан чыккан түтүндү, машинелердин түтүнүн айтып келишет. Бир четинен энергетикалык кризис деп өкмөт элди кайра сапатсыз отунга түртүп жаткандай.

- Желим же дагы кандайдыр бир синтетикалык нерселерди отун катары пайдалунуу абдан чоң зыянын тийгизет. Менин айтканым таң калычтуу угулса керек, бирок көмүр жагуу желимге караганда кыйла зыянсыз келет. Бирок көмүрдү жагууда өзүнүн эрежелерин, талаптарын колдонуу анын зыянын азайтат. Мисалы, көмүр жагып жатканда аба жакшы кирип турушу шарт. Канчалык аба азыраак кирип, көмүр быкшып күйсө, булгануу да ошончо эсе көп болот. Демек көмүр күйүп жатканда мештин алдынан жел кирип турушу керек.

Булгануу автоунаалардын кесепетинен дегенден алысмын. Мен химикмин. Заттардын алмашуусу, түрдүү булактардын бири-бири менен реакциясын көп изилдегем. Күн тийип турганда булгоочу булактар активдешет. Демек, эгер машиналардан чыккан газды алсак анда жайында көбүрөөк аба булганмак. Автоунаалар негизги себеп боло албайт. Менимче, абадагы ыштын булагы көбүнесе үйлөрдөн чыккан түтүн жана жылуулук электр борбору болууда. Бул Бишкекте жүргүзүлгөн мониторингде да байкалат. Башкача айтканда, абада катуу заттарды көрүүгө болот. Мындай заттар сөзсүз түрдө бир нерсе күйгөндө пайда болот. Автоунаалардан чыккан түтүн негизинен газ абалында болот.

Кышында ыштын пайда болушу муздак аба менен жылуу абанын ортосунда катмардын натыйжасында да келип чыгышын эске алышыбыз керек. Жылуу аба асманга көтөрүлүп, муздап, кайра түшкөндө кыйла тазаланат. Аябай аяздуу күндөрү ылдыйкы жылуу катмар менен үстүңкү муздак абанын ортосунда капкак пайда болуп болот. Абал алмашпай, булганыч аба ылдыйда камалып кала берет. Мындай учурда ар бир адам жарандык жоопкерчиликти өзүнө алышы зарыл.

Мисалы, менин колумда көмүр да бар, ошондой эле желим калдыктар, дөңгөлөк же уулуу синтетикалар да бар. Мен өтө суук күндөрү абаны булгай турган нерселерди күйгүзбөшүм керек. Эгер адамда жалгыз көмүрү гана болсо анын да жакшы күйүүсүнө көңүл буруу зарыл. Мешке жел жакшы кирип туруу маанилүү экенин баарыбыз билсек жакшы. Өзгөчө суук күндөрү мештин астына жел үйлөй турган механизмдерди колдонуу керек экенине ар бир адам маани берсе жакшы болмок.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG